30-31-январь күндөрү Бишкек шаарындагы Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда эркин күрөш боюнча өлкө чемпиондугу өткөрүлдү. Анда өлкөнүн 7 облусунан келген жалпы 289 балбан күч сынашты. Жыйынтыгында Самат Надырбек уулу (57 килограмм салмакта), Улукбек Жолдошбеков (61 кг), Улукман Маматов (65 кг), Рустам Анапияев (70 кг), Саякбай Усупов (74 кг), Алигаджи Гамидгаджиев (86 кг), Айбек Усупов (97 кг) жана Алишер Саеткулов (125 кг) өлкө чемпиондору аталышты.