Азыр кайсы телеканалды койбо, жок дегенде биринен түрк сериалын көрөсүӊ. Өлкөбүздө өтүмдүүлүгү артып бараткан түрк сериалдарынын жылдыздарына учурда талап күчтүү. Нургүл Йешилчай сиз кызыккан актриса болуп жүрбөсүн.
Толук аты-жөнү – Нургүл Йешилчай
Туулган жери – Түркия, Афьон-Карахисар шаары
Туулган жылы – 1976-жыл, 26-март
Кесиби – Актриса, фотомодель
Учурда – Бойдок, бир уулдун энеси
Тартылган тасмалары – «Келин» (Эзо), «Сүйүү жана жаза» (Ясмин), «Турмуштун таш-талканы» (Гүлсерен) жана башкалар.
ДИПЛОМУ БАР АКТРИСА
Нургүл Йешилчай актрисалык окууну университеттен эмес, мектептен баштаган. Секелек кезинде эле болочоктогу актрисанын өнөрүн байкаган ата-энеси аны искусство мектебине беришет. Андан соӊ Эскишехир шаарындагы Анадолу университетинин алдындагы музыка жана драма мектебинде билим алган. Кесиби тууралуу анын: «Актрисалык мага Кудайдан берилген өнөр, эгер актриса болбосом, анда башка кесиптин ээси болмок эмесмин»,- деп айтканы бар. Университетте окуп жүргөндө Шекспирдин драмаларын театрда аткарып театр актрисасы катары окуу жайга белгилүү болгон.
Нургүл 1998-жылы «Баары эӊ жакшы болот» деген киного тартылып дебют жасаган. Актрисага КМШ өлкөлөрүндө атактуулук алып келген «Сүйүү жана жаза» сериалы болду. Ал эми Түркияда актриса гана эмес, шоу берүүлөрдүн алып баруучусу катары да белгилүү. Билсеӊиз, түрк сериалдарына Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө да талап жогору. Белгилүү түрк телеканалы жүргүзгөн сурамжылоодо Бириккен Араб Эмираттарынын мырзалары түрк актрисалары Туба Бүйүкүстүн менен Нургүл Йешилчайды сулуу деп эсептешери маалым болгон. Айрыкча Нургүлдүн көк көздөрү араб эркектерине өзгөчө жагат экен. БОЙДОК, БИРОК ЖҮРӨГҮ БОШ ЭМЕС
Актриса 2004-жылы актёр, режиссёр Жем Өзерге турмушка чыгып, 2005-жылы уулдуу болгон. 2010-жылы Нургүлдүн сунушу менен түгөйлөр ажырашышат. Түрк басылмалары актрисанын бул кадамын күйөөсүнүн ашыкча кызганчаактыгы менен байланыштырышат. Андан соӊ актриса режиссёр Толга Карачелик менен 2 жыл жарандык никеде жашаган. Анын: «Мен үчүн паспорттогу штамп маанилүү эмес, башкысы, менин бактым»,- деп айтканы бар. Бирок Йешилчайдын бул сүйүүсү көпкө уланбай, Толга Карачелик экөө эки ажырым жолго түшүшөт. Учурда актриса тууралуу «өзүнөн беш жаш кичүү дарыгер мырза менен мамиле түзүп жүрөт» деген кептер бар. Бирок актриса бул тууралуу: «Сүйүктүүм дарыгер эмес, ишкер. Медициналык жабдыктарды ташыган фирмасы бар, ошого дарыгер деп адашып алышса керек»,- деп айткан.
«16 ЖАШЫМДА ҮЙДӨН ЧЫГЫП КЕТКЕМ»
– Алгачкы сүйүүмө 16 жашымда туш болдум. 16 жаш баарын сезим менен чече турган курак эмеспи. Мен да жигитим менен үйдөн качып кетип өз алдымча жашап көргөм. Экөөбүз сыз, ным тарткан үйдө ачка-ток жашап, сүйүктүүм кургак учук менен ооруп калды. Кайра экөөбүз кайтып келгенде атамдан жаакка жегем. Ал эми сүйүктүүмдүн атасы мени баласына жолотпой, бейтапканага да кире албай койгом. Кийин жигитимди атасы АКШга жөнөтүп жибериптир. Ошону менен алгачкы сүйүүмдү көргөн жокмун.
– Мен уулум Осман үчүн «авторитетмин», ал үй тапшырмасын аткарбай жалкоолонуп баратканда терс каармандын образындагы актрисага айланам. Ал мени менен киного тартылганды аябай жакшы көрөт. Бирок уулумдун актёр эмес, режиссёр болушун каалайм.
– Эч качан аялы бар эркекти сүймөк эмесмин. Ажырашуу азабын эч бир аялга ыраа көрбөйм, анткени ал менин башымдан өткөн.
– Мырзалардын телефонун чукулап, почтасын текшерип «компромат» издеген эмесмин. Ал менин жанымда болуп, мени сүйсө жетиштүү.
КЕЖИР АКТРИСА:
Учурда телеканалдарда жүрүп жаткан «Турмуштун таш-талканы» сериалында актриса келишим боюнча 52 гана сериясына тартылат. Актриса андан аркы бөлүгүнө
тартылуудан баш тарткан.
«Сүйүү жана жаза» сериалында өзүнүн визажисти, стилисти менен иштеген. Анткени өнөктөшү Мурат Йылдырымдан жаш көрүнүшү керек эле.
Нургүл тасма талаасында режиссёрлорго «каприздерин» көрсөткөн актрисалардын тизмесине кирет.
Түркияда кесиптеши Туба Бүйүкүстүн менен рейтинги бирдей. Анан да Туба менен Нургүл тымызын атаандашат деген кептер бар. Буга Нургүл Йешилчайдын Туба Бүйүкүстүн тартылган тасмада роль аткаруудан баш тартканы себеп дешет.
Лунара Бекиева
star@super.kg