Сүйлөсө ар бир телефон саткан адам смартфондор боюнча мыкты эксперт болуп чыга келет. Бирок алар болгону дүйнөлүк рынокто кайсы үлгүдөгү телефондор популярдуу болуп жатса ошону гана айтышат. Мындай учурда кардарга кайсы бир үлгүдөгү смартфонду сунуштоо катачылык. Төмөндөгү кеӊешибизде биз аздыр-көптүр кыялыӊыздагы смартфонду тандоого жардам беребиз.
Смартфон – англис тилинен которгондо smartphone – «акылдуу телефон» дегенди билдирип, кошумча чөнтөк компьютеринин ролун да аткарат. Же анын башкача аталышы коммуникатор англис тилинен communicator – «чөнтөк компьютери» деп которулуп, кошумча телефондун да кызматын аткарат.
ЭМНЕЛЕРГЕ КӨӉҮЛ БУРУУ КЕРЕК?
Батарейкасынын кубатына
Смартфондордун эӊ чоӊ кемчилиги – батарейкасынын кубатынын көпкө жетпегенинде. Активдүү колдонгон учурда телефонуӊузду 1-1,5 күндө кубаттандыруу керек болот. Бирок чын-чынына келгенде кээ бир батарейканын кубаты жарым күнгө да жетпейт. Ошондуктан бир нерсеге көӊүл буруп коюу зарыл. Ар бир телефондун батарейкасында мүнөздөмө болот, жакшы байкасаӊыз анда майда тамгалар менен «мАч» же «mAh» деген жазууну көрөсүз. Бул кубатты сүрөттөгөн жазуу, анын астындагы сандар 2000ден кем эмес болушу керек. мАч канчалык жогору болсо, смартфон ошончолук көпкө чейин кызматыӊызда болот.
Экранына
Мында сиз экрандын дюймуна көӊүл бурасыз. Заманбап смартфондордун экраны 4 дюймдан кем эмес. 1 дюйм 2 сантиметр 54 миллиметрге барабар. Сиз телефондун экраны канча дюйм экенин билиш үчүн экрандын астындагы сол бурчунан үстүндөгү оӊ бурчуна чейинки аралыкты сызгыч менен өлчөп текшерсеӊиз болот. Эгер сиз смартфон аркылуу китеп окуйм, тасма көрөм десеӊиз, анда сиз жогорку дюймдагысын тандаӊыз, болбосо 3,5-4 дюймдагы смартфондор деле жарайт.
Камерасына
Сүрөткө түшкөндү, видеочат аркылуу сүйлөшкөндү жакшы көргөндөр смартфондун камерасынын мегапикселин карагыла. Заманбап телефондордун камерасынын мүмкүнчүлүктөрү 5-8 мегапикселден кем болбошу керек. Түшүндүӊүз да, мегапиксель канчалык жогору болсо ошончолук сүрөттүн, видеонун сапаты жакшы болот. Кошумча жарык берүүчү каражатын, экран тарабындагы камерасын кароону унутпаӊыз.
Оперативдүү эс тутумуна жана процессорунун тибине
Акылдуу телефондогу эӊ маанилүү техникалык мүнөздөмө ушул экөөнө тиешелүү. Эс тутуму жогору, процессорунун ядролору көп болсо, ошончолук смартфон бат жана сапаттуу иштейт. Азыр смартфондордун көпчүлүгү эки ядролуу (учурда эӊ жогоркусу 8 ядролуу) процессор, оперативдүү эс тутуму 4-32 гигабайтка чейин жана кошумча микро флешка салына турган уячасы менен болот.
Операциондук системине
Учурда дүйнөлүк рынокто Android, iOS, Windows Phone операциондук системдер алдыӊкы орундарда. iOS – жабык систем Apple уюлдук телефондоруна орнотулат, компьютердик дүйнөнүн бөлүгү болуп эсептелген Windows Phone көбүнчө Nokia үлгүсүндөгү смартфондордо болот.
Жогорудагы мүнөздөмөлөрүн текшерип, сизге ылайык болгон үлгүдөгү смартфонду сатып алсаӊыз болот. Болгону сапат өзүнө жараша акы төлөөнү талап кыларын эске тутуӊуз.
Нуркыз Курманбек кызы
kenesh@super.kg