Өкмөт Мамлекеттик ипотекалык компания түптөп, жарандарга узак мөөнөткө жеӊилдетилген насыя берип турак жай менен камсыз кылмакчы. Мамлекеттик кызматтарда иштеген жарандар үчүн каралган бул мүмкүнчүлүктөн кимдер жана кантип пайдалана алышат? Жооптор төмөндө.
Мамлекеттик ипотекалык насыя биринчи болуп кимдерге берилет?
Ипотекалык насыя жашы 21ден ашкан жана кесиби боюнча 3 жылдан кем эмес иштеген, турак жайы жок же турак жайын кеӊейтүүгө муктаж мугалимдерге, медицина жана социалдык кызматкерлерге берилет. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) максаты – мамлекеттеги турак жайга муктаж болгон адамдардын суроо-талабын канааттандыруу.Мамлекеттик мекемелерде иштебеген кызматкерлер мамлекеттик ипотекалык насыя ала алышабы?
Алгачкы этапта бул программага мугалимдер, дарыгерлер жана социалдык кызматкерлердин катмары кирмекчи. Бул биринчи кадам, кийинки кадамдан баштап программанын катышуучуларын кеӊейткенге аракеттер жасалууда.
Ипотекалык насыяны алуу үчүн эмне кылуу керек?Адегенде «Жеткиликтүү турак жай-2015-2020» программасынын алкагында үй алууга ниетиӊиз бардыгын билдирген арыз жазып, жашаган жериӊиз боюнча айыл өкмөтүнө, райондук же шаардык администрацияга бересиз. Буга катар өздүгүӊүздү тактоочу документтерди берүү менен тиешелүү анкета толтурасыз.
Ведомстволор аралык комиссия тарабынан ипотека алуу боюнча талаптарга туура келген талапкерлер аныкталат. Талапкерлердин тизмеси Мамлекеттик ипотекалык компаниянын сайтына жарыяланат. Эгер бул этаптан өтүп, ипотека алуу боюнча талапкерлердин катарына кошулсаӊыз, анда «РСК», «Айыл-Банк» банктарына барып, насыяны төлөп бере ала турганыӊызды тастыктайсыз.Насыя алган адам өзү каалаган үйдү ала алабы?
Насыянын эӊ чоӊ суммасы 3 миллион сомго барып такалат. Насыя алган адам акчасына карап өзүнө жаккан, өзү тандаган үйдү ала алат. Алына турган үйдүн көлөмү көп кабаттуу үйлөрдө 70 чарчы метрден, жер үйдө 150 чарчы метрден ашпоосу керек. Алынган үй банкка күрөө катары коюлат.Үйдү Бишкектен эмес, райондун, облустун борборлорунан же айылдардан алса болобу?
Насыя алуучу кайсы аймакта каттоодо болсо, турак жай ошол аймактан алынат. Эгер жумуш орду башка аймакта болсо, маселен, Бишкекте мамлекеттик кызматта иштеп, бирок каттоосу башка аймакта дейли, анда жаран Бишкектеги мамлекеттик кызматта 3 жылдан кем эмес иштеп келе жаткандыгы тууралуу маалым кат алып барып, борбордон ипотекалык насыя менен үй ала алат.
Ипотекалык насыя берүүчү банкка кандай документтерди даярдап баруу керек?
1. Насыя алуу боюнча арыз (банктын формасы менен).
2. Насыя алуучунун, күрөө коюучунун, кепилдик берүүчүнүн паспортунун көчүрмөсү (текшерүүдөн өткөрүү үчүн документтердин түп нускасы да талап кылынат).
3. Насыя алуучунун, күрөө коюучунун нике күбөлүгүнүн көчүрмөсү (текшерүү үчүн түп нускасы керек).
4. Балдардын паспортторунун же туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүнүн көчүрмөсү.
5. Насыя алуучунун, кепилдик берүүчү адамдын үй-бүлөсүнүн курамы тууралуу жашаган жеринен маалым кат.
6. Эмгек тажрыйбасы, ээлеген кызмат орду жана акыркы 12 айдагы айлыгынын жалпы суммасы камтылган насыя алуучунун, кепилдик берүүчү адамдын иштеген жеринен маалым кат.
7. Насыя алуучунун акыркы үч жылдагы кыймылсыз мүлк боюнча сатуу-сатып алуу келишими жок экенин тастыктаган Мамлекеттик каттоо кызматынан маалым кат.
8. Кошумча кирешелер бар экенин тастыктаган документ.Баштапкы төлөм канча болот?
Баштапкы төлөм үйдүн баасынын 10 пайызынан башталат. Бирок бул учурда насыянын үстөк пайызы 14 пайыз болот. Эгер баштапкы төлөм 20 пайызды түзсө, үстөк пайыз 13 пайыз, ал эми баштапкы төлөм 30 пайыз болсо, үстөк пайыз 12 пайыз болуп кыскарат.Насыяны төлөп бүтүү убактысы канчага созулушу мүмкүн?
Насыяны төлөп бүтүү убактысы ар бир насыя алуучу үчүн ар кандай болот. Ар бирине индивидуалдуу график каралат. Насыянын максималдуу көлөмү 3 миллион сом. Максималдуу төлөө мөөнөтү 15 жыл.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg