Алгач бул актрисаны биз «Общага» телесериалындагы Мэка аттуу кыздын образында көргөнбүз. Көп өтпөй ал «Азия Микс» КВН командасынын мүчөсү катары эл алдына чыга баштады. Каарманым Ситора Фармонова өзбек элинин актриса жана ырчысы. Ал бир кезде Мирбек Атабеков менен «Эгиз жүрөк» деген ырды дуэт менен да ырдаган эле.
Туулган жылы, күнү – 1984-жыл, 20-август
Туулган жери – Өзбекстан, Бухара шаары
Билими – Жогорку, Ташкент мамлекеттик театр институтун аяктаган
Тартылган тасмалары – «Байконур» (Казакстан, Орусия, Германия), «Общага» (Кыргызстан), «Сарвиноз», «Маржона» (Өзбекстан) жана башка.
– Ситора айым, Кыргызстанга алгачкы жолу качан келген элеӊиз?
– Мындан 3 жыл мурун «Общага» телесериалына тартылуу үчүн келгем. Биринчи Бишкекке келип, дароо эле Ысык-Көлгө кетип калдык. Себеби сериалдын алгачкы тартуу иштери ошол жакта башталмак. Көл, анын сулуулугу мага ушунчалык жакты. Түндө көлдүн жээгине келип көпкө карап турганды адат кылып алган элем. Ай чыгып, көлгө чагылышып турат го, ошол учур көз алдымдан кетпейт.
– Сериалда «стерва» кыздын ролуна капыстан алынган экенсиз...
– Ооба, ал да өзүнчө кызык окуя. «Азия Микс» командасынын капитаны Эльдияр Кененсаров менен жубайы Камила Абдил Ташкентке кастинг өткөрүү үчүн келишип, алгач Тахмина аттуу жаш кыздын образына актриса тандап жатышкан. Мен болсо кастингге чейин эмнегедир жиним келип (азыр себеби эсимде деле жок), аябай негативдүү эмоция менен баргам. Мага бир нерсени аткарып көр деп тапшырма беришти. Бирок мен маанайыма жараша такыр башка, терс образды жаратып салдым. Жыйынтыгында мени дароо «стерва» кыз Мээримдин образын жаратууга чакырышты.
– «Азия Микс» КВН командасына кандайча келип калдыӊыз?
– Сериалга тартылып жүргөндө Камила менен жакындан тааныш болуп калганбыз. Кийин да мамилебизди үзбөй, жакын курбулардай катышып жүрдүк. Ал Эльдиярга мени командага алалы деп сунуштаган экен. Бир күнү мага Эльдияр чалып «КВН эмне экенин билесиӊби?» деп жатпайбы, мен камырабай «ооба» дедим. «Анда кел, биздин команда менен чогуу ойно» деди, анан кантип жок демек элем. Ошентип эки досумдун жардамы менен КВНде ойноп жүрөм.
– Мекендештериӊиз бул тууралуу кандай ойдо?
– «Азия Микс» командасы аты айтып тургандай эле Азия элдеринин биримдигин билдирет. Андагы ар бир улуттун өкүлү өз өлкөсүнүн жүзү катары кабыл алынат. Мен Өзбекстандын атынан чыгам.
– КВН, ырчылык, актрисалык... Мунун баарын теӊ алып кетиш оӊой эместир, мындай темпте сөзсүз бир тарап аксап калчудай сезилет.
– Ооба, кыйын, бирок мен бардык жакка бирдей жетишип жатам. Кээде өзүм да таӊ калып кетем.
– Байкашымча, КВНде көрүнүктүү оюн көрсөтө элексиз. Сүйлөчү сөздөрүӊүз дагы көп эмес. Бул сизди жогорку билимдүү актриса катары капалантпайбы?
– Чындыгында капалантат. Бирок тасмага тартылуу менен сахнада тамашалоо эки башка нерсе экен. Көптөр «актриса да, демек, бүт нерсени аткарыш керек» деп түшүнүшөт, чындыгында андай эмес. Мен КВНге жаӊы кадам таштап, эми гана таанышып баштадым, даамын татып жатам дегендей. Буюрса, баары алдыда.
– Сизге көбүнчө кайсы тарап жакын?
– Кыскасы, мен элдин көӊүл чордонунда болгонду жакшы көрөм. Тасмага тартылып жатсам деле айланамдагылардын көзү менде, сахнада турсам деле баары мага карашат. Ошондуктан бул нерсе мага жагат (күлүп).
– Мирбек Атабеков менен «Эгиз жүрөк» аттуу ырды дуэт аткарганыӊызды билебиз. Бирок көпчүлүк аны өзбек элинин башка ырчысы Шахзоданын аткаруусунда деп билишет...
– Башында Мирбек менен Шахзода аткарат деп пландалган экен. Бирок Мирбек экөөбүз ырдап калдык. Мага да бул тууралуу көптөр айтышты, аларды угуп, адилеттүүлүк үчүн күрөшкүм келип жүргөн. Менин үнүмдү тааныган күйөрмандарым дароо Шахзода эмес экенин билишти. Дуэт ким менен аткарылса, ошол бойдон элге тараса жакшы болмок.
– Жеке жашооӊузга келсек. Социалдык түйүндөрдөгү баракчаӊызга сүйүктүү мырзаӊыз тарабынан белекке берилген гүлдөрдүн, ал уюштурган сюрприздердин сүрөтүн байма-бай жүктөп турасыз...
– Жеке жашоом тууралуу ооз ачпоону туура көрөм. Бирок туугандарымдын көп жылдан бери «турмушка чык, убакыт келди» деген кептерин угуп эле жүрөм. Менин оюмча, бардык нерсенин өзүнүн кези келет. Ошондо ойлор ишке ашат, буюрса.
– Маегиӊизге рахмат.
Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg