ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (22-февралдан 28-февралга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Апта күтүүсүз окуялар менен коштолот. Жумушуӊуздан тажрыйба топтоо үчүн чет жактарга жибериши мүмкүн. Эгерде сизге артылган ишеничти актасаӊыз, жыйынтыгында куру кол калбайсыз. Таарынышкан түгөйлөр үчүн бул апта элдешүүгө ылайыктуу. Ишемби, жекшемби күндөрү үй-бүлөӊүз менен табият коюнуна эс алууга чыгасыз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Жуманын башы сиз ойлогондой башталат, бирок өтө кубанбай туруӊуз. Себеби аптанын ортосунда сиздин чыдамкайлыгыӊызды текшере турган сыноо күтүп турат. Буга чейин жалкоолонуп текке кетирген убактыӊызды эстеп өкүнөсүз. Жакындарыӊызга жакпаган сарамжалдуулугуӊуздун бул аптада пайдасы гана тиет. Андыктан ашыкча сынды кабыл албай эле коюӊуз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Ак көӊүл­дүгүӊүздүн айынан жапа чегип калуудан абайлаӊыз. Өз пайдаӊызды да ойлоо керек. Аптанын ортосунда ден соолугуӊузга байланыштуу көйгөйлөрдүн пайда болушу күтүлүүдө. Сарсанаа болбоӊуз, убагында дарыгерлерге кайрылып, керектүү нерселерди аткарсаӊыз баары жакшы болот.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Түрдүү ойлор түйшөлтүп башталган апта бейшемби күнү оюӊуздагыдай болуп чыга келет. Көптөн көксөгөн буюмуӊузду сатып алышыӊыз мүмкүн. Узак жолго чыгууну пландап жаткан бөйөндөрдүн жолу ачык болот, коркпой көздөгөн жагыӊызга сапар тарта бериӊиз. Ишембиде шамалдап калуу коркунучу бар.

АРСТАН (23.07-23.08)
Дайыма көпчүлүктүн көӊүл чордонунда жүргөн арстандар көптөн бери көӊүл ачуучу отуруштарга барбаганын байкашат. Ошондон уламбы, айтор, жашооӊузга нааразы болуп чыга келесиз. Жан дүйнөӊүз ыр-күлкүнү каалап тургандыктан эс алуу күндөрүн ушундай чер жазууларга арнашыӊыз мүмкүн. Алыстан жагымдуу кабар угушуӊуз ыктымал.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Баарына шүгүр дебесеӊиз үй-бүлөӊүздө, түгөйүӊүз экөөӊөрдүн ортоӊордо чоӊ көйгөйлөр пайда болот. Бул аптада сиздин жан дүйнөӊүзгө өзгөчө колдоо керек. Айланаӊыздагылар сизди түшүнсүн десеӊиз эмоцияга алдырбаӊыз. Түйшөлткөн ойлоруӊузду жай отуруп жакындарыӊыз менен бөлүшүп алуу үчүн мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Бул жумада сизден чечкиндүүлүк талап кылынат. Жеке жашоодо, жумушта чайналып бир чечимге келе албаган мүнөзүӊүзгө байланыштуу көп нерседен куру калып жатканыӊызды байкайсыз. Капчыгыӊызды күтүүсүздөн кампайтып алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Шашмалыгыӊыздын айынан көпчүлүктү капа кылып алуудан абайлаӊыз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Романтикага бай бул аптада жалгыз бой чаяндар болочоктогу түгөйлөрүн кездештириши мүмкүн. Шаршемби күндөн тарта өзүӊүздү өзгөчө жайдары алып жүрө баштайсыз. Буга сизге кызыккан, таанышууну каалаган адамдардын көбөйүшү себеп болот. Алардын ар бирин сындан өткөрүп, бирин түгөй кылып алуудан коркпоӊуз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Акчаӊызга гана дос болуп жүргөн адамдардын бети ачылат. Мындан улам депрессияга кабылышыӊыз мүмкүн. Бирок сизге жардамга ата-энеӊиз, бир туугандарыӊыз келет. Ишемби, жекшемби күндөрү күтүүсүз жумуштарыӊыз чыгып, алыска жол тартасыз. Бул сапардын жыйынтыгында ишиӊиз биротоло оӊунан чыгат, болбосо чоӊ көйгөйлөргө кабыласыз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Жашооӊуздун бир калыптан чыкпай, суз өтүп жатканы сиздин кыжырыӊызды келтире баштайт. Башкалардын жашоосуна көз артып, өзүӊүздүкүнө нааразы болосуз. Бирок бул аптанын соӊуна чейин гана уланат, себеби сиздин чөккөн маанайыӊызды байкаган сүйүктүүӊүз жагымдуу сюрприз тартуулап, жаман оюӊуздун баарын жок кылат.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Айланаӊызда болуп жаткан адилетсиздикке сабырдуулук менен мамиле жасаӊыз. Акыры келип чындык калкып чыгат. Андан көрө негативдүү энергиядан арылуунун жолдорун издеп, жаӊы нерселер менен алектенүүгө аракеттениӊиз. Апта соӊунда досторуӊуз менен эс аласыз. Көптөн бери көрүшө элек таанышыӊызга жолугуп, жагымдуу кабар угасыз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Бардыгын өзүм чечем деп башыӊызга көп жумуш үйүп албаӊыз. Жыйынтыгында эч бир ишиӊизден купулга толчу тыянак чыкпай, өкүнүп калышыӊыз мүмкүн. Жетекчиликтин астында жакшы көрүнөм дебей, алыӊыз жеткен жумуш менен алек болуӊуз. Эс алуу күндөрүн жалгыз өткөрөсүз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 694, 19-февраль-25-февраль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан