Жазуучу Дубаш Калназаров:

Тагдыр

Төмөндө сөз кыла турган каарманыбыз өзүнүн роман, повесть, аңгемелери жана табият, өмүр, өлүм темасындагы ырлары менен таанылган журналист, жазуучу Дубаш Калназаров. Сөз баасын мыкты билген талант учурда карылар үйүндө күн өткөрүүдө.

"ГЕЗИТТЕН ӨЗ ОРДУМДУ ТАПТЫМ"
– Мен Экинчи дүйнөлүк согуш башталганда Жумгал районунун Кайырма айылында жарык дүйнөгө келгем. Чыгармачылыкка болгон алгачкы кадамым 7-класста жазган “Сталинге” деген ырым менен башталган десем болот. Эсимде, эжейим окуучулардын жыйынында ушул ырымды окуп, аябай мактаган. Мына ошол күндөн тарта Кудайдын берген ар бир күнүн кур кылбай, төрт сап болсо да ыр жазууну адатка айланттым. Бир үйдүн жалгыз баласы болгондуктан, мал кайтаруу менен күндү уясына узатчумун. Ошондуктан көкүрөктөн чыккан ырларымды алгач тоо коюну, анан чабандар угушчу. Алардын “ай, баракелде!” деген мактоо сөздөрү далай ырларымдын жаралышына түрткү болгон. Ал эми бош убактымда Эмил Золя, Флобер Гюстав, Александр Дюма сыяктуу залкар жазуучулардын чыгармаларын сүйүп окучумун. Мектепти аяктагандан кийин билимимди жогорулатуу оюма да келбептир. Бир күнү кой кайтарып жүрсөм Сатыке аттуу чабан “сенин талантың бар, кыргызга таанылышың керек” деп калды. Анын сөзүнөн кийин билим алууну самап, 1963-жылы Пржевальск, (азыркы Каракол) шаарындагы педагогикалык окуу жайына тапшырдым. Чынын айтсам, мектепте кыйратып окуган эмесмин. Кудайдын буйругу экен, окууга өтүп кеттим. Окуу жайдан Советбек Урманбетов деген киши менен таанышып калдым. Ал ырларымды жактырып алып кеткен. Кийинчерээк ошол ырларым “Ала-Тоо” журналына басылып чыгыптыр. Дал ушул окуя адабият дүйнөсүнө чыйыр салуумдун башаты болгон. Окуу жайды аяктагандан кийин айылга барып мугалим болуп иштеп жүрдүм. Канчалык окуучуларга дитимди салбайын негедир өкмөттү, өзүмдү алдап акча алып жаткандай сезип, жүрөгүмдү бир нерсе өйүп туруп алды. Көрсө, ал менин талантым экен. Анан мектептен чыктым да, райондук “Демилге” гезитине жумушка орноштум. Гезитке келгенден кийин өз ордумду тапкандай жаным жай ала түштү.

“КАЛЕМИМ КУРЧУГАНДА”
– “Демилге” гезитинде бир топ жыл иштедим. Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов жазуучулар союзунун башында турганда, 1989-жылы “Өмүр жазы” аттуу ырлар жыйнагымды чыгарып, СССРдин жазуучулар союзунун мүчөсү болдум. Ушундан кийин чыгармачыл адамдарга жакын болуш үчүн 1992-жылы Токмок шаарына көчүп келип, “Баласагын оттору” райондук гезитине ишке орноштум. Бир жолу оогандын боевигиндей болгон олбурлуу жигит редакцияга мени издеп келиптир. Тааныша кетсек, ал “Махабат майданы”, “Тагдыр” гезиттеринин кожоюну Жыргалбек Кудайбергенов болуп чыкты. Ал “гезиттериме редактор болуп бер” деген сунушун айтты. Ушул жылдар чыгармачылыгымдын жемиштүү жылдары болгон экен. “Икс операциясы”, “Алтын кирпичтер” сыяктуу 5 роман жана повесть, аңгемелеримди жарыкка чыгарганга жетиштим. 2004-жылы чыккан “Көр Самат” аттуу романым чыгармачылыгымдын жалындуу убагын жыйынтыктоочу роман болду.

“ТАГДЫРЫМ ТАЙКЫ БЕЛЕ?..”
– Колумда калем ойноп турган кезде турмуштун балын жакшы эле таттым. Бул тууралуу калемдештерим “Дубаш аке комузун чертип, жүз граммдан сеп этип, кыз-келин, достор менен шарактап жүрүп эле "түндө жаздым" деп чыныгы ачуу турмуштан алынган ырларын окуп салат” деп айтып калышчу. Чынында эле калемдештерим туура баамдашыптыр. Жашоомду шаңдуу өткөрсөм да, бир уул, эки кызыма татыктуу эле тарбия бердим деп ойлойм. Ал эми байбичем экөөбүз бири-бирибизди түшүнө билген жандар элек. Аттиң, өмүрүң дайыма эле толтура чөйчөк ырыскысы менен турбайт экен. Кечээ эле тамагын берип, сүттөп чай сунган байбичем келгис сапарга кете берди. Байбичемдин отурган жерин, кармаган буюм-теримдерин көрүп алып жүрөгүм канап жүрдү. Анын үстүнө келиниңе “чай бер, кийим-кечегимди жууп бер” деп дайым эле айта албайт экенсиң. Үйдө жаңжал чыкса эле баарына өзүмдү күнөөлүүдөй сезе бердим. Балам болсо же мага, же келинчегине тарта албайт. Баламдын турмушу жакшы эле, бир короо кою, он чакты бодо малы бар. Чыр-чатак болбогон эле нерселерден чыга берет турбайбы...
Ал эми бир кызым турмуштун айынан Орусияга иштегени кеткен. Экинчи кызым да өз түтүнүн булатып жүрөт. Кыздарымдын үйүнө да бата алган жокмун. “Казан-аяк кагышат, эрди-катын урушат” дегендей, бир күнү ичип келет, бир күнү жини келет дегендей. Анын үстүнө чыгармачыл адамдарга тынчтык керек да. Бир күнү балама айтпай акырын үйдөн чыктым да түз эле карылар үйүнө келдим. Сураган документтерин толтуруп, карылыктын акыркы күндөрүн тынчтыкта өткөрүүнү кааладым. Анын үстүнө балдарымдын чыр-чатагынын себепкери болгум келген жок. "Эмне үчүн карылар үйүнө келдиңиз?"- деген баламдын таарынычтуу сөзүнө “өлсөм сөөгүмдү алып кетерсиң” деп бир сөз менен жооп бердим.

“ЖАШООНУН АЙЫНАН ҮЙЛӨНҮҮГӨ ТУУРА КЕЛДИ”
– Бул жакка келгенден кийин деле тынчтык тапкан жокмун. Карылар үйүнө ар кандай адамдар түшөт экен. Ал эми чыгармачыл адамды көбү эле түшүнө билбейт. Илхам деген ар кайсы учурда келет. Кээде түн уйкудан туруп оюңа келген саптарды кагазга түшүрүүгө ашыгасың. Мына ошондой күндөрдүн биринде бул жерден Таня аттуу айым менен сүйлөшө кеттим. Байкуш жаш кезинде абдан татынакай болгон экен. Тагдыр ташы оор болуп, эки көзү жакшы көрбөй калыптыр. Экөөбүз сүйлөшүп отуруп бирге жашоону чечтик. Чынын айтсам, бул менин жашоо үчүн болгон күрөшүм болду. Бул жактагы карылар үйлөнсө, өзүнчө бөлмө берилет. Ал эми менин биринчи максатым ушул болчу. Кыскасы, бир бөлмөлүү болуш үчүн орус кемпирлүү болдум.
Танянын көңүлүн алуу үчүн алган пенсиямды чогултуп кафеге киргизип, эркек каадасын көргөзүп жүрдүм.
Экинчиден, Таня абдан таза. Бөлмөнү эки маал тазалайт. Кээде мен чачып салсам кыжыңдап урушуп калат. Учурда киримди жууп, тамагымды жасап берип, ар дайым жанымда. Таняга үйлөнүп алгандан кийин балдарым ого бетер мага таарынышты. Уулум таптакыр каттабай калды. Ал эми кыздарым шарттары болгондо келип-кетип турушат.

“АЙТА АЛБАЙ ЖҮРГӨН СӨЗҮМ БАР”
– Атын айтпай эле коёюн, “ЮНЕСКОнун заказы, “Манасты” орусча которуп бериңиз” деп мага кишилер келишкен. Чыгарманы алты айдын ичинде "Манас" – героический эпос кыргызов" деген ат менен котордум. Мени кейиткени, эмгегим үчүн бир тыйын да төлөп беришпей, мени сызга отургузуп кетишти. Кийинчерээк мен которгон чыгарманы Францияга жөнөтүшкөнүн уктум. Таң калычтуусу, китепке эки котормочунун аты-жөнүн жазып коюшуптур. Чынын айтсам, пенсиям аз. Анча-мынча чыгарма жаза коёюн десем, мурдагыдай алым жок. Ошентсе да “Өлүм аренасы”, “Каркыралар жазда келишет” деген чыгармалардын үстүндө иштеп жатам. Жазылган чыгармаларымды басууга жардам бергиле деп депутаттарга чейин кайрылдым. Азырынча жыйынтык чыга элек. Азыркы жаштар чыныгы классикалык жанрдагы чыгармаларды көп окушпайт. Классикалык жанр Чыңгыз Айтматов менен чогуу көмүлүп калгандай сезилет. Муну ойлоп жүрөгүм ооруйт.

“Жашында берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү” деген кеп Дубаш ата сыяктуу карыларыбызга айтылгандай. Алдуу-күчтүү кезинде кыргыз адабиятына көөнөргүс салымын кошкон инсаныбыз эми минтип дөөлөт күтүп, сый-урматка бөлөнөр учурда карылар үйүнүн бир бөлмөсүндө күн өткөрүүдө. Намыскөй кыргыз элибиз мындай таланттарынын тагдырына кайдыгер карабаса деген ойдобуз.

Бахияна Сатылганова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
toybosjigit
2010-02-14 08:58:13
Salam Bahiyana ayim. Temanin atalishi tuura emes ko chon kiz. Biz madaniyattuu adamdarbiz da,tigil je bul ulutka shek keltirchu nerselerdi jazbaganibiz tuurago.
0
aiklaus
2010-02-17 03:49:40
Uilonso shakshy kylyptyr,omurunun akyrky shyldaryn kysyktuu otushuno kam koruptur.Al emi Super Info chyn ele arky berkini iolonboi ajyldagy ushakchy ajaldardan besh beter ele shasa beresiner.Dubash aga shakshy ele shymsaldap aityptyr.Siler any osgortup shasyp kojuptursunar da.
0
№ 379, 5-11-январь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан