«Баатырдын даӊкын алыстан ук, жанына келсеӊ бир киши» демекчи, бул ирет эл арасында мекен чегин коргоп, өмүрүн тобокелге салган адамдар тууралуу жазмакчыбыз. 23-Февраль – Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата төмөндөгү адамдардын эрдиктерин баяндап, чыныгы мекен коргоочулар ушулар экенин баса белгилегибиз келди.
«ТАЖИК ЧЕК АРАЧЫЛАРЫ МАГА МЫЛТЫК КЕЗЕП...»
Мамлекетибиздин коӊшу өлкөлөр менен чечише албай келген жерлери көп. Мына ушул кыргыз элине таандык, бирок коӊшу мамлекеттер көз арткан жерлерибизди көздүн карегиндей сактап, тикесинен тик туруп кайтаргандарга алкыш айтсак болот. Арасында өзүнчө бөлүп карай турган адамдар, болгондо да аялдар бар экени кубандырат. Алардын бири, Баткен районундагы Көк-Таш айылынын тургуну Разия Өсөрова «баатырдык сапат кыргыздын канында бар» дейт.
– Мен Көк-Таш айылынын айыл башчысымын. Өзүм да ушул айылдын кызымын. Өз айылыма келин болуп, бала-чакалуу болдум, Баатыр энемин. 46 жылдан бери кызматымды айылыма жумшап, ысыгына күйүп, суугуна тоӊуп келе жатам.
Айылдагы кырдаал адамды эрксизден баатыр кылып, эр жүрөктүүлүккө бышырат. Биздин эл жаш-карысы дебей 100 пайыз баатыр десем жаӊылышпайм. Баатырдык кыргыздын канында бар, алар жоодон коркпойт. Буга биздин айыл эли далил.
2014-жылы май айында биздин окуучу кыздар сабакка бара жатышса тажиктердин чоӊ эле балдары тийишип, беттерине түкүрүп, көчүккө тээп мазакташыптыр. Натыйжада эки жактан теӊ эл топтолуп, бири-бирине таш ыргыта башташыптыр. Кабар жеткенде дароо жетип бардым. Эл көтөрүлүп алган экен, ал эми тажик тараптын чек арачылары автоматтарын кезеп даяр болуп калышыптыр. Ошол жерден мага мылтык такашты. Корккон жокмун. Бир чек арачысын жакадан алып, «колуӊан келсе ат» деп тырмышып коё бербей койдум. Биздин чек арачылар же милициядан кишилер келип калса, кыргыз жерине кирип келип мыйзам бузуп жаткандыгын далилдейин дегем. Элестетип көргүлө, аларда 35 куралчан чек арачы, а биз жактан нөөмөттөгү 5 чек арачы келди. Биздин кызматкер мени коркконунан тажик аскерин жакалаган боюнча колу карышып калды деп ойлоптур. Анан мени тартып, аскерди бошотуп жиберип жатпайбы. Алар кеткенден кийин биздин укук коргоо кызматкерлери, чек арачылар келишти. Негизи алар кыйла эле бери кирип келишип, мыйзам бузушкан болчу.
2015-жылы дагы ушундай эле жаӊжал чыкты, анда алгач тажиктер биздин мазарга барган жолубузду бууп, кыргыздарды өткөрбөй коюшуптур. Ошондо айыл эли тажик тарапка өткөн сууну жаап салышты. Натыйжада эки элден адамдар чогулуп, таш ыргытышып, жаӊжал чыгып кетти. Адам өлүмү болуп кетпесин, абалды турукташтырайын деп барсам кырдаал курчуп калган экен. Элди баштап, ушундай маселелерди чечип келишкендерден Талант Айжигитов, Акжол Мирадилов, Каныбек Топчиев, Султан Абдуллаев аттуу эр жүрөк жигиттерди атай кетет элем.
Жанагы куудулдар кеп кылып күлүп жүргөн сатиранын чындыгы бар. Биздин айылдагы үйлөр менен тажиктердин үйлөрү шахмат тактасындай жайгашкан. Кыргыздын үйү бери жакта, чарбагы тажик тарапта, же болбосо тажиктин үйү биз тарапта, чарбагы өз жагында калып калган дегендей. Кечке эле түшүнбөстүк жаралып жаӊжал чыга бергендиктен, тажиктер менен үйүн жерге, жерин үйгө алмашып алгандар да бар. «БИР НЕРСЕ БОЛСО ЭЛЕ ЖОЛ ТОСО БЕРЕБИЗ»
Жогорудагыдай жаӊжалдары менен Баткендин Ак-Сай айылы да таанымал. «Тажиктердин жолун бууп, бирде кубалашып бери кирип, бирде аларды кубалап жүрө беребиз» деген Тамдык чек ара тозотунун алдындагы элдик кошуундун ыйгарым укуктуу мүчөсү Кадыр Марданаев төмөнкү окуяларды айтып берди:
– Былтыр май айында коӊшу тажиктер биздин жер аркылуу түтүк менен суу алып өтөбүз деп аракет жасашты. Эгерде түтүктү биздин жерге орнотуп алышса, убакыттын өтүшү менен ошол жерлерди өздөрү тарапка өткөзүп алмак. Ал жерлер биздин айылдан 12 чакырым алыста жайгашкан Тамдык чек ара тозоту жакта болчу. Тажиктердин аракетин байкаган чек арачылар аларга эскертүү бергенде 250-300дөй тажиктер таш менен ургулап, аскерлерибизди кубаламакчы болушуптур. Чек арачылар алгач асманга ок атышты, болушкан жок. Тажиктер биздин аймакка кирип келип алышкан. Анткени ары жактагы элин үгүттөгөн чоӊдору «алар куралын огу жок эле ата беришет, коркпой бара бергиле» дептир. Ошентип, биздин аскерлер аларга ок чыгарууга аргасыз болду. Тажиктерден 2 аскер курман болуп, биз жактан бир аскердин бутуна ок жаӊылды. Маселени тажиктер менен чечишкенде алардын кылыгы мыйзамсыз болуп чыкты. Себеби алар биздин жерибизге чек араны бузуп киришкен болчу.
Ворух айылы тажиктердин Кыргызстандагы эксклавы болуп саналат. Эки тарап теӊ бир нерсе болсо эле Ворух жолун тосуп калышат. Эгер бул жол тосулса кыргыздар Тамдыкка өтүп, андан ары Баткенге бара албай калышат. Ал эми тажиктердин Ворухтан чыгып, Ак-Сай аркылуу Исфарага барчу жолу буулуп калат. Дагы жакшы, азыр өзүбүздүн жер аркылуу кеткен жол салынып, ишке берилгени турат. Ушул жолду курдурбайбыз деп тажиктер аябай көп чыр чыгарып жүрүшпөдүбү. Талаш жерлер өтө көп. Тажиктер 1990-жылдары өз билемдик кылып Ак-Сайдын Тамдык тозоту жактагы «Ак-Сай совхозу» деген жазууну талкалап алып салышкан. Түбүнө куюлган тумбасы калып, чек ара белгиленбей турганына көп жыл болгон. Эми эл демилге көтөрүп, ошол жерге «Ак-Сай айылы» деген белги орноткону турабыз. Курулуш материалдары алынып, топурак, цементин дайындап койдук. Буюрса, 1 жуманын ичинде орнотобуз.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Уларбек Шаршеевдин билдиргенине караганда, 2014-жылы Тажикстан жана Өзбекстан менен келип чыккан жаӊжалдардан 34 учур катталса, 2015-жылы 7-8 учурга азайган.
Эл-жерди, мекенди коргоп, чеп катары чек арага бекем туруп, эч ким милдеттендирбесе да төрөлгөндө милдети менен кошо төрөлгөн ушундай элди, адамдарды баатыр жана мекенчил деп атоого болот. 23-Февраль – Мекенди коргоочулардын күнү менен жалпы элди куттуктайбыз!
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg