ДҮЙНӨЛҮК ШОУ-БИЗНЕС ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

ЖОЛИ МЕНЕН ПИТТ АЖЫРАШАБЫ ЖЕ
ЖЫЛДЫЗДАРДЫН ТЕГЕРЕГИНДЕГИ ЧЫР...

Акыркы кезде“Голливуддун атактуу түгөйлөрү Анжелина Жоли менен Брэд Питт ажырашат” деген кеп ММКларга жайылып кетти. Бирок жакынкы эле күндөрдө жылдыздардын пресс-катчысы “бул жөн гана ушак” деген кабар таратты. Мындай кеп эмнеден улам тарагандыгы тууралуу кененирээк сөз козгосок.

ШАМАЛ БОЛБОСО ЧӨПТҮН БАШЫ КЫЙМЫЛДАБАЙТ
Беш жылдан бери бирге кол кармашып келе жаткан түгөйлөргө бир гана Голливуд эмес, дүйнө эли суктанып келет. Ал эми "түгөйлөр ажырашат" деген кеп эмнеден улам тараган? Анжелина “дагы бир бала багып алабыз” десе, Брэд каршы болуп, ортодо түшүнбөстүктөр пайда болот. Мындай кырдаалда Питт ою менен боло турган адамды издегенби, айтор, экс-жубайы Женнифер Энистонго бир нече жолу телефон чалып, экөө Лос-Анжелестеги ресторандардын биринде кезигишкендиги тууралуу маалымат тарайт. Албетте, Анжелина бул тууралуу кабардар болуп, ортодогу мамилени териштирүүнү баштаган. Ошол күндөрү Британиянын белгилүү “Daily Mail” гезити “Питт ала жипти аттады. Жубайы Жоли муну кантип кечирмек эле?” деп жазып чыгат. Бул чыр Нью-Йорктогу “Alto” ресторанында кош жылдыздын чоң чатагы менен аяктайт. Түгөйлөр ресторанга тамактанууга барганда, Анжелина болбогон бир нерседен уруш чыгарган. Ошондо Питт “сен психологго барбасаң болбой калды” деп кеңеш айтса, Жоли “эмне мени акылыңдан адаштың дегениңби?!” деп катуу ачууланат. Мына ошондон тарта экөөнүн ортосундагы уруш ырбап келет.

АЖЫРАШСА БАЙЛЫГЫН КАНДАЙ БӨЛҮШӨТ?
Алты баланын ата-энеси Анжелина менен Брэддин мамилелери мыйзамдаштырылган эмес. Алар жарандык никеде жашап келишет. Экөөнүн адвокатка ээрчишип барган сапары массалык маалымат булактарына “ажырашуу тууралуу кам көрүп жатышат” деп жайылган. Бирок түгөйлөр ал сапарын такыр башка нукта экенин айтып түшүндүрүшүүдө. Тагыраак айтканда, ортодогу байлык-мүлктү мыйзамдуу түрдө бөлүштүрүп коюу. Анткени экөө тең чыгармачыл чөйрөдөн болгондуктан, “өмүр бою бирге болорубузга кепилдик бере албайбыз” дешкен. Андыктан алдын ала кооптонушкан эки жылдыз байлыгын бөлүштүрүп коюуну туура көрүшкөн окшойт. Минтип кам көрүүнүн да жөнү бар. Билесиңерби, булардын канча мүлкү бар экенин? Башкасын коюп үйлөрү тууралуу эле айталы.
Жоли менен Питтин беш үйү бар. Алардын бири Франциядагы 35 бөлмөлүү вилла болсо, калгандары Лос-Анжелесте, Дубайда, Эфиопияда жана Камбоджада. Беш үйү орточо эсеп менен 200 миллион долларга бааланат. Эмнеси болсо да экөө эгер кол үзүшүп өз жолдору менен кете турган болсо, “ортодогу байлыкты тең бөлүшөбүз” деп чечишти.

БАЛДАРЫ КИМИСИНДЕ КАЛАТ?
Баарыбызга белгилүү болгондой эле сөз болуп жаткан жылдыздардын балдарынын үчөө өз кандарынан жаралса, үчөө бакма. Өз канынан жаралган төрт жаштагы Шайло Нувель менен эки жаштагы эгиздери Нокс Леон жана Вивьен Маршелин кичинекей болгондуктан, азырынча энеси менен болууга тийиш. Мындайда Питт сотко берсе да жеңе албасы анык. Ушул себептен үч жаштагы вьетнам улутундагы уулу Пакс Тьен да апасында калат. Ал эми 9 жаштагы камбоджалык Мэддокско Питтин тиешеси да жок. Себеби аны Жоли Брэдге жолуга электе эле багып алган. Беш жаштагы Захара аттуу кызы атасында калуусу толук мүмкүн. Бирок бул жерде “Питт ал кызын багып алууга каалоосу барбы?” деген суроо туулбай койбойт. Анткени Анжелина "Захараны багып алабыз" дегенде Питт каршы болгон экен. Ошентип, жыйынтыгында эгер ажырашса балдардын баары Анжелинада калып, Брэд супер бойдок мырза атка конушу мүмкүн.

“АЖЫРАШПАЙБЫЗ” ДЕШЕТ, БИРОК...
Январь айынын акыркы күндөрүндө жылдыздардын пресс-катчысы “кош жылдыздын ажырашуусу бул жөн гана ушак. Учурда алардын жеке жашоосунда баары жайында” деп маалымдаган.
Бул маалыматка, албетте, ишенгиң келет. Анткени алардын экөөнүн ортосундагы алты баланы ойлогон ар бир жан бирге эле болуусун кааласа керек. Бирок кеп мында эмес. Эске сала кетсек, 2005-жылы “Жоли менен Питт жашыруун мамиле куруп жүрүшөт. Булардын ортосунда сүйүү бар” деген маалымат тараган. Ошондо атактуулардын пресс-катчысы: “Экөө жөн гана кесиптеш”,- деп жокко чыгарып, актанган. Жыйынтыгында экөө мамиле куруп, бир үй-бүлө болуп алышканы учурда факт. Бүгүн да бул пресс-катчынын кезектеги аларды актап, жактаган жумушу болуп жүрбөсүн? Эмнеси болсо да, жылдыздардын ортосундагы мамиле кандайча уланарын убакыт көрсөтөт.


Шоу-бизнес жаңылыктары

"ГРЭММИ–2009дун" СЫЙЛЫКТАРЫ ЭЭЛЕРИН ТАПТЫ
Өткөн аптада АКШнын Лос-Анжелес шаарында 52-ирет “Грэмми” сыйлыгынын аземи болуп өттү. Андагы башкы сыйлыктар 2009-жылы жемиштүү иштеген ырчы Бейонско ыйгарылды. Бейонс “Грэмми” сыйлыгынын 10 наамына көрсөтүлүп, алтоосуна ээ болду. Анын “Single Ladies” (“Бойдок кыздар”) аттуу ыры “Жылдын мыкты ыры”, “R&B стилиндеги мыкты композиция”, “R&B стилиндеги мыкты альбом”, “R&B стилиндеги мыкты айымдар вокалы”, “Салтка айланып калган мыкты R&B аткаруучу” деген наамдарды алса, ал эми “Halo” (“Жаркыроо”) деген ыры “Мыкты поп вокал” наамына татыды. Ошентип, Бейонс алтындан жасалган алты статуэтканы колго алып, кызуу кубанычка батып кайтты.
Мындан тышкары британиялык жылдыз Леди Гага эки, Тейлор Свифт үч, Jay-Z бир статуэтканы колуна кармашып, уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдиришти. Ошондой эле бул жылы Орусиянын музыканттары да бул барктуу сыйлыктан куру калган жок. Дирижёр Владимир Ашкенази жана пианист Евгений Кисин “Грэмми” сыйлыгын алышты.
“Грэмми” сыйлыгын тапшыруу аземинин бул жылдагы өзгөчөлүгү легендарлуу Майкл Жексонго берилген сыйлык болду. Поп падышага "музыка дүйнөсүнө кошкон салымы үчүн" деп өзгөчө наам ыйгарылып, уулу Принц Майкл Жозеф Жексон менен кызы Пэрис-Майкл Катрин Жексонго тапшырылды.

ЖУКОВА БЕЛЕККЕ ГОЛЛИВУДДАН ОСОБНЯК АЛДЫ
Модель Дарья Жукова АКШнын Лос-Анжелес шаарынан үй алууну көптөн бери самап келген. Модель кыздын бул каалоосун сүйгөнү олигарх Роман Абрамович жакынкы күндөрдө орундатты. Миллионер сүйгөнүнө
19,5 миллион долларды чапчыган особнякты сатып берди. Эми Жукова Голливуддун Леонардо ди Каприо, Холли Берри аттуу жылдыздары менен коңшу жашайт.

БЕРДНИКОВ АТА БОЛДУ
“Корни” тобунун ырчы жигити Александр Бердников кыздуу болду. Анын ымыркайы 3 килограмм 200 грамм, бою 50 сантиметр болуп төрөлдү. Ырчы жаңы төрөлгөн наристени колуна алганда “кичинекей перзент чын эле меникиби?” деп өзүн ушунчалык бактылуу сезип, көзүнө жаш алыптыр. Ал жубайы Ольгага рахматын айтып, жакшы белек даярдап койгонун билдирген.

ДУБЦОВА ЭКИНЧИ ЖОЛУ
ТУРМУШКА ЧЫГАТ
Ирина Дубцова экинчи жолу турмушка чыгууга камынып жүргөнүн кабарлады. Болочоктогу түгөйү кесиби боюнча тиш доктур, Орусиядагы белгилүү стоматологиялык клиниканын ээси экен. Эскерте кетсек, Дубцованын биринчи жолдошу “Plazma” тобунун ырчысы Роман Черницын болчу. Экөөнүн ортосунда Артём аттуу уулу бар.

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 379, 5-11-январь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан