29-февралда туулган Орусиянын Эл артисти Алина Покровская өздүк майрамын жаштыкты сактап калуунун эӊ жакшы ыкмасы деп белгилейт. Анткени анын туулган күнү төрт жылда бир гана жолу келет. Эмне үчүн февраль айлардын ичинен эӊ кыска жана 29-февраль төрт жылда бир келет?
ИМПЕРАТОР БИР КҮНДҮ ӨЗ АЙЫНА КОШУП АЛГАН
Биз колдонуп жүргөн айлардын аталышы, анын отузунан же отуз биринен жаӊырышы, кыскасы, 12 айдын түзүлүшү григориан календары деп аталат. Бул календарь байыркы Римде түптөлгөн. Аларда жыл 1-марттан башталып, санай келгенде так санга туш келген айлар 31инен, жуп санга туура келгендер 30унан аяктайт деп түзүлгөн.
Биздин заманга чейинки 46-жылы грециялык астрономдун кеӊеши менен Римдин ошол жылдардагы мамлекеттик, саясий ишмери, аскер башчы Гай Юлий Цезарь жылдык календарды кайра тактоону колго алат. Жер Күндү 365 сутка, 6 саатта айланып чыгары белгилүү болгон. 6 саат чогулуп отуруп, төрт жылда араӊ бир сутканы түзөт. Анан аны жылдын акыркы айы болгон февралга 30-күн кылып кошуп коюшкан. Аскер башчы Юлий Цезарь каза болгондо анын урматына квинтилис деген айды июль деп өзгөртүшкөн.
Аскер башчыдан кийин империянын башчылыгына анын уулу Октавиан Август келген. Ал атасынын атын алып жүргөн июль айынан август айынын кыска болушун каалабай, төрт жылда бир жолу 30 күн болгон февралдан бир күндү алып августка кошуп койгон. Февралда римдиктер кетирген күнөөлөрүнөн арылуу үчүн сыйынып, көзү өтүп кеткен маркумдарды эскеришкен. Ошондон улам бул айды римдиктер кайгылуу ай деп эсептешкен, императордун бул айдан бир күндү алганы да ушундан улам. НУМЕРОЛОГДОРДУН АЙТУУСУНДА...
2 жана 9 сандары бири-бирине карама-каршы сандар. 2 жумшак, пессимисттик мүнөздө жана да чыгармачылыкты, изденүүнү жактырса, 9 активдүү, алдыда жүргөндү жактырат да, иштин соӊуна чыккыча жан алакетке түшөт.
29унда төрөлгөндөрдүн амбициясы абдан күч, алдыга койгон ой-максаттары үчүн баарына даяр. Эгер кайсы бир шартта утула турган болсо, оюнчук үйдөй эле чачырап кетишет. Акылдуу келишкендиктен билим-илим жаатында жакшы карьера жасай алышат. Административдик уюштуруу иштеринде да жөндөмдүүлүгүн көрсөтө алышат. Айды чапчыган амбициялары үчүн баарына даяр болгондуктан, экинчи орунда калууну жактырышпайт. Мүнөзүндө күчтүүлүк болгону менен, бул адамдар өтө белгилүүлүккө чыга алышпайт.
Бирөөгө бат көнүшөт. Түгөйлөрүнө оор эле десек болот. Романтик болушканы менен, сүйүү жаатында эч качан биринчи кадам ташташпайт. Кадам ташталгандан кийин анан өнүктүрүп кетүүгө жөндөмдүү келишет.
МУНУ БИЛҮҮ КЫЗЫКТУУ
29-ФЕВРАЛДА ТУУЛГАН АТАКТУУЛАР
1528-жылы герцог, меценат, коллекционер, музыкант Альбрехт V Баварский, 1784-жылы немис архитектору Лео фон Кленце, 1840-жылы биринчи кайык куруучу Жон Филип Голланд, 1860-жылы электрондук эсептөөчү машинаны ойлоп тапкан Герман Холлерит, 1884-жылы британиялык мушкер Фредерик Грейс, 1916-жылы америкалык ырчы Дина Шор, 1920-жылы француз киноактрисасы Мишель Морган жана башка атактуулар туулган. «АПАМ ЭКӨӨБҮЗ БИР КҮНДӨ ТУУЛГАНБЫЗ»
Социалдык фонддун маалыматтык системдер башкармалыгынын башчысынын орун басары Тынчтык Өмүралиев 29-февралда туулган.
– Апамдын туулган күнү 29-февраль, өзүнө белек кылып мени да 1984-жылдын 29-февралында төрөптүр. Атам кыргыз драма театрында башкы эсепчи болуп иштегендиктен, апам экөөбүздүн туулган күндү билгендер «Шакен кайсы жерде болбосун эсепчи, туулган күнгө кетчү акчаны үнөмдөп 29-февралда туулган аял алды, баласынын төрөлүшүн да ушул күнгө тууралады» деп тамашалап калышат.
– 28-февралга же 1-мартка которуп алууну ойлогон жоксуӊбу?
– Жок, өзгөчө күнү төрөлсөм эмнеге өзгөртөм?! Туулган күнүмө туугандар, достор деле көнүп калышкан, 4 жылда бир өзгөчө майрам уюштурбасам башым ооруйт. Мен досторумдун туулган күнүн унутуп калышым мүмкүн, бирок алар меникин унутушпайт.
– Жыл сайын болчу туулган күндөрдөн эмнеси менен өзгөчө деп ойлойсуӊ?
– 32-кышты көрүп жатканым менен жашым 8де эле, ошонусу менен өзгөчө. Анан да туулган күндө түшкөн сүрөттөрдүн баарын так эстеп калам. Буга чейин коноктор биздикине келишсе, быйыл 29унда Нарынга конокко биз баралы деп жатабыз.
– Нумерологдор 29унда төрөлгөндөрдү «амбициясы күчтүү, жеӊилүүнү жактырбаган адамдар» дешет...
– Кыйын суроо экен. Амбициям, Кудайга шүгүр, күчтүү эле. Бирок шартка жараша кээде 2-орунга деле калып кала берем. «29-ФЕВРАЛЬ МЕНЕН СЫЙМЫКТАНАМ»
Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринин комузчусу Рустам Азиреткулов да 29-февралда жарыкка келген.
– Апамдын айтуусу боюнча, мени менен чогуу 29-февралда үч эркек бала төрөлүптүр. Атам обончу, аткаруучу Хабибилла Азиреткулов искусствонун адамы болгондуктан «уулдуу болдум» деп кубанып, төрөткананын кызматкерлерине таӊ аткыча концерт коюптур.
– Бирок туулган күнүӊдү 1-мартка которуп алыптырсыӊ го?
– Бала кезде апамдан «менин туулган күнүм эмнеге төрт жылда бир келет?» деп сурагам. Кийин паспорт аларда апам балам элден өзгөчө болбосун деп туулган күнүмдү 1-март кылып өзгөрттүрүп салган. 28-февраль кылбаган себеби 21:15те төрөлүптүрмүн. Бирок туулгандыгым тууралуу күбөлүк 29-февраль боюнча калды.
– Анан 1-мартты кабыл ала алдыӊбы?
– Кудайдын бергенин эч качан өзгөртө албайт экенбиз, кагаз бетинде 1-март деп турса да, жүрөгүмдө 29-февраль. Үй-бүлөбүз, туугандарыбыз менен 29-февралды эле майрамдайбыз. 29-февраль менен сыймыктанам, бул датада ар ким эле төрөлө бербейт.
– Мүнөзүӊдү билсек болобу?
– Уюштуруучулук, лидерлик сапатка ээ адамдардын катарын толуктайм. Өзүм каалаган ишти аягына чыгармайынча жаным тынбайт. Комузда кол ойнотуу боюнча төрт жылдык тажрыйбам болгонуна карабай он жылдан бери комуз чертип жүргөн адамдар менен теӊ тайлашып калдым.
Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg