КӨӉҮЛДҮ АЧКАН МОБИЛДИК ОЮНДАР

Илгери-илгери алыстагы бир студияда... Мобилдик оюндардын тарыхы да ушинтип башталат. Мобилдик оюндар эмнеси менен кызыктуу, кимдер ойлоп табышкан? Келиӊиз, көӊүлүбүздү ачкан, бирок убактыбызды алып, жумуштан алаксыткан мобилдик оюндардын айрымдары менен жакындан таанышып алалы.

МОБИЛДИК ОЮНДАРДЫН «БАБАСЫ» – «SNAKE»

Чыгарылган жылы – 1997-жыл
Мекени – Финляндия

«Snake» – кыргызча «жылан» деп которулат. Бул оюндун жаралыш тарыхы 1977-жылга барып такалат. Алгачкы версиясы Hustle оюн автоматына негизделип иштелип чыккан. 1979-жылы Ф.Сегер аттуу германиялык программист бул оюнду үй компьютерине, кийин микрокомпьютерге ылайыктап иштеп чыгат. Жылдардын өтүшү менен алгачкы версия жаӊыланып отуруп, 1997-жылы «Nokia» компаниясы тарабынан Nokia 6110 телефонуна жайгаштырылган. Аталган оюн телефондун микросхемасына орнотулган жалгыз оюн, андыктан аны өчүрүп салууга болбойт. Айрымдар «компания телефонун өткөрүү максатында ага аталган оюнду жайгаштырган» дешет. Бирок компания «телефондун өтүмдүүлүгүнөн бул оюн популярдуулукка жетти, бүгүнкү күндө да элдин көӊүл борборунда» деп баса белгилеп келет. Уюлдук телефондорго түстүү дисплей, геймплей, графиканын жаӊы түрлөрү орнотулуп жакшырышы менен «Snake» оюнунун жаӊы версиялары чыгып келет.
Мына ушундан кийин гана компаниялар гана эмес, жеке программисттер коммерциялык максатта ар кандай жөнөкөй түзүлүштөгү оюндарды иштеп чыга башташкан.

«ANGRY BIRDS» – КААРДУУ ЧЫМЧЫКТАР

Чыгарылган жылы – 2009-жыл
Мекени – Финляндия

«Angry birds`түн» түзүүчүсү – «Rovio Mobile» студиясынын маркетинг боюнча директору Питер Вестербака. Бул оюн жарыкка чыгары менен 2 миллион адамдын телефонунан орун алган.
Жаралыш тарыхына токтолсок, студент достор «Nokia» компаниясынын мобилдик тиркемелер боюнча өткөргөн сынагында жеӊишке жетишип, 2005-жылы «Rovio Mobile» студиясын түзүшкөн. «Angry birds» алар түзгөн 52-оюн. Достор канаттуулар жөнүндө кызыктуу оюн ойлоп чыгууну көздөшөт. Эмнеге канаттуулар? Анткени командада канаттууларды жакшы тарткан жигит болгон. Ойлонуп канаттуулардын каршысына чочкону коюшат. Муну алар «канаттууну баары жакшы көрүшөт, чочкону болсо көп жактырышпайт» деп түшүндүрүшкөн.
Оюндун алгачкы версиясы жаралган соӊ Питер апасына ойноп көрүүнү сунуштап, өзү жумуштары менен бир жакка чыгып кетет. Бир сааттан кийин келсе 1-2 мүнөт ойноп тажаса керек деген апасы дагы деле ойноп отурган болот. Мындан улам кары-жашка бирдей жага турган оюн болоруна көзү жетет. Оюнду жүктөөнүн баасы 0,99 доллар болгон.
Бул чымчыктардын негизинде «20th Century Fox» компаниясы тарабынан «Рио» мультфильми тартылып, мындан сырткары жумшак оюнчуктар, сувенирлер жасалган. 2012-жылы хоккей боюнча өткөн Дүйнөлүк чемпиондуктун расмий тумары катары таанылган.
Аталган оюн 2015-жылы 3 миллиард жолу көчүрүлгөн.

КОЖОЮНДАРЫ ЧАНГАН ТОМ

Чыгарылган жылы – 2013-жыл
Мекени – Улуу Британия

«Менин сүйлөөчү Томум» оюну британиялык «Outfit7 Limited» компаниясы тарабынан түзүлүп, 2013-жылы iOS`то иштелип чыгып, 2014-жылы Android системине кошулган. 3D форматында иштелип чыккан бул оюн бир нече тилдерге которулуп, бүгүнкү күндө 140 өлкөдө популярдуу. 2014-жылы дүйнө жүзү боюнча 1 миллиарддан ашык жолу көчүрүлгөн.
Урааны – «Томго өзгөчөлүк тартуула!» Оюн жарыкка чыгары менен мышык тууралуу сюжет да даяр болгон. Каарманыбыз Том 1992-жылы туулган. Аны кожоюну чанып, көчөгө таштап койгон экен. Коробканын ичине түшүп алып бармагын соруп жата берген боз мышыкты боорукер бирөө багып алат. Оюндун негизги багыты – мышыкты жууп-тазалап, тамактандырып, кийиндирип туруу. Оюнчу ал үчүн берилген тапшырмаларды аткарып, упай, тыйын топтоосу керек. Учурда Томдун Бен, Хэнк аттуу достору, Жинжер деген жээни жана Анжела аттуу ашыгы бар.
Аталган оюн жаш балдарга жана өспүрүм кыздарга арналган. Улуу Британияда эле 1 жыл ичинде 230 миллион жолу көчүрүлгөн. Оюн ата-энелердин «бул оюн баланы реалдуу жашоодон алыстатат», «жаныбарга аёосуз кысым көрсөтүү» деген сындарына кабылганына карабай «iPad үчүн эӊ мыкты оюн: балдар, тарбия жана үй-бүлө» (2014), «Android үчүн эӊ мыкты оюн: баш катырмалар, карталар жана үй-бүлө» (2014) сыйлыктарына татыган.

СУТКАСЫНА 92 МИЛЛИОН АДАМГА ЭРМЕК БОЛГОН «CANDY CRUSH SAGA»

Чыгарылган жылы – 2013-жыл
Мекени – Улуу Британия

Мобилдик оюндарды түзгөн «King» студиясынын эӊ көп көчүрүлгөн оюну – «Candy Crush Saga». Студиянын тапкан кирешесинин 78 пайызын дал ушул оюн алып келет. Күйөрмандары тарабынан секундасына 10 миӊ жолу ачылган «Candy Crush Saga`нын» негизги аудиториясын 25-50 жаштагы айымдар түзөт. 2013-жылы аталган оюн Фейсбуктагы эӊ популярдуу оюн, «Аррlе» компаниясынын рейтингинде «2013-жылдын мыктысы» аталган. Saga сөзү студиянын бардык оюндарынын аталышында колдонулуп келет. Ал гана эмес бул сөз үчүн башка оюн студиясы менен соттошуп кеткен. 2014-жылы соода маркасы катары бул сөздү каттатышкан.
«King» студиясынын негиздөөчүсү – италиялык Рикардо Закони. Студия 2003-жылы негизделген.

Дамира Арстанова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
bolotbai3
2016-02-15 11:23:29
Клаш оф кланс кандай оюн,дуйнодо канча адам ойнойт экен?
+5
MIRAN
2016-02-15 20:25:30
Мен subway,2048,деген оюндарды укмуш ойнодум рекорд.
+2
deva
2016-02-16 10:19:57
«Candy Crush Sagaнын» 1100 бөлүгүнө келдим. Дагы бир бөлүгүн 650гө чейин, аягына ойноп салдым. Компания мен үчүн жаңысын чыгарганга жетишпей жатат)))
0
jaskaaa
2016-02-18 15:12:48
Зомби деле соонун оюмго!
+1
BRATELLO
2016-04-13 09:42:07
Салам Супер инфо drag racing 2 club wars жана ушул ойундун creative mobile компаниясы туралуу да маалымат жазгылачы сураныч рахмат.
0
admin_superstan
2016-04-13 12:40:51
BRATELLO, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
№ 693, 12-февраль-18-февраль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан