Ирлан Таалайбеков: “20 КИЛОГРАММГА ТОЛУП КЕТТИМ”

Бир-эки жыл мурун окуучу кыздардын кумири болгон ырчы Ирлан Таалайбеков "жакында эле үйлөндү" деген маалыматты угуп, ырчы менен маектештик.

– Ирлан, куш бооң бек болсун!
– Муну кайдан уктуңар? Кайсы бир гезит мени менен байланышпай туруп эле үйлөндү деп жазып коюптур.
– Демек, үйлөнгөнүң калп?
– Бул суроого азырынча эч кандай комментарий бербей эле коёюнчу.
– Макул. Анда сөздү сенин чыгармачы­лыгыңа бурсак. Көрүнбөй каякта, эмне кылып жүрөсүң?
– Көрүнбөй кеткениме өзүм күнөөлүүмүн. Продюсерим Асыл Апасова менен келишим бүткөндөн кийин чуркап иштеген жокмун. Атым чыгып, таанылып калган соң той-топурларга чакырылып ырдап жүрдүм. Чыгармачылыктан алыстап, акчанын артынан кууп алдым окшойт.
– Акчанын артынан кууп кеттим дебедиңби? Жашыруун болбосо, канча таап жатасың?
– Өзүмчө иштеп, буюрса, жакшы эле акча таптым. Мерседес E 260 үлгүсүндөгү машина алдым. Мурун музыкалык аппараттарды ижарага алып жүрсөм, эми сатып алууга үлгүрдүм. Бишкектин чет жагынан жер тилке алып, үй курсам деп турам.
– Жакынкы пландарыңда жаңы ыр жазып, клип тартуу барбы?
– Тойлорго берилип кеттим дебедимби. Сахнаны деле сагындым. Эми кайра чыгармачылык жаатында иштесем деп турам. "Мектебим" деген эски ырга жаңы аранжировка жасаттым. Буюрса, клип тартууга да камынып жатам. Мындан башка да төрт жаңы ыр даярдап койдум. Аны жакында уга аласыздар.
– Ирлан, мурункуга салыштырмалуу бир топ эле толуп алыптырсың. Жашоо "малина" болуп жаткан го...
– Ооба, жашоом "малина" болуп жатат (күлүп). Мурунку салмагыма 20 килограмм коштум. Досторумдун, туугандарымдын "аябай арыксың, тыржыйбай кичине толсоң боло” деген сөздөрүн уга берип тажап кеткем. Анан салмак кошуунун аракетин көрө баштадым. Казы-карта, чучук жеп жүрүп, жыйынтыгы ушул болду. Азыр кээ бирөөлөр "сен Ирлан Таалайбековдун агасы эмессиңби?" деп тааныбай сурап калышат. Ал эми жакшы тааныштар "адам болуп калыптырсың" деп далымдан таптап коюшат.
– Билек түрүп, иштөөгө киришип­тирсиң, эми күйөрмандарың сенден жакшы чыгармаларды күтөт. Сага ийгилик!

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
ymyta
2010-02-12 12:39:43
Чындыгында абдан толуптур.Ноябрь айында инимдин уйлонуу тоюнда келип ырдап берип кеткен,мурун кичинекей баладай корунчу,оз козум менен корсом такыр башкача бала экен.ТВ дан дагы башкача корунчу
0
№ 379, 5-11-январь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан