Трансплантология боюнча операцияларды менчик клиникаларга жасоого уруксат бере турган мыйзам долбоорун Жогорку Кеӊештин комитети кабыл алган жок.
9-февралда Боршайком Жогорку Кеӊештеги «Бир бол» фракциясынан талапкер Бакирдин Субанбековго мандат тапшырды. Милициянын генерал-лейтенанты Бакирдин Субанбеков өткөн жумада өз арызы менен мандатынан баш тарткан Бакыт Есенбаеванын ордуна депутат болуп келди.
Бишкектин Биринчи Май райондук соту «Кыргызстан» фракциясынан депутат болгон Урмат Ишенбековду мандаттан ажыратуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин колдоду.Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg