АЯЛЫНЫН КӨҢҮЛДӨШҮН ТОКМОКТОП ӨЛТҮРДҮ

“Күйөөсү командировкадан келип, аялын үйүнөн ойношу менен кармап алыптыр...” деген сыяктуу окуялар анекдоттордо гана кездешер эле. Төмөндөгү окуя чыныгы турмушта Бишкекте болуп өттү десек ишене бербесеңиз керек.

АЛГАЧКЫ ТААНЫШУУ
Нуржан менен Алыбек 2003-жылдын жаз айларында базарда иштеп жүрүп таанышышкан. Экөө тең биринчи турмушунан жолу болбой ажырашкандар эле. Таанышкан күндөн баштап Нуржан менен Алыбектин жылдызы келишип, бири-бирине колунан келген жардамдарын берип жүрүштү. Ошентип, ортодон бир ай өтүп-өтпөй ынак достордон болуп калышат. Бири-биринин ишеничине кирген экөө акыры бир чечимге келип, чогуу түтүн булатууну туура көрүшөт.
Экөө баш кошкондон кийин ордо калаабыздагы “Ош базарына” жакын жерден батир алып, жаңы жашоо башташат. Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет болуп, мурунку турмушунан катуу көңүлү калган жаш жубайлар жаңы жашоосунда жаңылыштык кетирбейбиз деп шерттешкен эле.

ЖАҢЫ ТУРМУШТУН ЖАКШЫ КҮНДӨРҮ
Нуржан менен Алыбектин туугандары үйлөнүп алгандарын укканда, “мейли, бактылуу болушсун! Эки бакыр, бир тукур болуп, урушпай-талашпай жашап кетишсе эле болду” деп аларга бакыт каалагандан башка сөз айтышкан эмес. Бир келген жашоодо кемчилиги жок, адам деген атка татыктуу болуп башкаларга үлгүлүү болуп жашаганды ким жаман көрсүн? Алыбек менен Нуржан дагы башкалар суктанарлык үлгү көрсөтүшө алышпаса да, мурунку турмушуна салыштырмалуу кыйла жакшы жашоодо жашагандай болушту.

БАЛАЛУУ БОЛУША АЛБАЙ...
Баш кошкондорунан алты жыл өтсө да, балалуу боло алышкан жок. Ортолорун сый-урмат коштогону менен, бала жыттай албай келишти. Бекеринен «үй-бүлөнү бириктирүүчү – бала» деп айтылбаса керек. Канчалык аракеттенишкени менен алардын балалуу болсок деген тилектери орундалбады. Окшош күндөрдөн тажадыбы же өзүн алаксытып башка жерде иштеп келүүнү чечтиби, айтор, Алыбек “иштеп көбүрөөк акча табам” деп өткөн жылдын сентябрь айында төшөнчүсүн көтөрүнүп Ысык-Көлгө кетет.

АЛЫБЕК ЖАКШЫ ТИЛЕК МЕНЕН КЕЛГЕН
Нуржан мурункусундай базардагы соода иштери менен алектенип, күйөөсү менен телефон аркылуу байланышып турат. Алыбек болсо Ысык-Көлдө курулуш жаатында иштеп жатканын айткан. Ортодон убакыт өтүп, Жаңы жылга жакындаган сайын Алыбек “жакында барам, жакшы тилектерибиз менен Жаңы жылды чогуу тособуз” деген оюн билдирет. Акырында Алыбек Жаңы жылды утурлап эмгек акысын алып, 24-декабрь күнү жолго чыгарын кабарлайт.
Күттүргөн күн да келип, 24-декабрдын таңы атат. Түш оогон мезгилде Нуржан “жолго чыктыңбы, бүгүн келесиңби?” деп телефон чалат. Оюнда жаман ою жок Алыбек, “прораб келип акча берет эле кечигип жатат. Бүгүн келбей калат го. Эртең менен эрте чыгам” деп жооп берет. Көрсө, “келесиңби-келбейсиңби?” деген суроонун артында көп нерсе жаткан тура. Ошол күнү кечке маал күттүрүп жаткан прорабы келип, акча берип куруучуларды кубантат. Эмгек акысын алган Алыбек кудуңдап сүйүнүп, Бишкекке жол тартат. Кыялында Нуржан экөө тапкандарын чогултуп керектүү кем-карчтарын алып, Жаңы жылды туугандары менен биргеликте тособуз деген ойлорго чулганат. Турмушуна бүлүк түшүп, жаңырган 2010-жылды киши өлтүрүп камакта тосом деген ой түшүнө да кирген эмес.

“ДОСУМ, АЯЛЫМДЫН ОЙНОШУН ӨЛТҮРҮП АЛДЫМ, ТЕЗ КЕЛИП КАЛЧЫ”
25-декабрдын таңы менен Бишкекке келген Алыбек эртең мененки саат 5тер чамасында үйүнө келет. Эшикти тыкылдатса аялы ачпайт. Ачкычын салса, ичинен илинүү. Айыбы ачыларын сезген аялы Нуржан эшикти акырын ачып туруп, өзү дааратканага кирип кетет. Алыбек эшиктен төшөнчүлөрүн көтөрүп кирип келип, уктоочу бөлмөдөн эркек кишинин бар экенин байкап, кирип барат. Кирсе, үстүндө кийими жок шымчан бейтааныш эркек турган болот.
Сен кимсиң?” деген суроосуна тиги “кечир мени” деп жооп узатат. Кыжыры кайнаган Алыбек бет талаштыра бир муштайт, ага тиги дагы жооп кылып муштум узатат. Ошентип, күйөө менен ойнош эркекче мушташууга өтөт. Ал учурдан пайдаланган Нуржан үстүндөгү кийими менен жылт
коёт. Берки экөө ит жыгылыш болуп жатып, акыры Алыбек үстөмдүк кылууга жетишет. Тигинин колун артына кайрып, чайнектин шнуру менен колун байлайт да, сыртка чыгып арак алып келет. Андан ичип алып тигини суракка ала баштайт. Көңүлдөш жигиттин аты аялынын атына уйкаш Нуржигит экен. Ал “мен Нуржанды көптөн бери тааныйм. Учурда Бишкек–Таш-Көмүр каттамында менчик машинам менен эл ташып жан сактайм. Мени өлтүрө көрбө, ооз басырык кылып машинамды берейин” деп жалынат.
Алыбек анын жалынганын укпай ыза, ачууга алдырып кайрадан аялынын ойношун сабай баштайт. Качан гана тиги демин чыгарбай жатып калганда токтойт. Эсине келип досуна телефон чалып “дос, мен Ысык-Көлдөн келдим, келсем үйдө аялым ойношу менен экен. Ал экөөбүз мушташа кетип, аны өлтүрүп алдым, тез келчи” деп кабарлайт. Досу келип баарын түшүнгөн соң “болор иш болуп, боёосу канган экен, эч жакка кача албайсың!” деп милиция чакырууга кеңеш берет. Ошентип, бир аялдын айынан эки эркектин бири өлүп, бир абакка кесилүү алдында.

Эскертүү: Учурда тергөө иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу каармандардын аты өзгөртүлүп берилди.

Амантур Султанкулов, Ринат Мамытбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
Tokmok
2010-02-09 05:21:17
ujas.... :( Jindi aiyal
0
azalove
2010-02-09 15:15:11
Ээх, не болгон ыплас дуйно.
Ыйман деген калбай калганбы...
0
Azamato
2010-02-09 17:27:37
kuraanda Alla mynday degen jaman ayalga jaman erkek jaman erkeke jaman ayal. jakhsy ayalga jakshy erkek jakshy erkekek jakshy ayal degen. kyskasy erda jon jurgon emes bolush kerek menmche.
0
золотишка
2010-02-09 18:01:30
Оз башы менен кетсин,андан башка эч нерсе айта албайм.
0
минура
2010-02-16 14:15:17
баарына аялы куноолуу
+1
Tendik
2010-03-04 17:00:36
Эркек бийик болуп, ажырашып, унутуп салыш керек эле
0
Tendik
2010-03-04 17:00:49
Балдары да жок экен
0
naglyi
2010-03-27 15:03:18
тфьу тфьу тфьу Аллахым бере корбосун
0
kg-toxa
2011-07-26 03:47:59
суйгонунду башкага оптургучо бакача жер кучактап олгон!!!
0
Dillinger
2011-10-12 09:28:35
Men Anyn ordunda bolsom ekoony ten Öltürmokmyn! Turaby???
+1
Venchic
2011-11-03 15:47:57
Башкасына сабак болсо экен
0
NOSA
2012-10-31 21:13:19
мен дагы экоону тен олтурмокмун
+1
jumaia
2012-11-03 21:02:00
Уйдун куту аял да, Бардык нерсе аялдан болот. Кунажын козун сузбосо бука кайдан жибин узмок эле. Аялын кошо олтуруш керек болчу.
0
№ 379, 5-11-январь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан