Жогорку Кеӊештин 4-февралдагы жыйынында депутат Мээрбек Мискенбаев айрым куудулдардын сатираларын сындап өттү. Анын пикиринде, куудулдар сатиралары аркылуу элди бөлүп-жарып жатат. Ал эми куудулдар ойногон сатираларында түндүк-түштүккө бөлүү тууралуу сөз жок экенин айтышууда.
ТАЛКУУ ЖАРАТКАН АЛ КАНДАЙ САТИРА?
Парламентте мындай талкуунун келип чыгышына куудул Тынар Курбаналиев менен анын сахналаш өнөктөшү «Апрель Баатыры» наамын алып жүргөндөр тууралуу ойногон сатира себеп болду. Анда экинчи куудул Тынарга өзүн 2010-жылдын 7-Апрелиндеги революциянын катышуучусу экенин, ага кандайча ок тийгенин айтып, «мен – баатырмын. Мага бул билетти көчөдөгү маршруткада, автобустарда бекер жүрөсүӊ деп берген» дейт. Анын мындай жообун Тынар шылдыӊ менен кабыл алып, «Баатырлар бир аз көбөйүп кеткен жокпузбу?» деп сындайт. Мындан кийин Тынар «азыркы баатырлардын ким экенин аныктаган ыр коюп берейинби? Аны уккандан кийин баатыр болгуӊ келбей калат» дейт. Бул учурда сахнага Рахман Разыков чыгып, өзүнө таандык «Күйгөн кошок» аттуу 600 куплеттен турган дастанынан үзүндү окуйт.
«Күйгөн кошок» дастанынан үзүндү:
Баркталбастан «Баатыр» наамын алганы,
Базарчыдан баркы жеӊил салмагы.
Баатыр болбой Ошто жанын бергендер,
Ак үйдү алган баатырларыӊ жайнады.
Кайсы жоону жеӊгендерин билбеймин,
Бүтпөйт дале салтанаты, майрамы.
Баатырга эл маани бербей анчейин,
Эки адамдын бири баатыр, кантейин.
Баатырлардын урпактары мекенден,
Басып кетти колун шилтеп канча элиӊ.
Баатыр экен, бирге жүрүп билбеппиз,
Базардагы бозо саткан байкенин.
Уга элекмин, көрө элекмин жүрөгүн,
Чолпонбайдай окко тоскон бирөөнүн.
Сан миӊдеген баатырлардан ажалга,
Тике карап чыгарына күмөнмүн.
Лөлүлөрдөй өз чатырын өрттөшүп,
Баатыр болуп жүргөндөргө күлөмүн.
Баатырлар бар, үйдүн чаӊын сапырган,
Баатырдыгы аша түшпөс катындан.
Баатыр барбай эл башына иш түшсө,
«Баатырмын!» деп аялына бакырган.
Баатыр деген башты сайып эл үчүн,
Бала кезден милдет болот катылган.
Бирөө баатыр чыкпай жүрүп айылдан,
Бирөө баатыр капыстан ок жаӊылган.
Бирөө жүрөт «Баатырмын!» деп төш кагып,
Бетин жуубай, чимкиригин агызган.
Баатырлар деп балдарды айтам Оштогу,
Башын сайып оттон өткөн, жалындан...
ЭФИРДЕГИ КАЙЫМ АЙТЫШ
Эл өкүлү Мээрбек Мискенбаев менен куудул Абдылда Иманкулов бул маселеден улам «Марал» радиосунун «Бейтарап» программасына чыгышты. Депутат Мискенбаев «куудулдардын элди экиге бөлүп-жарган, Апрель окуясынын курмандыктарын лөлүгө, наркоманга теӊеген сатиралары үчүн каматууга бүт аракетимди жумшайм» деген позициясын айтып, Иманкуловду кесиптештери элдин арасын жиктеп жатышканына ынандыра албады. Эл алдына чыгып сүйлөп, кимге кандай жооп бериш керек экенин аркалаган кесибинен улам жакшы өздөштүргөн куудул Абдылда Иманкулов эл өкүлүнө дегеле сөз берген жок. Назарыӊыздарда дебаттагы кайым айтыштын орчундуу жерлеринен:
М.Мискенбаев: – Ал жерде эл күлө турган деле эч нерсе жок. Сатира эмей эле элди экиге бөлүп-жарган, түндүк-түштүк маселесин козгогон, «7-Апрелде курман болгондор баатыр эмес, Оштогу Июнь коогалаӊына катышкандар баатырдык наам алыш керек» деген тариздеги саптар окулат. Бул өтө олуттуу нерсе. Себеби 7-Апрелдеги революцияда балдарынан ажыраган энелер, жакындарын жоготкондор кайрылып, «биздин жараны тырмап, күйүтүбүздү күчөтүп жатышат» дешүүдө. Ошол себептен маданият кызматкерлерин бир тартипке сала турган же аларды жоопко тарта турган маселени камтыган мыйзам иштеп чыксак деп турам. Бул боюнча мен тиешелүү органдарга кайрылып, ишти сотко чейин жеткирүүгө бүт күчүмдү жумшап жатам.
А.Иманкулов: – Мээрбек ушул ойлорду ошол концертке барып алып айтса жакшы болмок. Мен ал концертти көргөн эмесмин. Ушул ызы-чуу башталгандан кийин
концерттен тартылган видеону көрүп чыктым. Рахман ал жерде «Оштогу» деп жатат. «Оштуктар» менен «Оштогу» деген кептин айырмасын билбей калгыдай мен билгенден Рахман анчалык ооруй элек. Окуя кайда болсо ошол жердеги окуя дейбиз да. Мисалы, Таласта болсо Таластагы окуя, Аксыда болсо Аксыда же болбосо Жогорку Кеӊештеги мандат талаш деп. Сатираны, сынды ар ким өзүнүн акылына, деӊгээлине жараша кабыл алат. Ал жерде эч кандай «оштуктар» делген жок, «Оштогу» деп жатат.
М.Мискенбаев: – Эми, Абдылда мырза, мен бул маселени отуруп-отуруп анан кыларга ишим жок көтөрүп чыккан жокмун да. Бул маселе буга чейин топтолуп, бышып келген.
А.Иманкулов: – Жок, менин ушул жерде күмөнүм бар, силер ошо кыларга ишиӊер жок, башка маселе калбай калгансып, анан бизге асылып жатасыӊар го деп жатам. Мээрбек Мискенбаев, Жогорку Кеӊештеги КСДП фракциясынан депутат: «ӨЛГӨН АДАМДАРДЫ МАЗАКТОО – АДАМДЫК ДЕҢГЭЭЛДИН ПАСТЫГЫ»
– Бир эле нерсени куудулдарга жеткирейин дегем. Мейли тамашалагыла, мени, ата-жотомду, саясатты, бирок өлгөн адамдарды эмес. Юмор чексиз болушу мүмкүн. Ким каалаганы жөнүндө тамаша айтса болоттур, бирок өлгөн адамдарды тамашалоо, мазактоо бул аша чапкандык, адамдык деӊгээлдин пастыгы. Балким, аларга сезилбейттир, бирок 7-Апрелде каза болгондорго, Ош окуясында жакынын жоготкондорго куудул дегендин тамашалары эски жарасын тырмагандай эле болот. Ким эле каза тапкан жакыны жөнүндө тамаша уккандан ырахат алат?! Абдылда байкенин өзүнө да айттым, «балаӊыз курман болсо, ошонун өлүмүн бирөө тамаша кылса кандай болот?» дедим. Бирок ал сөз жебейт экен. Тамаша тамашасы менен, бирок моралдык чек болуш керек. Маданият өкүлдөрү улуттар аралык бөлүнүүчүлүктү, аймактардын өзгөчөлүктөрүн тырмалай беришет. А эмнеге мунун ордуна ынтымакка чакырган позитивдүү сатираларды ойношпойт?!
Биздин мекендештерибиздин бир тобу бакиевдик режим менен күрөшүп каза табышты. Ош окуясында улуттар аралык жаӊжал чыгып, анын азабы унутула элек. Анан ушуларды көрүп-билип турушат да, куудулмун деп эле тамашага салышат. «Бул болбойт, алар тамашага салынчу адамдар эмес» десеӊ, өздөрүн Токтогулга салыштырганга өтүшөт.
Рахман Разыков: «МИСКЕНБАЕВ АЙТКАН СӨЗДӨР ТУУРА ДЕП ТАБЫЛСА, ТҮРМӨГӨ ӨЗҮМ БАРЫП ОТУРУУГА ДАЯРМЫН»– Ал ыр жөн эле ыр эмес, «Күйгөн кошок» деген 600 куплеттен турган дастан. Анда биздин мамлекеттин 24 жыл бою басып өткөн жолун мурдагы СССРге салыштырып, азыр биз жол таба албай жүргөнүбүздү, Бакиевдинби, Акаевдинби, Отунбаеванынбы, Атамбаевдинби, ошол бийлик тушундагы мамлекет басып жаткан жолду жазгам. Ошонун ичинен тамашада 6 куплет ыр окулган. Эгер 6 куплет ырга ушунча болуп жатышса, анда 600 куплет чыкканда эмне болушарын билбейм.
Биринчиден, ал сатирада түндүк менен түштүктү бөлүү тууралуу бир дагы сөз жок. Мискенбаев айткандай, шейит кеткен балдар «наркоман», «алкаш» деп айтылган эмес. Эгерде кандайдыр бир экспертиза ушул тамашада «элди экиге бөлгөн чакырыктар бар» деп далилдесе, анда Мискенбаевдин жаза турган мыйзамын күтпөй эле, өзүм барып түрмөгө отурууга даярмын. «Ош шейиттери» тууралуу токтолсом, «эмне үчүн мамлекет тарабынан эки жакка теӊ бирдей каралган эмес, чындык болбой жатат» деген сөздү мага чейин «Ош шейиттеринин» атынан келгендер парламенттин трибунасында айтышкан. Бул ырда жалгыз оштуктар тууралуу эмес, Оштогу баатырлар деп айтылып жатат. Анын ичинде Оштогу болгон каргашалуу күндө Кыргызстандын бардык жеринен эч кимге айттырбай эле барган балдар жөнүндө айтылууда. Эмне үчүн аларга «Баатыр» наамы берилген эмес?..
2010-жылы Бишкектеги 7-Апрель окуясында жалпысынан 87 адам каза таап, кийин дагы 5 жылда жаракат алгандардын 35и көз жумду.
2010-жылдагы 7-апрель революциясынан айырмаланып, Оштогу Июнь окуясында 426 адам каза таап, алардын көпчүлүгү өзбек улутунун өкүлдөрү, жаш балдар жана кыз-келиндер болгон. Азыркыга чейин күйүп кеткен 19 сөөктүн өздүгү аныктала элек.
Бул талкуу коомчулуктун көӊүл борборунан четтеп өткөн жок. Кээ бирлер «окуяны ырбатпай депутат менен куудулдарды элдештирип коёлу» дешсе, айрымдар депутатты, кээ бирлери куудулдарды сындап жатышат. Бирок талашып-тартышып жаткан эки тарап теӊ бир нерсени унутушкандай. Оштогу Июнь окуясы түштүктүн, Бишкектеги Апрель окуясы түндүктүн эле кайгысы эмес, экөө теӊ жалпы кыргыз элинин чоӊ трагедиясы. Бул күндөрү жүздөгөн үй-бүлөнүн жүрөгү тилинип, жетим-жесир калгандардын жүрөк жарасы айыга элек. Бул трагедияны саясий упай топтоо үчүн же сахнада күйөрман арттыруу үчүн колдонуудан алыс болсок.
Гүлжан Асанкожоева,
Султан Төрөбеков
koom@super.kg