Казактардын мега жылдызы Кайрат Нуртас Казакстандын «Нур Отан» бийликчил партиясынын атынан депутаттыкка талапкерлигин коюуда. Ырчынын бул кадамын айрымдар: «АКШнын мурунку президенти Рональд Рейган актёр болгон. Кайрат АКШга барып президенттикке талапкерлигин койсун, аларда ырчы президент жок»,- деп какшыктап чыгышты.