Жакында жаш кикбоксчулардын машыгуусу тартылган видео интернетке тарап, алгач Казакстанда популярдуу болуп кеткен. Көрсө, бул кыска видеодогу балакай спортчулар казактар эмес эле кыргыздар болуп чыкты. Өзгөн районунда жашаган Бакытбек Атаканов менен байланышып, спортко жакын үй-бүлө менен тааныштык.
«ҮЙГӨ СПОРТ КЛУБ КУРГАМ»
– Бакытбек, учурда сиздин уулдарыӊыз тартылган видео популярдуу болууда. Ал видеону кантип тартып калдыӊыз?– Менин 4 уулум жана 1 кызым бар. Улуу баламдан кийинкилери кичинесинен тарта спорт менен машыгышат. Алардын машыгууларын видеого тартып, дайыма интернет булактарына жүктөп койчумун. Анда кимдин видеосу көп көрүүчү же «лайк» чогултса, ошого белек катары мээлей же башка нерсе берип койчумун. Мындай видеолор бери дегенде эле 100-200 миӊ көрүүчүлөрдү чогултчу. Популярдуу болуп кеткен бул видео ошолордун бири. Анда балдарым 6 жаштагы Азирет менен 8 жаштагы Элбрустун тээп-чаап иштеп, кызуу машыгып жатышканы тартылган. Видеону «6 жаштагы машыктыруучу» деп атап, жүктөп койгом. Башында катардагы видеодой эле каралып жаткан, бирок Facebook баракчасына илгенден кийин бат тарап кетти. Аз убакытта 5 миллионго чукул көрүүчүлөрдү чогултту. Бул видеонун каармандары казакстандыктар деп тарап кетиптир, бирок анда тартылгандар – биз, Өзгөндүн Прогресс айылынын тургундарыбыз.
– Балдарыӊыз үйдө машыгабы?
– Арлет 15 жашта, Элбрус 8де жана кичүүсү Азирет 6 жашта. Алар күнүнө эки маал машыгышат. Үйдүн сарай жагына кичинекей спорт клуб жасап алганбыз. Ал жакка айылдын спорт сүйүүчүлөрү да келип машыгып турушат. Балдарым күндүзү спорт клубда, кечинде үйдө машыгышат. Албетте, окууларынан тышкары. Бош убактысын спортко жумшашат.
– Өзүӊүз жаш кезиӊизде спортчу белеӊиз?
– Өзүм 14 жашымдан эле спортко жакын болдум. Бокс менен машыктым, анан күрөшкө өттүм. Ал кезде заман башка эле. Шартка байланыштуу профессионалдык спортко өтө алган жокмун. Майрамдарда, өздүк спорттук иш-чараларда гана күрөшкө түшүп жүрдүм. Мен жете албай калган максаттарга балдарым жетишсе экен деп тилейм.
– Учурда уулдарыӊыздын кандай жетишкендиктери бар?
– Арлет кикбоксинг боюнча Кыргызстандын 4 жолку жана Азиянын бир жолку чемпиону. Ал карьерасында 200дөн ашуун беттеш өткөрдү. Элбрус болсо Өзбекстандын чемпиону болуп келди. Анткени мунун жаш курагы боюнча өлкөбүздө чемпиондуктар өткөрүлбөйт. Азирет да райондук жана шаардык мелдештерге байма-бай катышып келүүдө. Анын келечеги али алдыда.
– Аталган видеонун популярдуулугунун артынан көпчүлүк адамдар кайрылып жатышса керек?
– Бул видео бүткүл дүйнө жүзүнө тараганын эми билип отурам. Дүйнөнүн ар тарабынан каттар келип жатат. АКШ, Кытай, КМШ өлкөлөрүнөн билдирүүлөр келүүдө. «Таанышалы, үйрөтүӊүз» дешүүдө. «Менин 6 жаштагы балам спорт эмес, мээлейин кие албайт» деген сыяктуу түрдүү суроолорду берип жатышат. Алардын ар бирине жооп бергенге аракет кылып жатам. Социалдык тармактарда достордун саны күндөн күнгө өсүүдө. Жардам беребиз дегендер да четтен чыгууда. «Балдарыӊызга жаӊы мээлей алып берип коюӊуз» деп биздин спорт клубга жардамын бергендер да жок эмес.
«ЧОӉОЙГОНДО АГАМДАРДАЙ ЧЕМПИОН БОЛОМ»
Бул учурда маегибизге жеткинчек кикбоксчулар Элбрус менен Азирет кошулду.
– Элбрус, сага спорт менен машыккан жагабы?
– Ооба, мен агаларымды көрүп, аларды туурагым келчү. Анан алар менен чогуу машыгып калдым. Үйдөн бутту чоюп, ар кандай соккуларды жасап машыгам. Жеӊиштерге жетишип, медаль, дипломдорду чогулта баштадым.
– Келечекте ким болгуӊ келет?
– Прокурор болгум келет. Анткени ал жаман кишилерди камайт. Бирок спортту таштабайм.
– Азирет, сен мектепке барбай, кикбокс деп эле жүрөсүӊбү?
– Жо-ок, мен 1-класста окуйм. Кикбокс менен 3 жашымдан баштап машыга баштагам. Атам мага жардам берип, машыктырат. Чоӊойгондо агамдар сыяктуу чемпион болом.
– Маегиӊерге рахмат! Ийгилик коштосун!
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg