ОБЛУСТУК СОТТУН ЧЕЧИМИНЕ ТАРАПТАР ЫРААЗЫ ЭМЕС
2015-жылдын 24-ноябрында Талас облустук соту ишкер Райкан Алкановго кол салуу боюнча ишти жабык эшик артында карап, өкүм чыгарган. Анда ишкерге кол салган деп айыпталып жаткандардын бири Гүлнара 8 жылга эркинен ажыратылып, мунапыска ылайык бул мөөнөт төрттөн бирине кыскарган. Айыпталуучулардын дагы экөөсү – Динара менен Бегайым 6 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылып, мунапыска ылайык бул мөөнөт жарымына кыскарган. Ага чейинки инстанция Талас шаардык соту Гүлнараны 14 жылга эркинен ажыратса, Динара менен Бегайымды 7 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыраткан эле. Бул өкүмгө тараптардын бардыгы макул болбой, Жогорку Сотко кайрылдык деп билдиришти.
ОКУЯ КАНДАЙ БОЛГОН?
Эске салсак, 2014-жылдын 26-октябрында бычактан бир нече ирет жаракат алган ишкер Райкан Алканов Талас шаардык ооруканасына жеткирилген. Ооруканада ишкерге 17 жолу бычак сайылганы аныкталган. Бул факт боюнча Талас ШИИБинин тергөө бөлүмү Кылмыш жана жаза кодексинин 28-97-беренеси (киши өлтүрүүгө аракет кылуу) боюнча кылмыш ишин козгогон. Көп өтпөй кылмышка шектелип 15, 16 жана 24 жаштагы 3 кыз кармалган. Тергөөнүн жыйынтыгында кылмышка шектелип кармалган кыздар ишкерди бычактап, анын 150 миӊ сом акчасын, 4 миӊ долларлык кол саатын жана кымбат баалуу шакектерин алып кетишкени маалымдалган.
МААНИ БЕРИЛБЕЙ КАЛГАН КӨРСӨТМӨЛӨР
Бул кылмыш иши боюнча облустук соттун өкүмү менен таанышып чыктык. Анда айыпталуучулар «ишкерден акча алып, аны менен жыныстык катнашта болуп келгенбиз» деп көрсөтмө беришкен. Мисалы, Динара: «Алканов мени 13 жашымда эле зордуктап салган. Андан кийин да Таласка келген сайын мени чакырып алып, экөөбүз жыныстык катнашта болуп жүргөнбүз»,- деп көрсөтмө берген.
Ал эми Бегайым болсо «Алкановдун үйүнө барып, Алканов, Гүлнара, Динара төртөөбүз виски, анын артынан шампан ичкенбиз. Алканов менен анын уктоочу бөлмөсүндө жалгыз калып, жыныстык катнашта болгондо каршылык көрсөткөн жокмун»,- деп көрсөтмө берген.
Ошондой эле Динаранын Элиза аттуу курбусу да күбө катары сотто Райкан Алкановду жакшы тааный турганын, Динара экөө жыныстык катнашта болуп жүргөндүгүн билерин жана Алканов аны менен да жыныстык катнашта болуп жүргөнүн айткан. Ал эми Райкан Алканов кыздардын айткандарын жалаа дейт.
Кыргызстандын Кылмыш жана жаза кодексинин 132-беренеси (16 жашка толо элек адам менен жыныстык катнашта болуу жана сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттерди жасоо) боюнча эрезеге жете элек адам менен жыныстык катнашка баруу кылмыш болуп саналат. Эмне үчүн кыздардын көрсөтмөлөрү көз жаздымда калып кеткен?..
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg