Ислам Сыдыков: «НУРАК АБДРАХМАНОВДУН АКЫРКЫ ОКУУЧУСУ БОЛГОНУМА СЫЙМЫКТАНАМ»

Көзү эмес, көөдөнү сокур адамдар көп болуп жаткан заманда 13 жаштагы көзү азиз Ислам менен маектешип жатып жүрөгүм жылыды. Ал тагдырына моюн сунуп отуруп калбай, талантын өстүрүү максатында аракет кылып ырдап келет.

– Салам, Ислам! Куш келипсиӊ! Алгач өзүӊдү тааныштыра кетсеӊ...
– Саламатсыздарбы? Менин атым Ислам, 13 жаштамын. Бишкектеги №37-мектепте 6-класста окуйм. Музыка, кыргыз тили, кыргыз адабияты сабактарына кызыгам. Үйдүн улуусумун, 6 жаштагы Чыӊгыз деген иним бар. Өзүм Ат-Башыдан болом, учурда Ысык-Атада жашайбыз.
– Жакшы экен, билишимче, ырдап да жүрөт экенсиӊ?
– Ооба, Аскар деген таякем бар, экөөбүздүн теӊ көзүбүз азиз. Биз көптөгөн майыптар арасында өткөн сынактарга катышып, байгелүү орундарды алып келебиз. Былтыр «Апаке, сага арнайм» аттуу майыптар арасында өткөн сынакта Назира Токонова менен дуэт ырдап 3-орунду алгам. Залкар комузчу Нурак Абдрахмановдун акыркы окуучусу болуп, андан комуз
үйрөнүп алганыма да сыймыктанам.
– Демек, келечекте ырчы болгуӊ келет экен да?
– Ооба, Нурлан Насиптей ырчы болгум келет. Анан да биздин мектепти бүтүп кеткен Жогорку Кеӊештин депутаты Дастан Бекешев – менин кумирим. Келечекте мен да ошондой депутат болуп, майып балдарга жардам берсем дейм. Ошондуктан мектепте жакшы окуп, максатыма жетсем деп аракет кылып жүрөм.
– Ырчы болуп элге таанылууӊа ким жардам берип жатат?
– Көзү азиздерди продюсерлер да карабайт. Ошондуктан таятам таякем экөөбүздү жетелеп сынактарга алып барып, элге талантыбызды таанытып жүрөт.
– Таятам деп калдыӊ, үй-бүлөӊ тууралуу кененирээк айтып берсеӊ...
– Апамдын аты Мээрим, атамдын аты Төлөн. Апамдар үйдө 2 кыз, 2 уул. Былтыр таенем кайтыш болуп, үйдө таятам менен таякем эле калды. Алар бизге жакын жашашат. Таятам өз баласына кошуп мени да ары-бери жетелеп жүрөт. Жакында таенемдин жаркын элесине арнап «Сагындым, апа» аттуу жеке концертибизди беребиз.
– Көзүӊдү дарылоого аракет кылып көрдүӊөр беле?
– Төрөлгөндө эле көзүм азиз болгон экен. Тунгуч президентибиз Аскар Акаевге кат жазып, анын жардамы менен Москвага чейин барып келдик. «Жардам бере албайбыз, бул тукум куучулук» деп коюшту. Мындай нерсе 7 муунда бир кайталанышы мүмкүн экен. Ишенесизби, жадакалса апамдын кандай экенин элестете албайм. Бирок эмнегедир өзүмдү атама окшоштурам. Дүйнөнү ушул жакындарымдын айтуусу менен тааныдым. Балким, жытынан уламбы же үйдүн алдында өсүп тургандыктанбы, айтор, сирень гүлүн жакшы көрөм.
– Бош убактыӊда эмне менен алектенесиӊ?
– Менде бош убакыт деле болбойт. Жайкы эс алууда таятам «үйдө отура берип чүнчүп кетесиӊер» деп Таласка, Нарынга гастролго алып чыгат. Буюрса, Кыргызстандын 7 облусун кыдырсак деп максат кылып койдук.
Андан сырткары Чыӊгыз Айтматовдун чыгармаларын көп окуйм. Пианинодо, «Ямахада» ойногонду өз алдымча үйрөнүп алдым. Колум бошогондо компьютер, телефон колдонгонду өздөштүрдүм. Кан айланууну жакшыртыш үчүн спорт менен машыгам. Азырынча акча санаганды үйрөнө элекмин. Депутат болгондо акча көбөйгөндө үйрөнүп алам (күлүп).
– Спорт менен машыккан кооптуу эмеспи?
– Жок, кадимкидей эле чуркайм, штанга көтөрүп машыгам. Майыптар арасында спартакиада өтүп, кол күрөш боюнча мелдеште 3-орунду алдым. Сууда сүзөм. Үйдө да жүгүмдү бирөөгө арткым келбейт. Өзүм жуунуп, кийинип кыбырап жүрө берем.
– Жашоодо өкүнгөн учуруӊ болобу?
– Айрым фонддор майыптарга жардам көрсөтөбүз деп кайрымдуулук концерт уюштуруп каражат таап жатышат. Концерттен түшкөн акчадан бизге 1 сом да беришпейт. Андай фонддун концертинде ырдап 3 жыл жүрдүк, 3 сом берген жок. Уюштуруучулар өздөрү Жип унаасын минип жүрүшөт. Бирдеме десеӊ, «сени сахнага чыгарып жатпайбызбы» дейт. Ушинтип майыптарды колдонгондорго өкүнөм.
– Маегиӊе рахмат, көздөгөн максаттарыӊа жет!

«Сахнада белгилүү артисттер менен ырдагандан кубат алам».

Замира Рахманбердиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
bokonbaev
2016-02-22 13:23:34
Видеосун жуктоп койгулачы ушул баланын? Жана ырдаган ырлпрын
0
admin_superstan
2016-02-22 15:01:13
bokonbaev,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат!
0
Chika78
2016-02-22 13:57:06
Максатына жет,омурун узун болсун !Апамдын кандай экенин элестете албайм дегенин окуп,аябай жаман болдум
+3
Azura
2016-02-24 15:39:27
Chika78,мдааа

Ч.Айтматовдун чыгармаларын кантип окуйт? же атайын азиздерге чыгарылган китептери барбы? ишенбейм бизде чыгарылганына...
-1
Stervamyn
2016-02-26 13:28:53
Azura,чыгарылган китептер бар ошондой.
+1
dubai
2016-02-22 23:40:55
Азамат бала экенсин,ойлогон ой-максатына жет!Артисттердин колдонуп алып бир тыйын бербегендери тан калдырды жана шок кылды!
+2
dubai
2016-02-22 23:44:16
Урматтуу админ,мумкун болсо ушу азиздер,майыптар китептерди кантип окушат,кантип компьютер менен иштешет,ошо жонундо макала даярдап бериниздерчи,атайын китептер,куралдар болоорун билем бирок корбосо кантип компьютер менен иштешет ж.б суроолор коп.
+1
admin_superstan
2016-02-23 11:56:03
dubai,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат!
0
RingoStarr
2016-02-24 01:52:49
Омурун узун болсун иним эки дуйно бактылуу бол
+1
ZANIA-92
2016-02-28 00:44:01
Ийгилик! Ийгилик! Жанпдагы Ийгилик!
+1
№ 694, 19-февраль-25-февраль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан