СУЛТАН РАЕВ КЫЗМАТТАН БОШОТУЛДУ
Султан Раев Маданият мамлекеттик агенттигинин директорлугу кызматынан бошотулду.
3-февралда президент Курманбек Бакиевдин буйругу менен Султан Раев өкмөткө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигинин директорунун кызматынан бошотулду.
Эскерте кетсек, ЖКнын “Ак жол” фракциясы АКШ жараны, сүрөтчү Сергей Мельниковду колдоп, Бишкекте өтүүчү көргөзмөсүнө макулдугун бергендиги үчүн өкмөт башчысына Султан Раевге карай чара көрүү талабын койгон. Депутаттар “С.Мельников Орусияга каршы курч сындарды айтып келет. Андыктан сүрөтчүнүн көргөзмөсүнүн Бишкекте өтүшү эки мамлекеттин мамилесине доо кетирет” деген ойлорун айтышкан эле.
2-февралда Парламенттин депутаттык этика жана регламент боюнча комитети, ЖКнын КСДП фракциясынын мүчөлөрү Бакыт Бешимов менен Кубанычбек Кадыровдун депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда ажыратуу чечимин кабыл алышты.
Бул маселе КСДП фракциясынын лидери Роза Отунбаеванын кайрылуусунан улам каралган. ЖКнын регламентинин 240-беренесинин 2-бөлүгүнө жана 239-беренесинин 9-бөлүгүнө ылайык, депутаттар бир сессиянын учурунда 30 жана андан көп жумуш күнүн жүйөлүү себепсиз калтырган учурда мандатынан ажыратылат. КСДП фракциясынын маалыматы боюнча Жогорку Кеңештин жыйындарына Б.Бешимов 33 күн, К.Кадыров 30 күн катышпаган. Эми тизме боюнча кезеги келген эки КСДПчы аталган фракциянын катарын толуктамакчы.
ЫНТЫМАК КУРУЛТАЙЫНЫН ДЕЛЕГАТТАРЫ 9-16-ФЕВРАЛДА ШАЙЛАНАТ
Өлкөнүн аймактарында 9-16-февралда өтө турган жыйындарда Ынтымак Курултайынын делегаттары шайланышат.
Бул туурасында президенттик аппараттын жетекчиси Каныбек Жороев билдирди. Анын айтымында, шайлоо ачык өтөт жана бардык шайланган делегаттарга убактылуу мандаттар ыйгарылат. “Биз делегаттарды шайлоо учурунда эч кандай административдик кийлигишүүгө жол бербейбиз. Тигил же бул аймактын, айылдык округдун атынан ким өкүл болуп барарын жергиликтүү калк гана чечет”,- деди ал. Ынтымак Курултайы үстүбүздөгү жылдын 23-мартына белгиленген.
ЖОЖдор ЧЕТ ЭЛДИК СТУДЕНТТЕРДЕН КАНЧА ТАБАТ?
Учурда Кыргызстандын жогорку окуу жайлары чет элдик студенттерди окутуу менен жылына орто эсепте 1,5-2 миллион доллар топтошот.
Эгемендүү Кыргызстан билим берүү тармагында чет элдик студенттерди кабыл алуудан артта калган жок. Жылына өлкө үчүн бир студенттен түшкөн акча 2500-5000 долларга чейин барат. “Чет өлкөлүк студенттерди Кыргызстандын геосаясий жайгашуусу, жашоонун башка өлкөлөргө караганда арзандыгы жана окууга болгон баанын да арзандыгы тартат” деп эсептешет адистер.
БИШКЕК МЭРИЯСЫ 15 МИҢ АДАМГА КОШУМЧА КАРАЖАТ БЕРЕТ
Мэриянын фондунан саламаттыкты сактоо жана маданият жаатында эмгектенгендерге кошумча каражат бөлүнүп келген. Электр энергиясы жана жылуулуктун кымбатташына байланыштуу аларга 1-февралдан тарта айына кошумча 300 сомдон төлөнөт.
Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Э.Иманалиева билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күнгө чейин Бишкекте саламаттыкты сактоо жаатында эмгектенген 7 миң 300 киши, билим берүү тармагындагы 6 миң 500 жана маданият багытында эмгектенген 1000 кызматкер мэрия тарабынан кошумча 1000 cомдон каражат алып келген. Жаңы кошумча акча менен алар эми 1300 сомдон каражат алышмакчы.
СӨЗ КАЙРАДАН КОНСОТТО
Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору кайрадан Конституциялык Сотко жолдонду.
ЖКнын Мамлекеттик түзү-лүш жана конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитети жыйын курду. Комитет жыйынында Президенттик кеңешмени Мамлекеттик кеңеш деп өзгөртүү маселеси каралды. Анда президенттин макулдугу менен кабыл алынган мыйзам долбоорун Конституциялык Сотко кайрадан кароого жиберүү чечимин кабыл алышты.
Эскерте кетсек, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун Конституциялык Сот 21-январда карап, Президенттик кеңешменин атын өзгөртүү корутундусун чыгарган эле.
1-МАРТТАН БАШТАП ПЕНСИЯ КӨБӨЙӨТ
Президент Курманбек Бакиевдин 27-январдагы жарлыгына ылайык, 2010-жылдын 1-мартынан баштап пенсиянын камсыздандыруучу бөлүгү жогорулайт.
Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Таалайбек Таткулов маалымат берди. Анын айтымында, пенсиянын камсыздоочу бөлүгү пайыздык эмес, суммалык түрдө жогорулайт. 1-марттан баштап 1000 сомго чейинки пенсия алгандарга 500 сом, 1001-2000 сомго чейин 350 сом, 2001-4000 сомго 250 сом, 4001-10000 сом алгандарга 150 сом жана 10 миңден жогору алгандарга 100 сом кошулмакчы. Ошентип, кыргызстандыктардын орточо пенсиясы 2 миң 621 сомго барабар болот.
КЫРГЫЗСТАНДЫН КАДРЛАРЫНА USAID АГЕНТТИГИНЕН МҮМКҮНЧҮЛҮК
4-февраль күнү Эл аралык билим берүү боюнча америкалык кеңеш (АКСЕЛС) чакан маалымат-жыйын өткөрдү. Аталган жолугушууда USAID агенттигинин “Коомчулуктарды байланыштыруу” долбоорунун 2010-жылга пландаган программасы тууралуу айтылды.
Долбоор 2005-жылдан бери Кыргызстанда ар тармактагы кесиптик уюмдардын лидерлерин тандап алып, аларга АКШда практикалык тренингдерден өтүү мүмкүнчүлүгүн түзүп берип келет. Бул жылы билим берүү, экономика жана айыл өкмөттөрүн өнүктүрүү тармагындагы отуз мыкты адис жана ушул тармактар боюнча иш алып барган үч журналист АКШга жөнөтүлмөкчү. Айта кетүүчү нерсе, бүгүнкү күнгө чейин аталган долбоор аркылуу 179 адис АКШга барып тажрыйба топтоп келишкен.
ЭлТР СПУТНИК АРКЫЛУУ КӨРСӨТҮЛӨТ
ЭлТРдин көрсөтүүлөрү спутник байланышы аркылуу көрсөтүлө баштады. Биз телерадиокомпаниянын башкы директору Нурланбек Шакиевди кепке тарттык.
– Нурлан мырза, мындан жарым жыл мурда «ЭлТРди спутникке чыгарабыз» деп билдиргениңизде айрымдар ишенген эмес. Жадакалса өйдө-ылдый сынап жиберүүгө да үлгүрүшкөн. Андыктан бул ийгилик кут болсун.
– Рахмат. Туура, мен өткөн жылы атайын иш сапарым менен Түркияга барып келгенмин. Андагы ТРТ компаниясынын жетекчилиги менен бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнбүз. Жыйынтыгында биздин телеканалды спутникке чыгарууга көмөк көрсөтүшөрүн билдиришкен. Түздөн-түз спутникке байланыштуу маселелерди чечүүчү Түрксат мекемесинин жетекчилиги менен да макулдашуулар болгон. Бир сөз менен айтканда, ошол иш сапары жемиштүү болуп, натыйжада Түркия өкмөтү бизге 5 миллион сомдук техникалык каражатты бекер гранттык негизде жардамга беришти. Түркиядан адистер келишип техникаларды монтаждап да беришти. Даярдоо иштери ушул жуманын башында аяктап, алгачкы сигналды текшердик. Баары ойдогудай болуп, алгач Түркияда ЭлТР каналы көрүндү. Биринчилерден болуп түрктөр бизди куттукташты.
Бул опол тоодой ишти жасоого түздөн-түз көмөк көрсөткөн Түркия өкмөтүнө, ТРТ компаниясына, Түрксат мекемесине жана Кыргызстандагы Түрк эл аралык кызматташтык агенттигине терең ыраазычылык билдиребиз.
– Эми ЭлТРди дүйнөнүн кайсы өлкөлөрү көрө алышат?
– Бүтүндөй Евразия континентиндеги мамлекеттер. Эң башкысы, Орусиядагы миллионго жакын мекендештерибиз, Казакстан, Кытай, Түркия өңдүү кыргыздар жашаган, көп жүргөн өлкөлөр көрө алышат.
– Өткөн жылда ЭлТР бир топ ийгиликтерге жетишти, сапаты жакшырды. Анын сыры эмнеде?
– Сыйкырчылык кылган жокпуз. Болгону, заманбап менедж-мент, катуу талап, жаңычылдык жана талбаган аракеттин жемиши.
Мына ошонун натыйжасында өткөн жылдын жыйынтыгында «Жылдын мыкты телеканалы», «Супер телеканал», «Мыкты жетекчи», «Мыкты менеджер» жана башка наамдар менен сыйлыктарга маарып эле калдык. Эң башкысы, кыргыз эли, телекөрүүчүлөр айтып жатпайбы “ЭлТР аябай оңолду” деп. Мына ушул биз үчүн эң чоң баа. Биз ошол өткөн жылкы ийгиликтерибизди быйыл дагы арттырууга бүт күч-аракетибизди жумшайбыз.
– Жакында «Канадада өтүүчү Олимпиаданы түз көрсөтөбүз» деген элеңиздер, бул жагы кандай болууда?
– Ачык айтсам, биз өтө чоң оптимисттик пландарды коюп алыптырбыз. Алардын бири телеканалды спутникке чыгарабыз десек, дагы бири ушул кышкы Олимпиада жана Түштүк Африкадагы дүйнөлүк футбол биринчилигин көрсөтүү.
Буюрса, спутникке чыктык. Олимпиаданы көрсөтүүгө да оңбогондой иш-аракеттер болду. Алгач түз көрсөтүү укугун алууга Эл аралык Олимпиада комитети менен дүйнөлүк спорттук көрсөтүүлөрдү тейлеген уюмдар бизден олчойгон акча сурашты. Кайра-кайра болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында символикалык суммага макул болушуп, түз көрсөтүү укугун алдык. Буюрса, Ванкуверде өтүүчү кышкы Олимпиаданы кыргыз эли биздин каналдан көрүү бактысына ээ болушту.
– ЭлТРди Кыргызстандын айрым аймактары көрө алчу эмес эле, эми алар спутниктен кантип таап көрүшөт?
– Спутник табакчалары барлар атайын адистердин жардамы менен Turksat 3A at 42.0 E координатына ылайыкташтырса эле көрө алышат. Ал эми кошумча суроолор болсо, биздин телеканалдын техникалык борборуна кайрылып жардам алышса болот.
– Алдыда дагы кандай пландар бар?
– Улам жаңы долбоорлор, жаңы көрсөтүүлөрдүн болушу шарт. Эң башкысы элдин, телекөрүүчүлөрдүн табитине ылайыкташтырыш керек. Антпесе азыр телекөрүүчүлөрдүн табити, талабы өтө тездик менен өсүп баратат.
– Ишиңизде албан ийгиликтер боло берсин. Рахмат маегиңизге.
Айбек Кочкоров
politika@super.kg