Кыргызда «бура сүйлөгөн күлгөнгө жакшы» деген кеп бар эмеспи. Анын сыӊарындай биз бул ирет кыргыз эстрадасында хит болгон ырларга пародия жазып көрдүк.Ильяз Андаш, «ДҮЙНӨДӨ СЕНИ СҮЙГӨН БИР АДАМ БАР»
Жоодурап сага карар бир адам бар,
Жалбарып жүрөгүӊдү сураган бар.
Жамалыӊ жашка толуп турса дагы,
Дүйнөдө сени сүйгөн бир адам бар.
Муӊкансаӊ муӊду жазар миӊ амал бар,
Моюбай кылыгыӊа чыдаган бар.
Мүнөзүӊ мөндүр сымал төксө дагы,
Дүйнөдө сени сүйгөн бир адам бар.
Күз келип, жалбырактар куураганда,
Көӊүлдүн кетиктерин сураган бар.
Кыш өтүп, махабаттуу жаз да келет,
Дүйнөдө сени сүйгөн бир адам бар.
«ДЕПУТАТТЫН АРМАНЫ»
Жоодурап мага келген бир адам бар,
Жалбарып карызга акча сураган ал.
Банктарда акчам толуп турса дагы,
Дүйнөдө мен издеген бир адам бар.
Андан көп акча табар миӊ амал бар,
«Кыӊк» дебей кылыгыӊа чыдаган бар.
А бирок мынча менин пейилим тар,
Анткени мага карыз бир адам бар.
Жаз келип талаа иштери башталганда,
Жалдырап жардам сурайт шайлоочулар.
Экинчи өлсөм дагы карыз бербейм,
Дүйнөдө мени алдаган бир адам бар.
Назира Токонова, «САГА»
Сыздасын дегениӊби,
Сырымды билбей койдуӊ.
Сыйкырлуу жомогумдун,
Ичине кирбей койдуӊ.
Унутсун дегениӊби,
Уйкумду бузбай калдыӊ.
Жайнаган көӊүлүмдү,
Жылытпай музга айландыӊ.
Түӊүлсүн дегениӊби,
Түшүмө кирбей койдуӊ.
Тымызын сүйөрүмдү,
Негедир билбей койдуӊ.
Аялуу жүрөгүмдүн,
Эшигин чертпей калдыӊ.
А бирок унутулбай,
Оюмдан кетпей калдыӊ.
«ДЕМӨӨРЧҮ БАЙКЕГЕ КАТ»
Сыздасын дегениӊби,
Сырымды укпай койдуӊ.
Сыйкырлуу чоӊ үйүӊдүн,
Сыртына чыкпай койдуӊ.
Унутсун дегениӊби,
СМС жазбай калдыӊ.
Убадаӊ аткарылбай,
Өзүӊдү таппай калдым.
Түӊүлсүн дегениӊби,
Түшүмө кирбей койдуӊ.
Акчаӊды сүйөрүмдү,
«Алтыным», билбей койдуӊ.
Ишиӊдин мындан ары,
Эшигин чертпей калдым.
Анткени баштагыдай,
Акчаӊдан бербей калдыӊ.
Нурмат Садыров, «МЕН СҮЙГӨН МЕНЕН ПАЙДА ЖОК»
Мен сүйгөн менен пайда жок,
Кантейин, жаным, айлам жок.
Көнбөдүӊ сүйүүӊ барчудай,
Көӊүлүм болду калчудай.
Кайырма:
Балбылдап көздөрүӊ кара-кара,
Айта албайм сүйүүмдү сага гана.
Айтайын, башканын кереги жок,
Жылмайып жылуулук берчи мага.
Сүйдүрдүӊ мени, сүйүктүүм,
Сүйүп мен үзбөйм үмүтүм.
Өзүӊсүз өтсөм өмүрдөн,
Арманым айтчы, ким үчүн?
«МИГРАНТТЫН АЯЛЫНА ЖАЗГАН КАТЫ»
Мен жүргөн менен пайда жок,
Кантейин, жаным, паспорт жок.
Мазамды алба калчудай,
Москвада үйүм барчудай.
Кайырма:
Калгын деп чаласыӊ кайра-кайра,
Калалбайм жумушум болсо кана?
Болду эми Москванын кереги жок,
Жылмайып жылуулук берчи мага.
Күйдүрдүӊ мени, сүйүктүүм,
Жүрдүм го иштеп күнү-түн,
Акчаны салдым жакшы эле,
Анымдын баары ким үчүн?
Асхат Субанбеков
star@super.kg