БАЛЫК МЕНЕН ЧАЯН КАРЫГЫЧА БИРИ-БИРИН СҮЙҮП, БАРКТАП ӨТӨ АЛАТ (20-февралдан 20-мартка чейинки аралыкта төрөлгөндөр)

Ар бир адам кайсы бир жылдыз белгисинин алдында төрөлөт. Андыктан сизди кызыктырган адамдын кулк-мүнөзүн, ал тургай аны менен турмуш курсаӊыз сизди кандай жашоо күтөрүн билгиӊиз келсе, жылдыз белгисин сурай коюӊуз. Анда сизге ким ылайыктуу?

БАЛЫК-КОЙ 
Активдүү, өжөр кой мырзаны балык айымдын үй-чарбаны күтө билбегендиги жинине тийгени менен, анын назиктиги тартып турат. Бийкеч болсо мырзасын үйдүн чыныгы башчысы катары баалайт. Экөө баш кошушса, биринин ишине бири жолтоо болбой жашоо кечиришет. Кой айым балык мырзадан көп нерселерди талап кыла берип мамилени курчутуп жиберет. Эгер айым үйдү башкарууну колго алып, мырзасына чыгармачылык менен алектенүүгө шарт түзүп берсе гана нике бекем болот. 

БАЛЫК-БУКАЧАР
Балык айым букачар мырзага назиктик жана кумарлануу менен тартылып турса, мырзасы аны жаман нерселерден коргоп, жан тартып, жетишерлик камсыздап турат. Бирок айымдын күнөөсүнөн талаштар чыкпай койбойт. Ага карабай мырза сабырдуулук жана туруктуулугун сактап, жакшы жашап кете алышат. Букачар айым менен балык мырза экөө теӊ табиятты сүйгөн жана сексуалдуу жандар болгондуктан чогуу узак жашоолоруна кепилдик бар. Балдарына жакшы кам көрүп, үзүлүп түшүп турушат.

БАЛЫК-ЭГИЗДЕР
Эгиздер мырза балык айымды алга сүрөөгө, мисалы, жеке иш баштап, аны жолго коюшу үчүн идея, көмөк берүүгө даяр. Бийкечтин болсо мырзасынын кемчиликтерине көз жумуп коюуга эрки жетет. Бирок экөө теӊ үй башчылык милдетин аркалагылары келбейт. Эгер баш кошушса, ата-энелери менен жашоого туура келет. Балык мырза менен эгиздер бийкеч бири-биринен сырын катып, ал тургай алдашып, ортодогу мамиленин ачык болушун каалашпайт. Мындай  нике түбөлүк болбойт.

БАЛЫК-БӨЙӨН
Балык айым жана бөйөн мырза баш кошушса алгач баары ордунда көрүнөт. Бирок убакыттын өтүшү менен бири-бирине болгон нааразычылыктары өсүп отурат. Жыйынтыгында экөө эки жээкте калышат. Эгер никени сактап калгылары келсе жан дүйнөлөрүн ачып, маселелерди кеӊешип чечип, чогуу көӊүл ачып дегендей аракет кылуулары кажет. Бөйөн айымдын да, балык мырзанын да ички дүйнөлөрү кеӊ, кыялкеч жандар, бири-бирин мыкты түшүнө алышат. Чогуу жашашса чыр-чатакка орун жок, төшөктө да төп келишет.

БАЛЫК-АРСТАН
Балык айым менен арстан мырза эки башкача жаралган жандар. Андыктан кээде түшүнбөстүктөр болуп кеткени менен, өзүндө жок нерсени шеригинен таап, бири-бирин толуктап жашап кете алышат. Айым үйдө лидерликти мырзасына тапшырып, өзү аны сүйүүгө, камкордукка бөлөй алат. Болгону мырза айымын кайра тарбиялоого аракет кылып, чыр чыгарбоосу кажет. Энергиялуу арстан айым бай балык мырзага турмушка чыгып, үйгө кожоюндук кылууну колуна алса гана жашап кетет. Башка учурда кепилдик жок.

БАЛЫК-БИЙКЕЧ
Өзүнө бирөөнүн камкордук көрүүсүн самаган балык айымга эмгекчил, үй жумуштарынын канча бир бөлүгүн аркалоого даяр бийкеч мырза төп келет. Айым аны мыкты сапаттары үчүн өмүр бою барктайт. Андыктан экөөнүн никеси идеалга абдан жакын. Бийкеч айым менен балык мырза бири-бирине тажрыйбасынан бөлүшүп, бир сферада чогуу иштешип кете алышат. Бирок баарын жүрөгүнө жакын кабыл алчу балык мырзанын эмгекчил жана талапчыл бийкечтин мүнөзүнө көнүшү кыйын. Андыктан үй-бүлө кемесинде чогуу сүзө алышары күмөн.

БАЛЫК-ТАРАЗА
Балык айым менен мүнөзү өзгөрүлүп турма тараза мырзанын башы бир казанда кайнай алабы? Алар бири-биринин көзүнө чөп салышса да, үйүндө дайыма тартип жана иреттүүлүк өкүм сүрбөсө да, шеригин турган турушу менен кабыл алып жашай беришет. Тараза айым балык мырзанын чоӊ максатка умтулбашын айтып кейисе, мырза ага болгон таарынычын ичине катат. Ошентип мамилелери кылдын учунда турса да кескин кадам таштоодон коркушкан экөө узакка жашап жүрө беришет. Негизи экөө баш кошушпаса мыкты достордон, көӊүлдөштөрдөн боло алышат.

БАЛЫК-ЧАЯН
Чаян мырзада темперамент, шык, аялзатын тартып туруучу касиет өкүм сүрөт. Балык айым болсо чырдан күлүп, тамашалап кутулуп, тынчтыкты сүйөт. Андыктан сырттан таӊ каларлык көрүнсө да, экөө бир очоктон түтүн булатып бактылуу жашап кете алышат. Чаян айым менен балык мырза олуттуу мамилеге басым жасаган, бири-бирине ишенимдүү түгөйлөрдөн боло алышат. Андыктан сүйүү, өз ара түшүнүүчүлүктүн арты менен карыгыча бир жаздыкка баш коюшат.

БАЛЫК-ЖААЧЫ
Карама-каршы мүнөздөгү эки адамдын союзу. Жаачы айымдын энергиясы ашып-ташса, балык мырза оӊой менен үн катпаган жоош. Ушул себептүү бир пикирге келип, чыккан маселени ортого коюп чечиши оор. Айым мырзасынын жөнөкөйлүгүн, боорукердигин баалап, өзүн көп учурда тыя алса гана никелери сакталат. Фантазиясы бай, түнт балык айымдын чынчыл, ачык-айрым жаачы мырзадан бакытын табуусу кыйын. Бири-бирин жемелөөнү, сын тагууну токтотушса гана жашап кете алышат

БАЛЫК-ТЕКЕЧЕР
Бакыт деп туруктуу иш менен айлыкты, ынтымактуу үй-бүлөнү эсептеген текечер мырза балык айымды өзүнүн идеалы катары карап, кам көрүүнү каалайт. Бирок айымдын тартипке көнбөстүгүнөн, өзүнө тиешелүү жоопкерчиликти алгысы келбегендигинен уруш-талаштар чыгат. Ортодо сүйүү, кыйынчылыктарды бирге жеӊүүгө умтулуу болбосо никесинин таш-талканы чыгат. Балык мырза сарамжал текечер айымды ак көӊүлдүүлүгү менен багындырат. Экөө теӊ табиятты сүйүп, кооздукту баалап, чыр-чатакты жактырбайт. Демек, кол кармашып, сен-мен дешпей өмүр сүрүп кете алышат.

БАЛЫК-СУУ КУЯР
Балык айым менен суу куяр мырза экөө теӊ ички дүйнөсү бай, чыгармачыл жандар. Алардын мамилесинде сезимдердин бардык түстөрү чагылып турат: сүйүү, жароокердик, кызгануу жана андан улам кайгы тартуу. Урушту үйдө мырзасы чыгарып турат. Экөө никесин сактагылары келсе, чыдамдуу жана түшүнүктүү болуулары кажет. Суу куяр айымды балык мырзанын активдүү, шаӊдуу жашоонун ордуна философтук ой жүгүртүүсү кыжырдантат. Үй-бүлө очогу сакталышы үчүн күйөөсү жубайын эки жакка коштоп чыгып, ага хобби таап берүүсү кажет.

БАЛЫК-БАЛЫК
Бул союзда балыктар өзүнүн экинчи түгөйүн табышат. Анткени суунун агымы менен тынч сүзгөн балыктардын ар бири жеке адам катары кайталангыс жана индивидуалдуу. Алар элге үлгүлүү үй-бүлө катары санала алышпайт: үйүндө бүтпөгөн иштер, чечилбеген маселелер толтура. Бирок буларга карабай «бири-бирибизге  керекпиз, башкаларына башыбыз оорубайт» деп жашай беришет.

Назми: «МЕН САБЫРДУУМУН, ЖОЛДОШУМДУН АЧУУСУ ЧУКУЛ»
Ырчы Назминин жылдыз белгиси балык болсо (20-март), анын жолдошу Таланттын жылдыз белгиси жаачы экен. Ортодогу мамиле тууралуу ырчы буларды баяндайт:
– Мен сабырдуу, көп ачууланбаган, ызы-чууну жактырбаган, анча-мынчага таарынбаган жанмын. Бирок катуу таарынткан адамды кийин кечиргеним менен мурункудай мамиле кура албай калам. Жолдошум болсо романтик, досторуна, үй-бүлөсүнө ишенимдүү, баласаак, колу ачык адам. Үйдүн лидерлик тизгини ошондо. Бирок ачуусу бат келип, заматта ызы-чуу кылып жибермей жагы бар. Ачуусу кандай бат келсе, ошондой эле бат тарайт. Ортобузда бири-бирибизди түшүнүүчүлүк жашайт. Экөөбүз теӊ кечелерде шайыр, көӊүлдүү отурабыз.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
tea23
2016-02-22 12:12:59
Чаян менен бойонду да жазып койбопсунар да сонун па ра тил табышуу боюнча.
0
SUBA_8493
2016-02-25 16:34:19
арыстан менен бойонду да унутпаныздар))))))
0
Akmatov1990
2016-02-25 23:43:42
Балык жылдызындагы мырзалар тууралу жазсаңыздар жакшы болот эле
0
zikirovna
2016-02-26 19:48:52
Чаян менен эгиздерди дагы жазып коюнуздарчы
0
Meerman
2016-02-28 23:11:07
Aii dal kelgenin karachy
0
Meerman
2016-02-28 23:12:10
Zor go
0
nurjamal
2016-05-23 19:14:28
Chaian menen suu kuiardy da jazgylachy kandai bolot eken
0
№ 694, 19-февраль-25-февраль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан