«Беш тапан» тобунун куудулу Союзбек Сейитказиев топтогу жигиттерден көбүнчө монолог айтып өзгөчөлөнүп турат. Коомдогу терс көрүнүштү күлкүгө айлантып чымчып сүйлөгөн Союзбек мырза «Гүлжигит байкенин концертинен кийин «бизде ушундай куудул балдар барбы?» деп калышты» дейт.
Каарман тууралуу
Туулган жылы, күнү – 1985-жыл, 16-март
Туулган жери – Токтогул району, Толук айылы
Билими – Орто
Үй-бүлөлүү, 2 уулдун атасы
– Союзбек мырза, саламатсызбы? Гүлжигит Сатыбековдун концертинде «Беш тапанды» башка курамда көрдүк. Тобуӊуздардын курамы алмаштыбы?
– Саламатсыздарбы? Топ ошол эле курамда. Болгону Каныбек Разыков менен Ильяз Иманалиев Тынар Курбаналиев менен жүрөт. Баатырбек Абакиров, Болсунбек Стакеев, Талас Кашкариев болуп өзүбүзчө чыгып жатабыз. «Топ тарадыбы?» дегендерге футболдук тил менен «азыр алар «Реал Мадридде», биз «Барселонада» ойноп жатабыз» демекчимин. Чемпиондук болсо, өзүбүздүн туубуздун алдында кайра чогула калабыз. Гүлжигит байкенин күйөрмандары бизди көрө элек экен, концертинде «бизде ушундай куудул балдар барбы?» деп таӊ калышты.
– Бирок учурунда сиздер деле концерттерди көп берчү элеӊиздер да...
– Ооба, бизге атактуулук 2007-жылы келди. Анда баарыбыз 21 жаштагы балдар элек. Балдар үйү, аскерлер тууралуу күчтүү сатираларды койчубуз. Күйөрмандарыбыз кичинекей балдардан чоӊ кишилерге чейин болчу. Концертибизге эл агылып келип жатса, концерт койсок эле эл келе берет турбайбы деп кыска ойлонуп иштебей койгон экенбиз. Ошентип бир аз күйөрмандарыбызды жоготуп алдык.
– Сиздин куудулдук өнөрүӊүздү ачкан «Беш тапан» тобуна кантип кошулуп калгансыз?
– Абдылда Иманкулов менен таяке-жээн болуп калабыз. 2003-жылы Бишкекке келип анын үйүнө барсам, Рахман байке (ред. Разыков) келип калды. Ага сахнага чыгуу кыялым бар экенин айтсам, топко кабыл алды. Башында 2 жыл топто колонка ташып, кээде бала жетишпей калганда ордуна чыга калып жүрдүм. Кийин Кыялбек Алиев деген жигит топтон кетип, анын ролдорун ойноп көрүнө баштагам. Эӊ биринчи сахнага чыкканда калтырап-титиреп сүрдөгөм. Азыр дагы эл жакшы кабыл алганда өзүмдү жоготуп жиберип, сүрдөп барып ордума келем. Куудулдук өнөрүм болгону менен ырчы болууну кыялданчумун.
– Ырчы болом деген кыялыӊызды кантип куудулдукка алмаштырдыӊыз? Же кийин ырчы болуп кетем дедиӊизби?
– Талант дегенди ар ким ар кандай түшүнөт. Куудул ырдаса, бийлесе, актёр болсо да жарашат. Куудул деген статус өзү сонун нерсе экен. Сени көргөн адам «баягы бала белеӊ?» деп бир жылмайып алат. Айрым концерттерде кээде ырдап калам.
– Элге жакын монологдорду көп айтасыз. Ошондой монологдор, сатиралар кантип, кандайча жаралат?
– Жеке өзүм айткан монологдорду өзүм жазам. Интермедияларды топтогу балдар менен чогуу иштеп чыгабыз. Сатиранын көбү жашоодон алынат эмеспи, ошондуктан көпчүлүк эл «булар жаман эле, баарын сатирага айлантып жиберишет» деп куудулдардан корко беришет. Бир кезде жиниӊди келтирген окуя убакыт өткөндө күлкүгө айланат. Концертте телефонун чукулап отургандарды «Кандайсыз, эже? Интернетте эмне жаӊылык болуп жатат, маалыматты дароо жүктөп жатасызбы?» деп тамашалап өтөм. Бул телефонду өчүрүп койбойсузбу дегендин сылык варианты. «Мурда концертке келгендер эс алып кетишчү эле, азыр насыя төккөндөй эле көрүп койдум, болду дегенсип чыгышат» деп тамашалап калам.
– Куудулдук өнөр менен кандай материалдык байлык топтодуӊуз?
– Кыйратып байлык топтой элекмин. Батирде жашайм, унаам жок. Чынын айтсам, унаа айдаганды билбейм, кызыкпайм дагы. Эми, буюрса, акырындап байлыкка да жетишербиз.
– Жакында куудулдар менен депутаттын ортосундагы болгон кайым айтышуу тууралуу оюӊузду билгим келип турат...
– Алардын кайым айтышуусун, куудулдардын сатирасын да көргөн эмесмин. Эгер көрсөм, оюмду ортого салмакмын. Ошондуктан бул тууралуу эч нерсе айта албайм. Болгону парламентте биз тууралуу сөз болуп жатса, эми маданият алдыга жылат деген ойдомун.
– Келиӊиз, үй-бүлөӊүз тууралуу сүйлөшөлү...
– «Беш тапан» атактуу болуп турганда 22 жашымда үйлөнгөм. Келинчегим Ат-Башыдан болот. Тааныштар «кыргыздын атактууларынын көбү нарындыктарга үйлөнүптүр, сен дагы атактуу болоюн деп ырымдап алган окшойсуӊ» деп калышат. Мен «ошентип эле алдым эле, эмнегедир атактуулук кечигип жатат» деп тамашалайм. Келинчегим түшүнүктүү, гастролдоп кеткенде кызганып ызы-чуу кылбайт. Кээде ушак сөздөр жетип калганда «ушактарды ээрчитпей тынч эле жашабайсыӊбы» деп күлүп калат.
– Маегиӊизге рахмат!
СОЮЗБЕК МЫРЗАНЫН ТАМАШАЛАРЫНАН:
– Кыргыздар «экономичный» жашайбыз. Заӊгыратып үй тургузуп, жанына времянка салабыз. Заӊгыраган үйү турса, жанындагы времянканын эмне кереги бар?» деп таӊ калышат. Ага таӊ калбаш керек, себеби чоӊ тамды жылытыш үчүн чоӊ каражат керек. Кышында ал жакта жашап, чоӊ үйгө күн жылыганда кирип жашайбыз. Көчмөн элбиз да, кан коё бербейт. Бир бөлмөнүн ичинде деле окат кечени ары-бери жылдырып көчүп-конуп жүрө беребиз.
– Мурда адамдар үйгө кирип келгенде «саламатсыздарбы?» деп учурашчу. Азыр босогодон эле «жалпак «зарядник» барбы?» дешет. Жалпак «зарядникти» ассалому алейкум дегендей эле колдонуп калдык. Кубаттагычты берсеӊ телефонун сайып алып ошол жактан чыкпай, телефонун тиктеп тамакка чакырсаӊ келбей отура беришет.
Айтты да койду
Союзбек Сейитказиев: Депутаттар куудулдарды сөз кылып жатышса, демек, эми маданият алдыга жылат.
Динара Абдыкадырова
star@super.kg