Гезитибиздин мурунку санында өзүнүн жагымдуу коңур үнү менен көп кыздардын жүрөгүнө бүлүк салган ди-джей Азамат Эркинбаев кайрадан эфирге кайтканы тууралуу жазган элек. Бул кабар көпчүлүккө жагымдуу жаңылык болгондуктан, Азаматты кепке тарттык.
– Саламатсыңбы, сага Эдил деп кайрылайынбы же Азамат деппи? Дегеним, буга чейин баарыбыз сени Эдил Эркинбаев деп көнүп калыптырбыз...
– Саламатчылык. Эдил деп да, Азамат деп да кайрыла берсең болот. Себеби мен эки ысымга тең көнүп калгам. Азамат – паспорттогу атым, ал эми Эдил деген псевдоним дагы эмес, экинчи атым. Эмил деген агам бар. Агамдын атына уйкаштырып үйдөгүлөр Эдил деп атап жүрүшүп, көнүмүш болуп калды.
– Радиодон кеткениңде, эл арасында ар түрдүү сөздөр айтылган. Мисалы, “ооруп жатат” деген сыяктуу. Бул чынбы?
– Жок, мен кеткенден кийин да өзүм тууралуу түрдүү ушактарды уктум. Мисалы, “чет өлкөгө иштеп кетейин деп жатат” же “ооруп калган экен”, "үйлөнүп алган экен" деген сыяктуу. Булар, албетте, ушак. Чыгармачыл адамга тыныгуу сөзсүз керек экен. Окшош нерседен тажайсың. Анан жаңыланууну издейсиң. Мен шаштырган шаар турмушунан тажап, кичи мекениме барып абасын жутуп, көл жээктеп басып эс алууну самагам. Ал үчүн бир же эки ай жетиштүү эмес болчу. Жөн гана эс алууну, ата-энемдин, бир туугандарымдын кашында болууну самап, ошондуктан кеткем.
– Эмне үчүн “Кыргызстан Обондору” радиосунда эмес, “Тумарда” иштөөнү чечтиң?
– “Обондорунан” чоң тажрыйба топтодум. Ошону менен бирге жакшы адамдар менен достоштум. Эмне үчүн “Тумар” радиосуна келдим? Жашоомдо жаңыланууну кааладым. Дагы бир себеп, “Тумардын” директору Алексей Сидоров сунуштаган чоң суммадагы гонорардан баш тарта алган жокмун.
– Мурунку кесиптештериң “башка радиого кеттиң” деп таарынышкан жокпу?
– Башында тамашалашып, “эмне бизди чанып кеттиң?” деп жатышты. Бирок алар да чыгармачыл адамдар, мени жакшы түшүнүшөт. Мурунку кесиптештерим менен деле мамилем эң сонун.
– Мындан бир нече жыл мурун биздин гезитке “болочокто мага жар боло турган кыз үч жылдан кийин окуусун аяктайт. Ошондо үйлөнөм. Ал Медакадемияда окуйт” деп интервью берген элең. Анан качан үйлөнөйүн деп турасың?
– Качан үйлөнөрүм азырынча белгисиз. Ал эми Медакадемияда окуган кыз менен сүйлөшпөй калгам. Мен чыныгы сүйүүгө эми чалдыктым окшойт. Азыр мени сүйүүгө мас кылган периштем 19 жашта. Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринде окуйт.
– Сүйүү отуна кабылганың жакшы кабар экен. Эмесе, ишиңе ийгилик, жагымдуу маегиңе рахмат.
Бактыгүл Сокушова
star@super.kg