ДЕРМАТОЛОГ КЕӉЕШ БЕРЕТ

Тери оорулары боюнча окурмандардан келген суроолорго медицина илиминин доктору, КММАнын дерматовенерология кафедрасынын башчысы Асел Койбагарова жооп берет.

«КАН ТАМЫРДУУ ЖЫЛДЫЗЧА ЭМНЕДЕН УЛАМ ПАЙДА БОЛОТ?»

– Менин эмчегимдин үстүндө кызыл, дөмпөйгөн так бар. Бир жолу дерматологго көрсөтсөм, «кан тамырдуу жылдызча экен, эч нерсе болбойт» деген. Зыяндуу болбогону менен, бир оорунун белгиси болсо керек.

Айзуура, Балыкчы шаары

– Кан тамырдуу жылдызча (сосудистые звездочки) боордун, кан тамырлардын иштеши бузулганда пайда болот. Алгач дарыгерге көрүнүп, анализ тапшырып, анын жыйынтыгы менен дарылоо жүргүзүлөт. Бул ооруда мүнөздөп тамак да жеш керек. Мурунку кызыл тактарды кетире албайсыз, болгону ошондой тактардын көбөйүшүн алдын алууга болот.

«ЧАКАЛАЙ ЖУГУШТУУ ООРУБУ?»
– Чакалай бетке эле чыгат деп уктум эле, менин денеме чыгып жатат. Бир жолу дарылап жок кылгам. Бирок кайра пайда болуп калды. Бул жугуштуу оорубу?

Нуриза, Жалал-Абад облусу

– Денеӊизге чыкса бул деле чакалай (лишай). Ар түрдүү түстөгү жана күлгүн түстөгү чакалай болуп 2 чоӊ топко бөлүнөт. Ар түрдүү түстөгү чакалай – грибоктук инфекциялык оору. Бул оору тиричилик буюмдары аркылуу (чыны, кашык, сүлгү жана башка), антибиотиктерди көп колдонгондо, кант диабети менен ооругандарда, көп тердегендерде, мисалы, спортчуларда, бийчилерде пайда болот. Грибокко каршы дары-дармек менен дарылайт. Дарылаганда жоголот, бирок тердесе кайра эле чыгышы мүмкүн. Сууга түшкөнгө, спорт менен машыкканга болбойт, бирок күнгө күйүү жакшы.
Күлгүн түстөгү чакалайды вирустук инфекция козгойт. Бул оору өтө сейрек кездешет жана жугуштуу эмес. Ысып туруп муздак сууга же үшүп туруп ысыкка киргенде же ооруп, дене табы аябай көтөрүлгөндө, катуу үшүгөндө пайда болот. Эгер чакалайдын бул түрү менен оорусаӊыз сууга түшкөнгө, таттуу, ачуу, туздуу тамак жегенге болбойт. Анан дарыгер жазып берген дарыларды колдонсоӊуз акырындык менен кетет. Дарыгердин айтканы менен жүрсөӊүз такыр кайталанбайт.

«ПАПИЛЛОМАНЫ ЖОК КЫЛСА БОЛОБУ?»
– Моюнумда, эмчегимде, колтугумда кичинекей сөөлгө окшош эт өсүндүлөрү бар. Оорубайт деле, бирок жуунганда колума тийип ыӊгайсыздык жаратат. Таанышыма көрсөтсөм, «папиллома турбайбы, күйгүзүп салсаӊ болот» деди. Мындан кантип арылсам болот? Ден соолукка зыяны жокпу?

Тамара, Баткен облусу

– Папиллома – бул вирустук инфекция. Бүгүнкү күндө анын 100дөн ашык түрү бар. Папиллома жалпысынан 3 топко бөлүнөт. 1-тобу коркунучсуз, 2-тобу коркунучсуз, бирок айрымдары залалдуу түрүнө өтүп кетүүгө жөндөмдүү, 3-тобу онкологиялык өсүндү. Кандай түрү экенин билүү үчүн атайын лабораторияларга барып анализ, кан тапшыруу зарыл. Ошонун жыйынтыгы менен дарыланасыз. Үй шартында айрымдар туз, самын менен жок кылууга аракет кылышат. Бул болбогон аракет. Бирок каакымдын сүтү, чистотель менен күйгүзсө кетет. Медициналык билими жок адамдар туура эмес күйгүзүп теринин соо жерин да жабыркатышат, андыктан дарыгерге кайрылганыӊыз оӊ. Папилломанын вирусу жыныстык жол менен, кош бойлуу кезде тон аркылуу жана төрөт учурунда кан аркылуу жугат. Бул вирус эч качан өлбөйт. Болгону иммунитетти күчтөп, витаминдүү тамак-аш жеп, спорт менен машыгып, вирусту басаӊдатып туруу керек.

«АТЫР СЕПКЕН ЖЕРИМ ЫСЫП, БАШЫМ ООРУП ЧЫГАТ»
– Дайыма жыпар жыттуу атыр себинип жүргөндү жактырам. Анан да кайсы бир атырдын жыты жагып калса аны сатып ала берем. Бирок себе келгенде менде маселе жаралат. Кайсы жериме сеппейин ошол жерим катуу ысып чыгат да, башым ооруйт.

Акылай, Бишкек шаары

– Ички органдарыӊызды текшертишиӊиз керек. Бул жөн нерсе эмес, кайсы бир оорунун белгиси. Өтүӊүз оорушу мүмкүн же гастрит бар. Балким, хеликобактер пилори (ашказанда же он эки эли ичегидеги бактерия) бар. Ар кандай курттун түрлөрү да лямблиоз, токсокароз болушу мүмкүн.

«Адистин кеӊеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеӊешке муктаж болсоӊуз, бизге кайрылыӊыз. Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеӊиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыӊыз.

Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
baba.
2016-02-29 11:07:35
Апам да ушундай.духи себинсе башы ооруп чыгат.оту ооруйт.ошондон турбайбы....
0
Serenada
2016-02-29 12:15:18
Менде да бар супер инфо менин бетиме майда будурлор чыгып эле 2жылдан бери кетпей атат эмне себептен мындай болорун билип бере алвсыздарбы?
+2
admin_superstan
2016-02-29 13:07:15
Serenada,
Саламатсызбы! «Адистин кеӊеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеӊешке муктаж болсоӊуз, бизге кайрылыӊыз. Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеӊиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыӊыз.
0
jama9210
2016-02-29 12:28:19
Менин да апам башы ооруп чыгат жыпар жыттардан((( мен да дерматологко кайрылышым керек эле. Химикаттардан аллергиям бар
0
AlbertEnshtein
2016-02-29 16:51:37
jama9210, каны аздыктан да ар кандай жытка баш ооруп коон айланат. Анан да атырлар начар сапатта подделка болушу мумкун. Аерозол спирттер начар сапатта болсо ар бир адам отравления болуп калышы мумкун. Колдонбой эле койгон дурус. Арабтардын эфир майларын колдонгула. Мисалы роза майы. Составында спирт жок, демек адал продукт эгер динди тутунган адам болсонор. Анан бир тамчы май бир жумача жыттанып копко сакталат. Кийимге эмес денеге же чачка суйкоо керек.
0
Bolya8892
2016-02-29 13:47:53
Мен ушул дарекке кат жазсам келбей койду.бир эмес, эки жолу жаздым. Кантип жооп алсам болот?
0
Boldukan86
2016-03-01 21:17:32
менинда башым атыр жыттарга аябай ооруп чыгат. откур жыттын баарына эле ооруйт мисалы бензин жытына да. значит ашказан же от.
+1
Nazikbaigazy
2016-03-02 02:15:56
Менда атыр себинсем эле башым каттуу ооруп чыгат
0
Nurjan15
2016-03-02 18:59:00
Кечиресиз админ мен эки жолу суроо жоноттум жообун кайдан окуй алам сураныч айтып коюнузчу
0
admin_superstan
2016-03-03 09:58:57
Nurjan15, саламатсызбы? Суроолоруңузду кайсы жакка жөнөттүңүз эле?
0
Nurjan15
2016-03-04 00:05:23
admin_superstan,kenesh@super.kg ушул жака жазганмын бирок жооп келген жок
0
KYRGYZJERI
2016-03-03 19:12:57
Атырды себет десе эле себе беришкендер бар.
Азыр кун жылый баштады, коомдук транспортко тушсон журогун айланат, анткени любою атырды себинип озулорун шумдук сезип дегендей.
Атырды аз гана себиш керек, кийимге, моюнга колтука эмес абага чачса ылдый чачка тушот, анан отунуч бала эмизген жаш келиндер атырды жолото корбогуло))) особенно узак жол жургондо себинип алып башканын да башын ооруткандар бар...
0
Upol92kg
2016-03-04 17:56:57
Саламатсыздарбы,менин да бетиме ак будурлор чыга берет, сыкса сыгылбайт ал эмнеден жок кылса болобу,?
0
magira
2016-03-07 01:29:04
Upol92kg,ичке ийнени "перекис водорода"га малып алып терини ийне менен ачып сыгып салсаныз катуу май чыгат.орду кичине кызарып кетип калат.так калбайт.
0
Nazik96
2016-05-20 02:44:14
денеге темир зат тийгенде кызарып алергия боло баштайт .ал алергиядан кантип арылууга болот
0
№ 695, 26-февраль-3-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан