ПРОКАТТАГЫ РЕКОРД ЖАНА КӨРҮҮЧҮ ЧОГУЛТА АЛБАГАН ТАСМАЛАР

Кыргыз киносу өнүгүп жатат дейбиз. Бирок канчалык? Жылына 40 тасма жарыкка чыкканына кубанышыбыз керекпи же ал көрсөткүч бизди, тескерисинче, ойлонтуш керекпи? Акыркы кезде тасмалар биринен-бири өтүп көп тартылууда. Андан да башкысы, фильмдердин сапаты талапка жооп береби, өзүн актап жатабы?


КИНО ТАРТУУ МОДАГА АЙЛАНГАНДА...
Кыргызстан эгемендик алгандан бери далай тасмалар жарыкка чыкты. Алардын арасында дагы деле теледен көрсөтүлүп, элдин сүймөнчүгүнө ээ болгондору бар. «Беш кемпир», «Айыл өкмөтү», «Боз салкын» тасмалары алгачкылардан болуп эгемендүү мамлекет тарабынан каржыланып, тартылган. Бирок алар пираттык дисктерге тарап кеткендиктен, чыгашаны актаган эмес. 2006-жылы тартылган «Министрдин кызынын махабаты» тасмасы биринчи бөлүгүнөн эле 1 миллион сом киреше алып келгени маалым. Андан кийин байма-бай кассалык тасмалар тартылып баштады.
Азыр чынында режиссёрдук билими бары деле, жогу деле тасма тартууну кесип кылып алышты. Айрымдары өздөштүрүшсө, өздөштүрө албай жүргөндөр да жок эмес. Бирок сапат жагынан чет өлкөлүктөрдөн кем калбаган тасмаларыбыз чыгып, жадакалса айрымдары беделдүү сынактарга катышып жаткандары бизди кубандырбай койбойт.
Биз акыркы 5 жылда тартылган тасмалардын рейтингин түздүк. Ал үчүн Бишкек, Ош шаарларынын кинотеатрларына кайрылып, көп убакыт бою сатыкта кармалган жана «өмүрү кыска» тасмаларды тизмектедик. Жыйынтыгын өзүӊүз көрүп, өзүӊүз чечим чыгарыӊыз, окурман.

«Манас» кинотеатрынын маркетологу Нурбек Мамакеевдин берген маалыматына ылайык, «Гу Чжун Пёго кантип турмушка чыгууга болот?» тасмасы 9 айдан ашык сатыкта турган. Андан кийин эле «Салам, Нью-Йорк!», «Бир тууганчик», «Курманжан датка», «Түндүктүк келин», «Көк салкын» тасмалары 8-9 ай коюлган ийгиликтүү тасмалардын катарына кирген.
Ал эми 5 жыл аралыгында 1 жума, 1 айга да жетпей сатыктан алынып салынган тасмалар да бар. Алардын арасында эӊ эле аз көрүүчү келген, 3 күнгө гана кармалган «Жек Пот» тасмасы болгон.

«Кыргыз киносу» кинотеатрынын директору Толкун Дайырбекова аларда эки гана зал болгондуктан, кээде тасмаларды аргасыз сатыктан алып, ордуна жаӊы чыккан тасманы коюуга туура келгенин айтат. Ошентсе да кайра кайталанып коюлган тасмаларды кошуп алганда акыркы 5 жыл ичинде «Салам, Бишкек», «Салам, Нью-Йорк!», «Курманжан датка», «Бир тууганчик», «Сүйөм дечи», «Напарниктер», «Түндүктүк келин», «До+Фа» тасмалары эӊ көп көрсөтүлүп келген.

«Бишкек-Ош жолунда», «Кыздардын өчү», «Орхидея», «Күйөө балам – водовоз», «Жапайы селки», «20дагы чал-кемпир», «1+1=3», «Баарын кайрадан баштайлы», «Туугандар», «Оштуктун 11 досу», «Айылдан айга», «Ээнсиреген үй», «Аялдык бакыт», «Ботан жана Купидон», «Гонщик таксист», «Асел», «Шайлоо-жайлоо», «Баары бир звезда болом», «Мурас сыры, «Талисман», «Сүйүү жазы»... санай берсек өтө эле көп. Буга чейин чыгып жүргөн афишалардын архивине ылайык, аталган тасмалар Бишкектеги кинотеатрлардан 2-3 айга чейин көрсөтүлүп, сатыктан алынган.

Ал эми Оштогу «Ак-Буура», «Семетей» кинотеатрларынын администратору Ренат Нарматовдун берген маалыматына таянсак, Бишкектегидей эле көрсөткүчтөр ал жакта да бар.
Ош боюнча көрүүчү чогултуу жагынан рекорд койгон «Курманжан датка» тасмасы болгон. Ага элдин агымы көп болуп, 4 ай бою көрсөтүлгөн. Кийинки кезекте 3 ай «Бир тууганчик», «Напарниктер» тасмасы берилген. Ошондой эле «Рэкетир», «До+Фа», «Салам, Бишкек», «Миллиондук мелдеш», «Атымды башка коёмун», «Султан Сулайман» тасмалары 2-2,5 ай көрсөтүлгөн.
Ал эми киши келбей, көрүүчүлөрдү чогулта албаган тасмаларга «Сынган тагдыр», «Бейиш куштары», «Супер айым», «Бархатный сезон», «Жек Пот» сыяктуу бир катар тасмалар кирип, 10 күнгө араӊ көрүүчү чогулта алышкан.
Акыркы 10 жылдыкта киноиндустриябыз кайра жанданып, бир кезде иштебей, чатырынан суу тамчылап турган кинотеатрларыбыз ишке кирип, эл киного кайра барып баштаганы кубандырат. Бирок элдин маанайын көтөрөбүз деп жеӊил-желпи тасмаларды тартып, кыргыз кинолорунун баркын, сапатын кетирип албасак эле. Биз тизмектеген тасмалардын сатыкта канча кармалганы кинолордун сапатын көрсөтүп турат эмеспи. Андыктан сандан сапатка өтчү маал деле келди окшойт...

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (54)
tairermatov
2016-02-24 12:59:04
Бироосун да акырына чейин коргон эмесмин. Союз маалында тартылган кинолор жагат.
+1
josholu
2016-02-24 18:13:52
Дуйного чыга турган кино тартпайсынарбы
+1
kubat_73
2016-02-24 22:46:39
Союз тарагандан бери бир да жакшы кино тартыла элек мааниси жагынан да коркомдугу жагынан да актерлерду тандоо жагынан да.Эрте турганы эле кино тарта берип кинонун да баркын кетирип бутушту.Бул менин жеке оюм
+1
arena2014
2016-02-25 10:53:57
Жыйырмадагы чал кемпирди коруп крышам кетти. Ошондой да кино тартса боло берет экенда деп калдым.же мен маанисине тушунбодумбу?
+1
aydarov...
2016-02-25 13:59:32
Асман алдында деген кино чыккан эле Ким коргон кандай кино. Коргум келет деген кино бар ошол мага жаккан. Соолуган гулдор деле жакшыго.
0
atyra01
2016-02-25 14:01:28
Курманжан датка жагат
+1
tynkatar03
2016-02-25 14:10:12
Бирназаров тарткан "Белгисиз маршрут" жаккан мага. Калганын коргон деле эмесмин.
+2
mikana
2016-02-25 18:23:57
чындыгында эле курманжан датка өтө кызыктуу,манилуу,тарыхый окуяны толугу менен камтыган кино. кинону кыргыздар тартып эки созунун бирин эле орусча суйлоп аткаргандарды корсом жиним келет. озубуз кыргыз тилин ушинтип тебелеп жатсак,башка улуттагылар балээсине кыргызчаны уйронмок беле
-1
hann
2016-02-27 23:57:59
mikana,Кечиресиз Курманжан Датка оз доорунда дуйнону дунгуроткон ДАТКА айым болгон. Ал эми тасманы ала турган болсок устуртон эле илип илип кеткен. Андан коро док.фильм абдан маныздуу болгон...
+1
vrach
2016-02-25 22:21:57
Бул деген кино жаатында онугуу деп коет
-1
vrach
2016-02-25 22:22:51
Жылда 50 кино тартылса 10 жылдан киййн 500 кино тартылат

+1
vrach
2016-02-25 22:23:25
Анан барып онолуп кетет
0
Ciara
2016-02-27 16:27:16
vrach, сага кошулам, ушинтип тартып отурушуп,атаандаштыктан сапат келип чыгат, анан онолот киноиндустрия, "Москва деле бир кундо курулган эмес"!
-1
raia
2016-02-26 09:52:39
Семетейден Доктор Айболот кино комедия десе барып алыпмын акчамын кеткенине кайгырбадым бош кеткен убактыма кайгырдым.Мед факты шылдындаганыбы билбедим иши кылып тартканга кеткен кайран каражат,актерлордун кеткен алтындай убактысы,комедия десе ишенип барган биздин кайран убактыбыз деп чыктым.
0
Jadyrashka
2016-02-26 19:42:59
Акыркы көргөн Сююрприз жакты. Салам New York да жагат.

Эрнест Абдыжапаров менен Руслан Акун тарткан тасмалар сапаттуу.
0
metsenat
2016-02-26 22:34:32
Айрыкча Назира Бердигулованын кинолору мааниси жок.(безпонтовый дешёвка)
+1
Ciara
2016-02-27 16:29:41
Кыйын сынчылар коп, бир кино тартып коргулочу, анан суйлогонунорду коробуз... Аракеттери бар жаш балдар кыздарга ийгилик каалап коелу!!!!!
0
№ 694, 19-февраль-25-февраль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан