Коомдогу терс көрүнүштөрдү юмор аркылуу жеткирип көрүүчү тапкан «Жарайт сити» долбоору кантип жаралган? Андагы кызыктар тууралуу кеп кылабыз.
1 сезондо 12 серия
2015-жылы тартылган
Продюсери – Асхат Табалдиев
Режиссёру – Данияр Болотбеков
Асхат Табалдиев: «АКТЁРЛОР ГОНОРАР АЛЫШПАЙТ»
– Биздин мамлекетке позитив тартуулаган, заманбап жаӊы долбоор керек болчу. Данияр Болотбеков экөөбүз КВНден ийгилик жаратып келаткан балдарды чакырып «келгиле, жаӊы долбоор түзөлү, элди юмор менен сугаралы» деп «Жарайт сity» долбоорун жараттык. Бул ойдон чыгарылган шаарда ар түрдүү адамдар жашайт. Албетте, алардын ар биринин өзүнө жараша көйгөйлөрү да бар. Командадагы балдар бир гана роль жаратпастан, өзүлөрү сценарий жазып, свет коёт, оператор болушат. Баарын өзүбүз жасап үйрөнүп, күчтүү команда болуп, мындан да жакшы долбоор жасайлы деп иштеп жатабыз.
Башында биздин долбоорго ишенбегендер болгон. Бирок 3-4 көрсөтүүдөн кийин кызыккандар көбөйүп, миллиондогон көрүүчү топтодук. Бул долбоорду көрсөтүп коюусун суранып телеканалдарга барсам, айрымы «акча төлөгүлө» деп таӊ калтырышты. Актёрлор гонорар албай иштеп жатышса, аларга кайдагы акча? Негизи андай кылбаш керек, жаӊы таланттарды колдоп, чогуу иш алып барууга үйрөнүшүбүз зарыл.Нурсултан Курсанали уулу: «МЕНИ 40 ЖАШТАГЫ КИШИ ДЕП ОЙЛОШОТ»
– Юмор жаатына университетте КВНде ойноп жүрүп аралаштым. Орусиянын «Comedy Баттл» добооруна барып жарым финалына чейин жеткем. Бир күнү Асхат менен Данияр «жаӊы долбоор түзүп жатабыз, силер тамаша жаза турган балдарсыӊар, жакшы да ойнойсуӊар, чогуу иштешели» деп сунушташканда биз макул болдук.
Мен аткарган милиция кызматкеринин образы тартуу аянтчасында жаралган. Мурут чаптап алып отурсам «кел, сен аткарып көрчү» деп калышты. Каткырып ойногонум баарына жагып, бул роль мага бекитилди. Кыргыздын харизмасын көрсөтүп, күлкү тартуулаган мындай байке көпчүлүк үй-бүлөдө бар деп ойлойм. Мени бул образда көргөндөрдүн көбү 40 жаштагы киши деп ойлошот экен. Бирок 22 жашта элемин.
Долбоордо роль жаратканыбыз үчүн гонорар албайбыз. Бирок «Жарайт сity» долбоорунун балдары» деп тойлорго чакырып калышат, ошол аркылуу акча табабыз. Алинур Абдыкалыков: «МАИ КЫЗМАТКЕРИ МЕНЕН АЙТЫША КЕТКЕМ»
– Мен 6 жыл КВНде тамашаларды ойноп жүрүп бул долбоорго кошулуп калдым. Долбоордо милиция кызматкерин, баӊги, айылдык балдардын ролун аткарам. Асхат «буларды сенден башка эч ким аткара албайт» деп мага берип салган. Бул долбоордо агайдын ролун ойлоп тапканыбыз эӊ жакшы жаратмандыгыбыз болду окшойт. Ал баарыбызга күлкүлүү, элге да жагат. Тартуу аянтчасында көптөгөн кызыктарга туш болобуз. Бир жолу депутат менен мушташып жатканымды тартып жүргөнбүз. Экөөбүз жулкулдашып согушуп, кулап түшүп жатканыбызды көргөндөр аябай күлүшкөн эле, ошол эсимде калыптыр.
Көчөдө эл мени таанып калышты, айрымдары кол тамга сурап, сүрөткө түшүшөт. Кээде МАИ кызматкерлери менен аткарган ролум үчүн түшүнбөстүктөр болуп турат, алардын бири менен айтыша кеткемин.
Динара Абдыкадырова
star@super.kg