Шоу-бизнесте жагымдуу ырдаган жаш кыз көпчүлүктүн купулуна толуп келет. Өзү да мектеп окуучусу экенине карабай көптөгөн ийгиликтерди жаратууда. Кеп Айымжан жөнүндө болуп жатканын баамдасаӊыз керек. Анда бул ырчынын дүйнөсү менен таанышалы.
«ДАГЫ ДЕЛЕ БАЛА КЫЯЛМЫН»
– Бала кезде жаным тынбаган тентек кыз элем. Элдин балдары «бала бакчага барбайм» деп ыйласа, мен эртеӊ менен 7де туруп ата-энемди ойготуп, өзүм кийинип «мени бакчага алып баргыла» деп чыр салчумун. Эс алуу күндөрү да аларды уктатпай, ушул адатымды кайталай берет элем. Мектепте окуганда да бул адатым калбай «болгула, кечигем» деп шаштырып, үйдөн ызы-чуу менен чыкчубуз. Ушинтип жүрүп эле азыр уялчаак, тартынчаак болуп өзгөрдүм. Бул кыздар үчүн жакшы мүнөз болгону менен, сахнага болбойт экен. Анткени шоу-бизнестеги адамдар шамдагай, шайыр, эч нерседен тартынбаган болушу керек турбайбы. А мен дагы эле бала кыялмын. Бизде өспүрүм курактагы ырчылар жок болгондуктан, чоӊ ырчылардын чөйрөсүндө жүргөнгө туура келип жатат.
«КЫРГЫЗЧА ТУУРА ЭМЕС СҮЙЛӨП АЛАМ ДЕП ТАРТЫНА БЕРЕМ»
– Азан чакырып койгон атым Айымжан. Үйдөгүлөр Айыма деп кайрылышчу, ошол атым менен сахнага чыккам. Мындан кийин өз атым менен Айымжан деп чыгууну туура көрдүм. Менин чыгармачылыгымды чоӊ ата-чоӊ энем, таята-таенем, ата-энем аябай колдошот. Ырды да алардын жардамы менен тандайм. Ошондуктан мен продюсердин жардамына муктаж эмесмин.
Өзүм кыргызча түшүнгөнүм менен, туура эмес сүйлөп алам деп тартына берем. Бирок кыргызча ырды жаттап, тилди бузбай так ырдаганга аракет кылам. Музыкалык билимим жок, вокалдан да сабак албайм, Кудай берген үнүм ушундай. Учурда ырга обон чыгарганга аракет кылып жатам. Жакында жакындарымдын сунушу менен Түгөлбай Казаковдун «Түнкү ыр» деген чыгармасын жаздырдым. Эми мындан кийин өзүм жаӊы ырларды жаздырып, буюрса, жеке концертимди тартууласам деген тилегим бар.
«4 ЖЫЛ БЕКЕР ОКУЙМ»
– Борбордук Азиядагы Америка университети уюштурган STREAM сынагына катышып, 4 жыл бекер окуу сертификатын утуп алдым. Бул окуу жайда көп программалар бар экен. Жакшы окуп, чет мамлекеттерде окууӊду улантсаӊ болот. Азырынча кайсы факультетке тапшырышымды тандай элекмин. Ар ким ар кандай кеӊештерди айтып башым айланып жатат. Кайсы тармакты тандабайын, музыка менин жан дүйнөмдө кала берет.
«САНЖАР БАЙКЕ АТАМДЫН РОЛУН ОЙНОП ЖҮРДҮ»
– Быйыл Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигинин чакыруусу менен Малайзияга барып жыргап эс алып келдим. Дил баян жазып жеӊүүчү аталган окуучулар өзүм курактуу болгондуктан жакшы тил табышып кеттим. Кичинемде бир жакка чыкканда дайыма ата-энем өзүлөрү алып барышчу. Бул жолу мени Санжар байкеге (ред. Мыкыев) табыштап жөнөтүштү. Ал жактан келгиче Санжар байке менин атамдын ролун ойноп «ай, кызым, бас. Кызым, муну же» деп мени жетелеп жүрдү.
Малайзияда ырларымды жактырып күйөрман болгон Бектур деген жигит Бишкекке кайтарда гүлдесте берген эле. 14-февраль күнү да жумшак оюнчук менен гүлдесте берип жибериптир. Азырынча мен күйөрмандарга алаксыбай, окуумду ийгиликтүү аякташым керек деп ойлойм.
«АСЕМ БУЮМДАРГА КЫЗЫКПАЙМ»
– Жашоодо жөнөкөй, ыӊгайлуу кийинген жагат. Алтын, күмүш жасалгаларга такыр кызыкпайм. Мына карасаӊыз, шакек, шуру мындай турсун жадакалса кулагымда сөйкөм жок жүрөм. Боёнгонду да жактырбайм. Башка ырчы кыздардыкындай косметикалык каражатым да жок. Кудай жараткан ушул өӊ-келбетиме ыраазымын. Сахнага чыгарда салонго барып жеӊил эле боётуп алам. Ал эми чыгармачылыкта Каныкей эже сыяктуу өзгөчө стилде чыккым келет. Ошондуктан кызыктуу образ издеп жүрөм. Карабайсызбы, кичине өзгөргөнгө аракет кылып чачымды кестирдим (күлүп).
«ӨЗҮМӨ МАШИНА БЕЛЕК КЫЛСАМ ДЕЙМ»
– Түнкү клубдарга барып көргөн эмесмин. Тасмалардан көргөнүм же бирөөлөрдөн укканым боюнча ал жак жагымсыз жыттанып, ичкен, чеккен жеӊил ойлуу кыздар жүрөт. Ичип алган кишиден аябай корком. Мага лыжа тээп тоодо эс алган аябай жагат. Анан да досторум менен тынч жерде отуруп сүйлөшкөндөн ырахат алам. Мен саякаттаганды жакшы көрөм. 8 жашымдан бери Орусия, Беларусь, Украина, Казакстан, Америка сыяктуу көп мамлекеттерге бардым. Дагы көп өлкөлөрдү кыдырсам деп кыялданам. Учурда маршруттук такси менен же шашып баратсам таксиде эле жүрөм. Элдер таанып «Айыма» деп сүйлөшүп калса бир чети кубанам, бир чети уялам. Буюрса, эмки жылы жакшы иштеп, өзүмө темир тулпар белек кылсам дейм.
«КИЧИНЕКЕЙ БАЛДАРГА ЖАКЫНМЫН»
– Ашыктык сезими жөнүндө азыр эч нерсе айта албайм. Мындай жигит жагат, андай жакпайт дегендерден эмесмин. Менимче, кези келгенде жылдызыӊ келишип, мамилеӊе жараша жүрөгүӊ тандайт болушу керек. Акчасына карап мамиле кылгандарды түшүнбөйм. Акча мен үчүн маанилүү эмес, ага караганда адамдын ички дүйнөсү маанилүү. Анан да аялзаты үчүн ашкана маанилүү болуш керек деп кулинардык ийримде окуп жатам. Келечекте балдарыма даамдуу тамактарды жасап бергим келет. Кичинекей балдарга өтө жакынмын. Атам досторунун арасында эрте үйлөнгөндүктөн балдардын арасында мен улуумун. Алар менен чогулганыбызда мен бала баккыч болуп калам. Өзүм да көп балалуу болгум келет.
Замира Рахманбердиева
star@super.kg