Эң кымбат жана кирешелүү «АВАТАР»

Тасма таржымалы

Шедевр кино тартуу ар кимдин эле колунан келе бербейт. Ошондой улуу тасма жараткан режиссёр кайрадан өзүнүн «ээрине» минди. Анда, алдыңарда мырза Жеймс Кэмерондун кезектеги шедеври – «Аватар».

Жанры – Фантастика, боевик, драма
Режиссёру – Жеймс Кэмерон
Сценарийин жазган – Жеймс Кэмерон
Оператору – Мауро Фиоре
Башкы ролдордо – Сэм Уортингтон, Зои Салдана, Сигурни Уивер, Мишель Родригес, Стивен Лэнг

КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

  • Кэмерон эгерде фильм ийгилик­түү болсо, анын экинчи жана үчүнчү бөлүмүн тартарын билдирген.
  • Тасманын көпчүлүк эпизоддору тартылган Кытайдын Чжанцзяце шаарындагы «Цянькуньчжу» тоосунун аталышы «Аллилуйя, Аватар!» деп өзгөртүлдү. Эми кытайлыктар бул атактуу тоо туристтерди тартат деп үмүттөнүшүүдө.
  • Режиссёр Жеймс Кэмерондун аталган тасмасы жарыкка чыккандан кийин даңк аллеясына аты жазылды.
  • «The Sun» басылмасынын маалыматында, америкалыктарды аватароманиянын толкуну каптап, жаңы төрөлгөн бөбөктөргө “Аватардын” каармандарынын аттарын ыйгарышууда. Азырынча эң популярдуу ат Пандора болуп турат.

КЫСКАЧА МАЗМУНУ
2154-жыл. Мурунку моряк Жейк Салли кырсыкка кабылып, баса албаган майыпка айланат. Ал эми анын эгизи илим менен алек болуп, өзгөчө минералды табуу үчүн Пандора планетасына сапарга чыгуу алдында турган. Бирок сапарга чыгардын алдында капысынан каза болуп калып, окумуштуу бир тууганынын ордуна Жейкти учуруу зарылдыгы келип чыгат. Анткени аватар программасын генетикалык жактан жакын адамы гана башкара алмак. Жаңы аватарды түзгөнгө акча да, убакыт да жок эле. Ошентип, илимден эч кандай түшүнүгү жок майып экенине карабай, бөтөн планетага Жейкти жөнөтүшөт. Жейк болсо бутуна операция жасатып, кайра басууга акча табуу максатында макулдугун берет.
Ошентип, Жейк Пандорада жашап, ал жактагы сырдуу жашоону өздөштүрө баштайт. Күндөрдүн биринде кезектеги изилдөө учурунда изилдөөчүлөргө жырткыч жаныбарлар кол салып, аскерлер Жейкти жалгыз таштап кетүүгө мажбур болушат. Жейктин жапайы токойдо аман калуу мүмкүнчүлүгү миллиондон бирөө болсо да, ал жалгыз мүмкүнчүлүгүн пайдалана алат. Тактап айтканда, аны нави уруусунун башчысынын кызы Нейтири куткарып калат. Экөөнүн жолугушуусу аягында сүйүү менен аяктайт. Ал эми Жерден келген экспедиция Пандоранын жашоочуларын жашаган жеринен күч менен кууп чыккылары келет. Анткени алар мекендеген жерде баалуу минералдар бар эле. Өзүн навилердин бири катары сезген Жейк эми Пандора планетасынын коргоочусуна айланат. Натыйжада согуш чыгып, аягында, албетте, адилеттүүлүк келип чыгат. Жерден издеген бактысын Пандорадан тапкан Жейк түбөлүккө жердеги жашоосу менен коштошот.

КЫЯЛДАР ОРУНДАЛАТ
Бала чагынан Пол Андерсендин фантастикалык чыгармаларын сүйүп окуган Кэмерон башка планетадагы жашоону тартууну кыялданчу. Тасманын алгачкы сценарийи 1994-жылы жазылган. Бирок ошондо 144 беттен турган бул сценарийди тартып баштоо убагы келе элек болчу. Анткени ал кездеги компьютердик технология өнүгө элек эле. Ошентип, тасма тартууну 2006-жылы баштап, тасманы «Долбоор-880» деп атайт. Арадан 3 жыл өткөндөн кийин Кэмерондун кыялы ишке ашып, бүт өмүргө барабар болгон «Аватар» тасмасы 2009-жылы жарык көрдү.

ТАРТЫЛЫШЫ
«Аватар» фильми жогорку компьютердик технология менен мыкты актёрлук, режиссёрлук эмгек жуурулушкан бирден бир тасма. «Жаңы компьютердик дүйнөнү ачканы үчүн бул тасма кинематографияда революция жасады десек болот» дешет киносынчылар. Кэмерон буга чейин компьютердик технологияны «Терминатор-2де» жана «Титаник» фильминде ийгиликтүү пайдаланса, «Аватар» тасмасында бул ыкманы укмуштай профессионалдуулук менен колдонгон. Тасманын 40 пайызын кадимки кино тарткандай тартышса, 60 пайызына компьютердик графиканын жардамын колдонушкан. Тасмада ар бир эпизодду туш тарабынан 197 камера тарткан.

ТАСМАНЫН ФИЛОСОФИЯСЫ
Ар бир тасмадай эле «Аватардын» да философиясы бар. Жердеги жашоодон эч нерсе таппай кеткен Жейк өзүнүн жашоодогу максатын, сүйүүсүн Пандорадан табат. Режиссёр Жеймс Кэмерон: «Пандорадагы жашоону ушунчалык сыйкырдуу кылып тартууну максат кылдым. Анткени кинону көргөн соң адамдар «биз өзүбүз жашаган дүйнөбүздү эмне кылып алдык?» деген суроону өздөрүнө берсе деп максат кылгам. Анткени башаламандык ээлеген биздин чөйрөбүздөн адамдар өзүн-өзү таба албай келет»,- деп айткан. Ошондой эле тасмада акырындык менен адамзат өзү жасаган дүйнөнү өзү жок кылып коёру кыйыр эскертилген.

ЭҢ КЫМБАТ ЖАНА КИРЕШЕЛҮҮ
«Аватар» 2010-жылдын 3-февралына карата дүйнөлүк прокаттан 2 миллиард 690 миллион доллар чогултту (!). Муну менен кино тарыхында кирешеси 2 миллиарддан ашкан жалгыз тасма болуп турат (буга чейин «Титаник» эң кирешелүү болуп турган). Учурда тасма «Оскарга» башкы талапкер аталууда. Азырынча ал «Алтын глобустун» 2 сыйлыгынын («Мыкты драмалык тасма», «Мыкты режиссура» номинациялары боюнча) ээси.


Кино жаңылыктары

«АК КЕМЕДЕГИ» НУРГАЗЫ КАЙРАДАН ТАСМАДА
Кыргыз киносунда дагы бир тасма жаралганы турат. Бул «перзенттин» ысымы «Уул» деп аталат. Найза Сыдыков тартып жаткан бул фильмге азыр америкалыктар менен арабдар колдоо көрсөтүүдө. Тасмада тажрыйбалуу актёрлор ойнойт. Алардын бири – «Ак кеме» тасмасындагы Нургазы Сыдыгалиев. Ал эми башкы каармандын ролун Эрменбаев Кыялбек аттуу жигит аткарат.

КАЗАКТАРГА “ОСКАРДЫ” КИМ ТАРТУУЛАДЫ?
Атактуу «Оскарга» катышуу бакытына КМШ өлкөлөрүнүн ичинен казактардын «Келин» тасмасы ээ болду. «Казакфильм» киностудиясында тартылган бул фильмдин идеясы биздин режииссёр Актан Арым Кубатка тиешелүү. Бирок финансылык маселелерден улам идеясын кийинки убакытка жылдырып, натыйжада бул фильмди казактар тартышкан. Тасманы жаратуучулардын бири Мурат Алиевдин айтуусунда, бул тасма Кыргызстанда тартылса, мындан да күчтүү, таасирдүү болмок.

“ОСКАРГА” ТАЛАПКЕРЛЕР
2-февралда жеңүүчүлөрү аныкталуучу «Оскар» сыйлыгына талапкерлер такталды. «Оскарга» көрсөтүлгөн тасмалардын ичинен Кэтрин Биглоунун «Бороон падышасы» фильми менен Кэмерон мырзанын «Аватары» биринчиликти талашууда. Баарынан кызыгы, Кэтрин Биглоу Кэмерон мырзанын мурунку жубайы экен. Мындан тышкары, «№9-аймак», «Санда жок салпаяктар», «Өйдөгө», «Олуттуу адам» жана башка фильмдери да көрсөтүлдү.

“АЛТЫН БҮРКҮТКӨ” КИМДЕР ЭЭ БОЛДУ?
29-январь күнү «Мосфильмде» «Алтын бүркүттүн» VIII сыйлык тапшыруу салтанаты болуп өттү. Эң мыкты фильм «Саркечтер» деп табылып, мыкты режиссёр «№6-палата» тасмасынын режиссёру Карен Шахназаров болду. Эң мыкты эркектин жана аялдын ролдору үчүн Богдан Ступка («Тарас Бульба») жана Наталья Негода («Бубен. Барабан») сыйлыкка ээ болушту. Ошондой эле быйыл каза болуп калган Олег Янковский кино жаатында сиңирген эмгеги үчүн сыйланды.

“MIRAMAX” 700 МИЛЛИОНГО САТЫЛАТ
«Miramax» студиясы тартылган тасмалары менен сатылат дешүүдө. Компаниянын түзүүчүлөрү бир тууган Вайнштейндер компанияны сатуусунун себебин айтышкан эмес. Эскерте кетсек, компания жараткан 700 фильмдин 200ү өзгөчө сыйлыктарга ээ болгон. Компаниянын баасы азырынча 700 миллион долларга бааланууда.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
aiklaus
2010-02-09 03:35:56
Filmdi tartuuga 500 mln dollar shumshalgandygyn shasbai ketipsisder.
0
Simpotka
2010-02-09 11:06:04
Ayabai jakti Avatar.
0
Happiness
2010-04-18 17:19:27
Ayabay jakty AVATAR. 4oon rahmat.
0
№ 379, 5-11-январь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан