Кыргыз Республикасынын Эл артисти, актёр Чоро Думанаев бизге берген маегинде: «20 жылдан бери үй алуу үчүн 6-номурда кезекте турам, бирок дегеле кезек жетпей койду. Союз кезинде Чыгыш-5 кичи районунан жатакана тибиндеги бир бөлмөлүү батир беришкен. Азыр ошол батирде үй-бүлөм менен жашап жатам»,- деп кейиген эле. Окурмандар «актёрго үй берилдиби, билип бересиздерби?» деп көп кайрылышат. «Үй алууга кезек жеттиби, абалыӊыз кандай?» деп агайга байланышсак, бутун сындырып алганын айтып сурообузга жооп узатты.