АКЫРКЫ КЕЗДЕ ДҮЙНӨНҮ ДҮРБӨЛӨҢГӨ САЛГАН ВИРУСТАР

ЗИКА ВИРУСУ
СТАТИСТИКА
2016-жылдын январь айына карата Зика вирусу 30дан ашык өлкөдө катталып, дагы 35 өлкөгө жайылуу коркунучу бар. Түндүк жана Түштүк Америкада вирусту алып жүрүүчүлөрдүн саны 3-4 миллиондун тегерегинде (мунун 1 миллион 500 миӊи Бразилияда), өлгөндөрдүн саны – 9. Европанын 9 өлкөсүндө вирусту жуктуруп алгандар бирин-серин. Орусиялык 1 аялдын ооруну жуктуруп алгандыгы 2016-жылдын 15-февралында орусиялык ММКларга жарыяланды (Доминикан өлкөсүндө жүрүп жуктурган).

ВАКЦИНА ЖОК
Вирус аз изилденген, андыктан вакцина, дары-дармек жок.

ООРУНУН БЕЛГИЛЕРИ
Денеге бүдүрлүү кызыл темгилдер чыгып, дене табы көтөрүлөт. Көз кызарып, муундар ооруп, калтырап-чыйрыгуу күтүлөт.

ЧИРКЕЙЛЕР АРКЫЛУУ ЖУГАТ
Вирус Aedes түркүмүндөгү чиркейлер аркылуу жугат, бирок адамдан адамга жыныстык жол менен жуккан учурлар да белгилүү (аталган чиркей вирустуу Денге оорусун да таратат). Вирус биринчи жолу 1947-жылы Уганданын (Африка) Зика токоюндагы макак-резустарда (маймыл түрү)кездешкендиктен Зика аталышын алып калган. 2015-жылы Түштүк жана Борбордук Америкада активдүү жайыла баштаган.

КАЛТЫРАТМАНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ
Калтыратмага кабылган кош бойлуу аялдар балдарын микроцефалия (баш сөөктүн жана баш мээнин адаттан кичине көлөмдө болушу, кем акылдык) менен төрөшөт. 2015-жылы Бразилияда 4180 бала микроцефалия менен туулган. Андыктан Бразилиянын жана Сальвадор өлкөлөрүнүн врачтары аялдарга жакынкы 3 жыл аралыгында төрөбөй турууларын сунушташууда.
*Чоӊ адамдардын өмүрүнө коркунуч келтирбейт жана оору белгилери анча байкалбай эле өтүп кетет.

ООРУНУН АЛДЫН АЛУУ
Кыргызстанда Зика вирусун жугузуучу чиркейлер да, оору жуктурган жарандар да жок. Бирок ооруга чалдыкпоо үчүн Aedes түркүмүндөгү чиркейлер жашаган өлкөлөргө (Түндүк жана Түштүк Америка, Африка, Индия, Түштүк Чыгыш Азия) каттабай турганы оӊ.

ВИРУС ОКУМУШТУУ- ГЕНЕТИКТЕРДИН ЖАӉЫЛЫШТЫГЫБЫ?
2016-жылдын февралынын башында орусиялык басылмалар Улуу Британиянын «The Daily Mirror» гезитине шилтеме берүү менен маалымат таратышты.
Маалыматта британиялык «Oxitec» биотехнологиялык компаниясы 2012-жылы Бразилияда Денге калтыратмасын четтетүү максатында гени модификацияланган чиркейлерди жаратуучу ферма ачкандыгы баяндалат. Андан ары «2015-жылы июлда эркек мутант чиркейлердин 1-партиясы эркиндикке коё берилген. Алар ургаачы чиркейлерге личинкалары жыныстык жактан жетиле электе эле өлүмгө жеткирүүчү генди берүүгө тийиш болчу. Ушундай жол менен чиркейлер азаймак. Бирок жыйынтык окумуштуулардын ойлогонундай болбой калган. Зика оорусунун жайылышы ошондон болушу мүмкүн» делет.

ЧОЧКО ТУМООСУ
СТАТИСТИКА
Саламаттыкты сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин жугуштуу оорулардын алдын алуу жана эпидемиологиялык көзөмөл башкармалыгынын башчысы Абдыкадыр Жороевдин маалыматы боюнча, 2015-жылдын 1-октябрына чейин Кыргызстанда чочко тумоосу менен ооруган адам катталган эмес. 2015-жылдын 1-октябрынан 2016-жылдын 15-февралына чейин 116 адам чочко тумоосу менен катталып, 25 650 адам бекер эмделген. Акы төлөп алгандар 4300 адам (1 вакцина 500-650 сомдун тегереги). Каза тапкандар жок.

БИЗДЕ ЧОЧКО ТУМООСУНУН 2 ШТАММЫ КАТТАЛУУДА
Сасык тумоонун вирусунун A, B, C деген түрлөрү бар. Чочко тумоосу анын A түрүнө кирет жана анын майда штаммдары бар: A/H1N1, A/H1N2,
A/H3N2, A/H2N3. Кыргызстанда булардын
A/H1N1, A/H2N3 штаммдары жана вирустун B штаммына кирген B/Пхукет катталууда. Белгилери сасык тумоонукуна окшош, андыктан врачка текшерилүү зарыл.

МУТАЦИЯЛАНАТ
Чочко тумоосу үй чочколорунун арасында АКШ, Канада, Түштүк Америка, Европа, Кения, Кытай, Тайвань, Япония жана башка Азия өлкөлөрүндө кездешет. Вирус адамдан адамга (чанда жаныбарлардан) жукканда мутациялана берет. Вирус тууралуу макалалар 2009-жылдан баштап ММКларда чагылдырылып келет.

ООРУНУН БЕЛГИЛЕРИ
Мурундан суу агып (ринит), дене табы көтөрүлөт. Тамак, баш ооруйт, адам жөтөлөт. Чыйрыгат, кусат жана ичи өтөт. Муундар жана булчуӊдар ооруйт.

ООРУГА ТААСИР ЭТҮҮЧҮ ДАРЫ-ДАРМЕКТЕР
Ремантадин, амантадин, осельтамивир, арбидол жана башкалар кирет.

АЛДЫН АЛУУ
Коомдук жайларда жана унаада медициналык бет кап тагынуу; колду бат-бат самындап жуу; чүчкүргөн, жөтөлгөндөрдөн алыс туруу; иммунитетти көтөрүү; көчөдө кир кол менен бети-башты кармалабоо жана башка.

ФАРМАЦЕВТИКАЛЫК КОМПАНИЯЛАР АКЧА ТАБУУ ҮЧҮН ОЙЛОП ТАБЫШКАНБЫ?
Чочко тумоосунун жаралышы боюнча ой-пикирлер көп.
Фармацевтикалык компаниялар дарыларын сатып, акча табуу үчүн ойлоп табышкан; вирус биологиялык курал катары ойлонуп табылып, анан лабораториядан сырткары чыгып, жайылып кеткен; жаӊы вирус; мурун эле бар болуп, бирок кийин ачылган вирус.

11 МИӉ АДАМДЫН ӨМҮРҮН АЛГАН ЭБОЛА ВИРУСУ
СТАТИСТИКА
Эбола вирусунан жалпысынан 28 640 адам ооруп, анын 11 315и каза тапкан (2015-жылдын 13-декабрына карата).
Вируска чалдыккан Кыргызстандын жарандары каттала элек.

АФРИКАДАН ЧЫККАН
Эбола вирусу Африканы байырлаган жарганаттарда жолугат. Эпидемиянын алгачкы очогу Конго Демократиялык өлкөсүндөгү Эбола дарыясына жакын жерде катталгандыктан вирус дарыянын атынан аталып калган. Ооругандардын 90 пайызга жакыны каза табат. Батыш Африкада Эбола калтыратма эпидемиясы 2014-жылы Гвинеяда башталып, өлкө аймагынан чыгып, 2015-жылдын декабрына чейин созулган.

ВИРУС ТАРКАГАН ӨЛКӨЛӨР
Вирус таркап, адамдар каза тапкан Африка өлкөлөрү (Конго, Нигерия, Гвинея, Либерия, Сьерра-Леоне), вирус катталып жана адамдар вируска шектелип ооруканага жаткырылган өлкөлөр (Чехия, Сербия, Македония, Австралия, Мали). АКШда 1-2ден өлүм катталып, Испанияда 1 адам ооруган жана башка.

ВИРУС КАНДАЙЧА ЖУГАТ?
Вирус жуккан кандан же адамдын организминдеги башка суюктуктардан (кан, шилекей, какырык жана башка) жугат. Окумуштуулар оору жыныстык катнашта эркектин уруктугу аркылуу жугарын жана уруктукта 6-9 айга чейин сакталарын айтышат. Африкада шимпанзе, горилла, чочко, жарганат жана антилопадан адамга жуккан учурлар катталган.

БЕЛГИЛЕРИ
Баш, тамак катуу ооруп, ич өтүп, булчуӊдар алсызданат. Ооздон, көздөн, мурундан, ичтен кан кетет. Териге ыйлаактаган бүртүкчөлөр чыгып, калтырап-титирөө күтүлөт.

АЙЫКТЫРУУЧУ ЫКМА ЖОК
Врачтар бейтапта оору белгилери эрте билинсе, ошону гана четтетип, иммунитетти көтөрүүчү каражаттарды беришет.

ВИРУС ГЕНОЦИД КУРАЛЫБЫ?
Орусиялык Anvictory.org сайтына «Эбола вирусу АКШнын биологиялык куралыбы?» аттуу маалымат жарыяланган. Анда АКШнын Фредирик шаарында АКШнын армиясынын Форт Детрик объектиси (бактериологиялык борбору) бардыгы, Эбола вирусу ошол жерде түзүлүп, Гвинеянын жер байлыктарын (газ, мунай, алмаз, уран, темир) басып алуу максатында ташталгандыгы баяндалат. Вирус коӊшу өлкөлөргө чейин жайылгандыгы, вакцина үчүн көп акча бөлүнгөнүнө карабай лаборатория аны эмнегедир аягына чыгарбай койгону да айтылат.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
aizada15
2016-02-22 11:57:22
кыргыздарды андай оорудан кудай сактасын,бул ооруларлын даарысын сатып акча табыш учун да чыгарышы мумкун
+4
aziziko
2016-02-22 19:16:44
aizada15, чыгарылышы мумкун эмес эле ошентип чыгарылган. Африкада алмаз менен алтын коп ошондуктан бай кучтуу мамлекеттер учун бул огу жок курал анткени ачык согуш ачып басып ала албайт эгер антишсе 3 дуйнолук согуш болуп кетет. Огу жок куралдын туру коп азыр
+4
kanykey125
2016-02-22 19:14:13
Кудай жаратып коюп бул жашоого келгенден кийин Адам баласы тынч жакшы жашай беришпейби дейм да.коралбастык басфп алуучулук токтобой кылымдан кылымга улана берет сыягы.
+4
Aselya2891
2016-02-23 02:07:39
Мындай жаман оору Кыргызстандан айланып эле кетсе экен!!!
+1
zzari-83
2016-02-23 19:14:19
Кудай сактасын баарыбызды...Үчүнчү дүйнөлүк согуш-бул биологиялыык согуш деп уккан жайым бар эле,чын окшойт тооба кылдым...
0
cholponka91
2016-02-25 10:45:21
иий кудай сактасын
0
begaly-nurtilek
2016-02-25 17:52:03
Саламатсынбы админ.аракты кантип ичирбей койсо болот. Ушу тууралыда жазып койунуздарчы сураныч таблеткалар сатылабы аптекада
0
begaly-nurtilek
2016-02-25 18:02:25
аракты кандай жол менен таштаса болот ким билет ушул тууралы маалымат жазып койунуздарчы сураныч
0
maks90
2016-02-25 22:55:41
Туугандар бири бирибизге дуа кылалычы,ылайым эле аманчылык,тынчылык,токчулук турмушта жашайлычы.Жерибизди,элибизди АЛЛАХым озу колдосун,коргосун,ички сырткы душмандардын жамандыгынан сактасын.Амин
+2
Akmatov1990
2016-02-25 23:23:59
Аллах озу сактасын кыргыз элими
0
Akmatov1990
2016-02-25 23:30:55
Мен озум вет врачмын. айрым адамдарга тан қалам уйуно барып малыңы эмдетип кой оору сыркоодон алыс болосун десен эмдетишпейт. мисалы эхинококкоз жана альвеококкоз оорусуна дегельминтация жургуздур десен оорубайт итим дейт да кийинчерек үй було мучосунон бироосу операция болот.
+1
№ 694, 19-февраль-25-февраль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан