Орусияда өздөрүн «патриот» деп эсептеген жигиттер дагы эки кыргыз кызын «башка улуттун өкүлдөрү менен кафелеп жүрөсүӊөр» деп суракка алган видео интернетке тарады. Кыздардын бири камерадан жүзүн жаап-жашырбай, өзүн жана жанындагы шеригин коргоого аракет кылып, мигранттар арасында болуп жаткан ачуу көрүнүштөрдү айтып жигиттерди акылга келтирүүгө жандалбас кылган. Тема баягы эле. Жигиттер башка улуттун өкүлдөрү менен жүрдүӊөр деп кыздарды ыйманга чакырып, ошол эле маалда аларды түртүп, колун кайрып, балит сөздөр менен сөгүп жатышат. Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg