ДЖИ (сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

– А биз сен кеткенден бери ушинтип калдык,- көз жашын кармай албай калды. Буулуккан экен. Бүк түшүп отуруп алып ийинин сүлкүлдөтө көпкө ыйлады. Сырттан кирип келген Наргиза ыйлап жаткан Жанарды көрүп токтоду. Ачуусу келип кетти. Качан келсе ушундай. Мас, көздөрү шишиген, баягы сымбаттуу Жанардан кабар жок.
– Жанар, турчу өйдө! Жанар!- кыз жигитти жөлөп-таяп тургуза баштады.
– Наргиз, келдиӊби? Эмнеге келдиӊ? Мен жалгыз калгым келип жатат. Кетчи!- жигиттен арак жыттанат. Наргиза ачууланды. «Эк, сени болгон!» деп Жанарды ары силкип түртүп сыртка бет алып, бирок босогодо туруп калды.
– Жанар! Сен ушинтип күнүгө ичип, өӊгүрөп ыйлап эмнени далилдегиӊ келип жатат?
– Мен сени кет дедим! Мага жолобо!
– Бул дүйнөдө жакынынан айрылган жападан жалгыз сен болсоӊ да эмне болуптур? Мейли, аны эсте, бирок минтип эмес. Ага куран оку. Бейиштен орун алышын тиле. Анан эле күнүгө мас болуп алып улуп-уӊшуй берген туура эмес. Антип арбактын тынчын алба!- Наргиза сүйлөп бүтүп эшикти тарс жаап чыгып кетти. Жанар соолуга түштү. Капысынан ал Аруукеси ага аркы дүйнөдөн көз салып турганын элестетип жиберди. «Бул кебетемди көрсө, ал мага нааразы болмок» деди өзүнө-өзү. Наргизанын «антип арбактын тынчын алба!» дегени кулагына улам-улам жаӊырып жатты.

***

Наргиза чыдап жүрө алган жок. Жанарга катуу айтып кетип калгандан 2 күн өтпөй кайра анын үйүнө барды. Жигит соо экен. Үйүн да жыйнап койгон.
– Кандайсыӊ?
– Жакшы,- жигит күнөөлүү карады. – Мени кечирип койчу. Өткөндө сага оройлук кылыптырмын.
– Эч нерсе эмес, түшүнөм. Абалыӊды билип коёюн деп келгем.
Жанар кызга ыраазы болуп кетти. Канчалаган күндөрдөн бери ушул назик селки мас болуп калса үйүнө жетелеп келип тамагын даярдап, үйүн жыйнап, камкордугун аяган жок. «Боорукерсиӊ» деп ойлоду ичинен.
– Тамак ичтиӊби?
– Жок, ачка эмесмин.
– Азыр жасай калам.
Наргиза ашканага кирип кетти. Тамак даярдап жатып өзүнчө сүйүнүп жатты. Жигиттин өзүнө келгени, кечирим сураганы анын жүрөгүндө белгисиз үмүттү пайда кылды.
Тамактанып отурганда Наргиза акырын Жанардын колунан кармады да:
– Сен эми ичкилик ичпейсиӊ да, ээ?- деди.
– Жок, кечирип кой. Негизи, туура эмес кылган экенмин.
– Жанар, мурункудай болчу. Мен мурунку тамашакөй, чечкиндүү, сулуу Жанарды көргүм келип жатат.
– Мен эми мурункудай болбосом керек.
– Билем, сен кайгыдан кутула элексиӊ. Бирок суранам, мурункудай болчу. Аруукени эсте, ал баары бир сенин жүрөгүӊдөн өчпөйт. Антсе да сени жакшы көргөн адамдар бар экенин да унутпачы. Апаӊ, бир туугандарыӊ, мен... Биз сага муктажбыз,- экөө бири-бирин көпкө үнсүз тиктеп турушту.
– Наргиза,- бир убакта Жанар үн катты. – Сен абдан жакшы адамсыӊ. Өтө эле жакшысыӊ. Бирок сен өз жашооӊду мен үчүн садага чабышыӊды каалабайм. Жакшы билесиӊ, мен эми Аруукедей эч кимди жакшы көрө албайм. А сен болсо бактылуу болушуӊ керек.
– Мен бактылуумун. Сени менен бактылуумун. Мен Аруукенин ордун баса албайм, билем. Чынында, сен бир убакта аны унутуш үчүн мени менен алаксыган экенсиӊ. Менин сезимдерим менен ойноптурсуӊ. А мен сени сүйүп калгам. Ошон үчүн баарын кечирдим. Мен чоӊ кызмын, өзүм чечим чыгара алам.

***

Күндөр тездик менен өтүп жатты. Ойлоп көрсө, Аруукесин жоготконуна 2 жыл болуптур. Бирок ушул жылдарда Аруукесин эстебеген, анын жаны бейиште болушун тилебеген бир да күн болгон жок. Ар убак кыздын мүрзөсүнө каттап турат. Наргиза экөө Аруукенин мүрзөсүнүн айланасына апакай гүлкайырларды эгип коюшкан. Жанар азыр көрктүү болуп ачылып турган ал гүлдөрдү карап Наргизага ыраазы болуп кетти. Анда башкалардын сезимдерин сыйлай билген өзгөчө сапат бар эле.
– Апам мени үйлөн деп жатат. Бул жоопкерчиликтүү кадам го. Мен ага даярмынбы? Даяр эмесминби? Чынында, азыр да сенсиз жашап, сенсиз эле жылмайганды үйрөнүп алганыма өзүмдү күнөөлүү сезип кетем. Бирок билем, сен менин бактылуу болушумду каалайсыӊ. Наргиза абдан жакшы кыз. Ал мага адегенде кыз төрөп берем деп убада берип жатат. Кыздын ысымын Арууке коёрун ал өзү эле чечип койду,- Жанар муӊайым жылмайып алды.
– Мейли эмесе, мен кетейин. Баса, менин түшүмө кирчи, сагындым.

***

Түнкү Бишкек. Борбордук көчөдөгү шамдардын жарыгында Наргиза менен Жанар жетелешип келе жатышат. Назик көйнөк кызга куп жарашып, аны алда канча сымбаттуу көргөзүп койгон.
– Ох, бутум ооруп кетти.
– Түшүнбөйм, эмне мынча бийик такалуу бут кийим киесиӊ?
– Эх, жигиттер, баары силер үчүн да.
– Хе, кел, көтөрүп алайын.
– Кел,- кыз кубанып кетти. Кооз бийик такалуу бут кийимин чечти да, Жанардын моюнуна асылды. Кызды шап колуна алган Жанар аны жүзүнөн сүйүп койду.
– Кандай жакшысыӊ,- кыз жооп кылып жигитин өөп койду.
«А сенчи? Сен кандай жакшы адамсыӊ. Мени жашоого кайтардыӊ» жигит ичинен ушуларды ойлоп жиберди.
– Элестетип кеттим.
– Эмнени?
– Мен апапак үлпөт көйнөк кийип алгам. А сен кара смокингчен. Мени көтөрүп алгансыӊ. Айланада досторубуз кыйкырышып, бизге бакыт каалап жатышат. Кандай сонун болот эле.
– Уф, чарчап кеттим,- Жанар Наргизаны жерге түшүрдү.
– Ушинтип жомоктордун баарын талкалайсыӊ да. Эк, сени!
– Азыр бир аз дем алып алайын.
– Күйөө бала келинчегин колунан түшүргөн соӊ алар колтукташып басышат. Мына минтип. Там-та-ам,- Наргиза үйлөнүү тойлордо ойнолуучу Мендельсондун маршын ойноп жиберди. Жанар жылмайып койду. Кыздын эркине баш ийип, аны менен колтукташып басты.
– Кандай сонун болмок, ээ? Ай, мен сага сүйлөп жатам!
– Сонун болот, ооба.
– Качан?
– Шашпаш керек.
– Сен ушинтип жүрө берип мен карып кетпесем болду.
– А мен сени 60ка чыксаӊ деле алам.
– Ой-бо-ой, мунун сүйлөгөнүн кара. Кайдагы 60, быйыл! Түшүндүӊбү, быйыл?!- Наргиза тамашалап өктөм сүйлөдү. Жанар жооп бериштин ордуна күлүп койду.

***

Наргиза үйүнө кубанычтуу кайтты. Жанар менен сейилдеп, аны менен ойноп, тамашалашып алса эле ушинтип чечекейи чеч болуп калат. Үйдө апасы бар экен. Ал жаӊыдан эле айылдан келген болчу.
– Көчөдө ушунча да жүрөбү?
– Ой, сиз качан келип калдыӊыз?- Наргиза апасын кучактап учурашты.
– Аз эле болду. Келсем сен жоксуӊ. Түн бир оокум болду. Көчөдө ушинтип жүрө берип бирөө бир күнү башка чаап өлтүрүп койсун.
– Кой, апа, ары карап үч түкүрүп коюӊуз. Кудай сактасын,- Наргиза тамашалап апасына эркелей кетти. Кыйладан кийин экөө ашканада чай ичип отурганда апасы сөз баштады...
– Деги сенде турмушка чыгайын деген ой барбы?
– Бар.
– Анда жүрө бербей айылга барбайсыӊбы?
– Эмнеге айылга?
– Күйөөгө тиесиӊ да.
– Апей, күйөөгө тийиш үчүн сөзсүз айылга барыш керекпи?
– Анан бул жакта жүрө берсеӊ бирөө алмак беле сени?
– Алат.
– Эмне, сүйлөшүп жүргөн бирөөӊ барбы?- апасы чындап кызыкты. Жашы 60тан өтүп калган Алмагүл акыркы күндөрү кызына санаа тартып жүргөн. Оюнда кызы алыска эмес, өзүлөрүнүн айылына эле турмушка чыкса дейт. Анан калса кичүү кызын башкаларынан көбүрөөк жакшы көрөт.
– Ооба, бир жигит бар. Мени жакшы көрөт, мен аны жакшы көрөм.
– Жакшы көрөм дейт. Кыз киши антчү эмес. Ким ал жигитиӊ? Каяктан? Алыс жерден эмеспи?- Наргиза апасынын урушканына, чындап анын жигитине кызыкканына күлүп жатты.
– Эӊ башкысы алыс болбош керекпи?
– Ооба да. Сен жанымда болсоӊ, небере карайт элем. Сен иштемексиӊ. Ушунча окуп алып...
– Сарсанаа болбоӊуз, биздин эле айылдан.
– Ийи,- апасы ыраазы боло түштү.
– Ким?
– Апа!
– Айта бер эми.
– Жанар,- айтарын айтып алып кайра уялып кетти.
– Кайсы Жанар?
– Зуура эженин баласычы?
– Ок, Зууранын дейсиӊби? Кой, кызым, ал болбойт.
– Эмнеге?- Наргиза чочуп кетти. Апасы минтет деп ойлогон эмес.
– Анын атасын билесиӊби? Жанагы мугалим Айшага кетип калып Зуура байкушту куураткан.
– Анын кандай тиешеси бар?
– Баласы укмуш чыкты дейсиӊби? Кой, кызым, сага күйөөнү өзүм табам. Эртеӊ Жанарыӊ атасындай болуп сени сыздатып башкага кетсе эмне кылабыз?
– Баласы атасын тартпай койбойт. Анан калса менин кызым жакшыраак эле жерге турмушка чыгышы керек. А тиги Зууранын үрүп чыгар деле ити жок.
– Коюӊузчу, апа. Атасынын катасы үчүн баласы жооп бермек беле? Жанарлар жакшы эле жашашат, анын бул жакта жаӊы конушта үйү бар.
– Кыйратыптыр. Кызым, башканы эле кара, чын. Жанагы Токтобек той-топурга барган сайын атаӊды «кызыӊды бересиӊби?» деп тамашалап калат. Ошонун баласы
жакпайбы?- Наргизанын маанайы түштү. Ал мындайды күткөн эмес.
– Апа, Жанар экөөбүз жакында үйлөнөбүз. Биз...- сүйлөп бүткүчө апасы сөзүн бөлүп кетти.
– Жанар-панарыӊды кой, кызым. Атаӊа угузба. Ал укса жаман болот. Андан көрө Токтобектин баласын карап көрсөӊ. Аябай жакшы жер. Эч нерседен кем болбойт элеӊ.
– Апа, Жанар экөөбүз 2 жылдан ашык сүйлөштүк. Мен силерди билет го дептирмин.
– Кызым, айланайын, мен сага жамандык каалап жатамбы? Жанарыӊ ичкич болуп кетиптир деп жүрүшөт айылда.
– Калп айтышат,- Наргизанын көзүнө жаш тегеренип кетти. Жана эле жигити менен ар нерсени кыялданып келип эми ошол кыялдары бырын-чырын чыга баштаганына ызаланып кетти.
«Быйыл! Түшүндүӊбү, быйыл!»  Наргизанын тамашалап өктөм сүйлөгөнүн эстеп Жанар жылмайып жатты. Ооба, быйыл үйлөнүшү керек, апасы күн алыс телефон чалып анын кулагын бышырып жатат. Анын үстүнө Наргиза жакшы жар болчудай. Андай түшүнүктүү, жароокер, сымбаттуу кызды колдон чыгарып жиберүү күнөө. Бирок эмне үчүн мурда ушунча чечкиндүү болгон эмес? Муну ойлогондо Жанардын каӊырыгы түтөйт.
Чечкиндүүлүк кылып Аруукесин жетелеп айылына кетип калса болмок экен. Балким, анда башкача болот беле? Ооруну бирге жеӊишмек. Эч болбоду дегенде Аруукенин жанында көбүрөөк күндөрдү өткөрмөк. Таарынып, ызаланып, намыстанып отуруп жакшы күндөрдү садага чапкан экен. Кыздын артынан барса болмок. «Эх!» Жанар үшкүрүндү. Качан гана жакын адамдар түбөлүк жок болгон соӊ аларга карата жакшы көрүү көбөйөт экен. Жигит муну жон териси менен сезип жүрөт. Азыр кетирген кемчиликтери үчүн өзүн жек көрүп кетет. Бекер таарынган экен, бекер ага өчөшүп телефон чалбай коюптур. Башкача болмок беле? Бул суроону бир күн да өзүнө бербей калган күн болгон эмес. Бирок азыр мурункудай күйүтү жок. Көрсө, убакыт деген баарына көндүрөт экен...  

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (27)
dasta
2016-02-22 13:11:21
Ищи кылып чын еле болсунда. Анан акырында биро чыга калбасын жакшы жазыпмынбы деп
0
raha84
2016-02-22 13:17:28
Эми эмне болот?Арууке тируу калып Жанар Наргизаны таштап кетеби?
+1
dasta
2016-02-22 19:57:09
raha84,аруке олдуго
-1
aytkulova
2016-02-22 14:04:27
Дагы бир жума кутуш керек((.
0
chon-alai90
2016-02-22 14:10:30
Мен акыры
0
Angel92
2016-02-22 15:49:10
Мен Аруукени тируу деп эле элестетип окуп жатам
0
begaly-nurtilek
2016-02-22 17:05:10
Жакшы чыгарма
0
saipi
2016-02-22 21:55:09
Aruuke tiruu birok kantip tiruu boluwu mumkun dep meem jetpei jatat
+1
Nazikbaigazy
2016-02-23 01:46:17
Е ушул биринчи экинчи дегендерди кандай тушунсо болот, акылынар жайындабы?
+3
Nazikbaigazy
2016-02-23 01:47:02
Байкуш Жанарга кандай гана кыйын е
0
dubai
2016-02-23 02:02:38
кечиресиздер,ботон жердин буудайы бутту беле?
0
MissMedina
2016-02-23 12:40:49
dubai, буткон
-1
nur1975
2016-02-24 03:59:39
ээ арууке жанар жонундо соз болуп жатканда кайдагы буудайды айтасынарда. жанар наргиза экоо жашап жатып жанар москвага кетет.арууке тируу болот, ошентип кундордун бир кунундо аруукени таап алат.:-)
-2
aqua.94mema
2016-02-24 12:05:09
Арууке тирик эле болсо керек
0
Ainazik-21
2016-02-25 02:37:03
Арууке тируу болуп, Жанар менен бирге болсо кандай соонун болмок.
0
Ainazik-21
2016-02-25 02:39:07
Ой, кечиресиздер. Саламатсыздарбы админ жана супер инфо жамааты. Мен бугун эле кошулдум сиздердин катарыныздарга...
0
Ak_TiLeK
2016-02-27 19:31:02
Жанарга отоо ооор
0
№ 694, 19-февраль-25-февраль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан