Кытайда өлүм жазасына тартылган мекендешибиз Светлана Кулбаеванын сөөгү 20-февралда Кыргызстанга келди. «Жүк 200дү» Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери «Манас» аэропортунан тосуп алышып, сөөктү маркумдун туугандарына өткөрүп беришти. Мекендешибиз эмне үчүн Кытайда өлүм жазасына тартылганы тууралуу төмөнкү макалада маалымат бермекчибиз.
КЫРГЫЗЧА «БАНГКОК ХИЛТОН»
Атактуу актриса Николь Кидман башкы ролду жараткан Австралиянын «Бангкок Хилтон» тасмасын көрбөгөндөр аз болсо керек. Бул 6 сериядан турган тасмада Катрина Стэнтон (Николь Кидман) аттуу бийкеч баӊги бизнеси менен шугулдангандардын курмандыгы болуп калгандыгы тууралуу баяндалат. Катрина Лондондон Австралияга учуу алдында аэропорттон Арки аттуу жигит менен таанышып калат. Мамилелери келишкен экөө сапарды чогуу улантууну чечишет. Индияга келгенде Катринага Арки фотоаппарат белек кылат. Катрина издеп жүргөн атасы тууралуу жиптин учугун Таиланддан табат. Бирок атасы Таиландга келген кызы менен жолугуудан баш тартат. Бангкоктун полиция кызматкерлери аэропортто кайра Австралияга кетмекчи болгон Катринанын багажынан героин таап, аны кармашат. Көрсө, Арки белек кылган фотоаппарат салган чемодандын ичине героин катылган болот. Ал эми кыздар менен таанышып, аларды баӊгизат алып өтүүчү курьер катары колдонуп жүргөн Арки Австралияга учуп кетет. Таиланд соту Катринаны өлүм жазасына буюруп, өкүм аткарылгыча ал «Бангкок Хилтон» аталган чоӊ түрмөгө камалат. Бактыга жараша Катрина атасынын жардамы менен түрмөдөн качып чыгып, Аркини кезектеги курмандыгы менен Индияда жүргөн жеринен табат.
«Бангкок Хилтон» тасмасында күнөөсүз Катрина эркиндикке чыгып, баӊги бизнеси менен шугулданган Арки кармалат эмеспи. Ал эми бул окуяда курмандыкка чалынгандар камалып, ал тургай өлүм жазасына тартылган да, чыныгы күнөөлүүлөр дале кармала элек.
КЫТАЙ КУЛБАЕВАНЫ КАЙТАРБАЙ КОЙГОН
1964-жылы төрөлгөн Ысык-Ата районунун тургуну Светлана Кулбаева 2010-жылы 6-октябрда Үрүмчү шаарынын аэропортунан Кытайдын тартип сакчылары тарабынан кармалган. Анын жанынан 7 килограммдан ашуун героин табылган. Кытай соту тарабынан ал өлүм жазасына буюрулуп, өкүм быйылкы жылдын 4-февралында аткарылды.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги анын жазасын жеӊилдетиш үчүн аракет кылганы менен, андан майнап чыккан эмес. Акыйкатчы Кубат Оторбаевдин айтымында, бир нече жыл мурун Кытай тарап соттолгон адамды Кыргызстанга өткөрүп берип, ал адам «Манас» аэропортунан эле бошотулуп жиберилген. Ошондон кийин Кытай тарап соттолгон адамдарды кайтарбай калган.
АФРИКАЛЫК КОЙГОН КАПКАН
Биз 2012-жылы чыккан гезитибиздин №499-санында бул тууралуу «Героин, мафия, сюрприздүү сапар же баӊгизатынын курмандыктары – кыргызстандыктар» деген аталыштагы макала даярдаганбыз. Анда УКМКнын кызматкерлери коӊшу өлкөлөрдөгү кесиптештери менен биргеликте баӊгизат ташуу, сатуу менен шугулданган кылмыштуу топту кармашканы айтылган. Чекисттердин айтымында, ал кылмыш тобу биздин жарандарды кол каптай эле пайдаланышкан.
2011-жылдын күз айларында УКМКнын Чүй облустук башкармалыгынын кызматкерлерине Кыргызстандан башка өлкөгө баӊгизатын жөнөтүп жүргөн аял тууралуу маалымат түшкөн. Иликтөөлөрдүн натыйжасында аялдын аты-жөнү такталып, ал Бишкек шаарынын 24 жаштагы тургуну Динара Солтобаева деген болуп чыгат. Аны кармаган из кубарлар Кытайга жана андан ары Азиянын башка өлкөлөрүнө баӊгизатын ташыган мыкты уюшулган канал бар экенин билишет.
Тергөөнүн версиясы боюнча, окуя төмөнкүчө болгон. 2010-жылдын күз айларында Динара интернет аркылуу Кытайда жашаган нигериялык Агумба аттуу адам менен
таанышып, африкалык өз эсебинен Динараны Кытайдын Гуанчжоу шаарына конокко чакырат. Ал жакка барган Динараны Агумба коноктоп, ага Кыргызстанда кийим тигип сатуу үчүн Гуанчжоудо кийим тигүү боюнча бизнес баштап жатканын айтат. Ал эми Динарага кайсы кийимдер жакшы өтүп жатса, алардын үлгүсүн жөнөтүп турууну сунуштайт. Бишкекке кайтып келген Динара Агумба телефондон айткан даректердеги чемодан, баштыктарды жөнөтүп турса, кийинчерээк курьерлер үчүн учакка билет алып, виза даярдап, аларды учакка салууну да уюштура баштайт.
КУЛБАЕВА КУРМАНДЫК БОЛУШУ МҮМКҮН
Ошентип иштеп жүргөндө, тагыраак айтканда, 2010-жылдын 6-октябрында Кытайдын тартип сакчылары Үрүмчү шаарында Светлана Кулбаеванын жүгүнөн героин таап чыгышат. Өлүм жазасына тартылган Кулбаева өзү баӊги ташып жүргөнүн билгенби, билбегенби, эми айтыш оор. Ал эми Динара «Кулбаева кармалганда гана баӊги бизнеси менен аралашып жүргөнүмдү билдим» деп көрсөтмө берген. Солтобаева Кулбаеваны Кытайга жөнөткөндүктөн, Агумбадан жооп талап кылат. Агумба эми ачык эле баӊгизаты менен иштешүүнү сунуштаганда Динара макул болот да, Кулбаева кармалгандан кийин деле баӊги канал ишин уланта берет.
Динара баӊги мафиясынын калган мүчөлөрүн колго түшүрүү иштерине жардамдашууга макул болот. Бирок Агумба бир көйгөй болгонун билип койгон да, байланыш үзүлгөн. Чекисттер бир аз убакыттан кийин бул топ багытын Үрүмчүгө эмес, Гуанчжоуну көздөй өзгөрткөнүн билишет.
ХИРУРГ-КОНТРАБАНДИСТ
Баӊги мафиясынын изине түшкөн чекисттер 2012-жылдын 14-январында Казакстанга кире бериштеги «Ак-Жол» чек ара өтмөгүнөн 24 жаштагы Айганыш (бул кыз тергөө иштерине жардам бергендиги үчүн акталган, аты өзгөртүлдү) аттуу кызды жана аны Алматыга узатып бараткан 19 жаштагы Нурсултан деген жигитти кармашат. Алардын жүгүн тинтүү учурунда баштыкка бекитилген 5 килограммдан ашуун героин табылат. Ошого улай эле чекисттер Ош шаарынан 24 жаштагы Артур дегенди да кармашат. Чекисттердин маалыматында, Артур Агумба менен түз байланыша алган тар чөйрөдөгү тандамал адамдардын катарына кирчү. Ооруканалардын биринде хирург болуп иштеген ал Тажикстандан жөнөтүлгөн героинди Оштон тосуп алып, таксисттер аркылуу Бишкекке жөнөтүп турган. Артур чекисттер менен иштешүүгө макул болот да, Агумбага телефон аркылуу Айганыш жумуштары менен кармалып калганын, бирок кийинки каттам менен учарын маалымдайт.
Кыргызстандын УКМКсы казакстандык, кытайлык кесиптештери менен сүйлөшүү жүргүзүшүп, операциянын финалдык этабына киришишет. 18-январда Алматы шаарынын аэропортунан Пекинге баштыгына 2 килограмм героин салган Айганыш, УКМКнын эки офицери жана алардын кытайлык кесиптеши болуп учушат. Гуанчжоу шаарындагы мейманканага кытай кызы келип, Айганыштан баштыкты алып чыгып баратканда кармалат.
АЙРАН ИЧКЕН КУТУЛУП, ТҮБҮН ЖАЛАГАН ТУТУЛГАН
2010-жылдын 5-октябрында Индонезиянын Бандунг шаарынын аэропортунан Жибек Сакееванын жүгүнөн 8 килограмм героин табылып, кармалган. Индонезия соту аны 12 жылга эркинен ажыраткан. Иликтөө иштеринде аны бул сапарга нигериялык Бен деген адам жибергени билинген. Ал Жибек менен Бишкектен таанышып, андан Малайзия аркылуу Индонезияга «сумкалардын үлгүсүн» алып баруусун суранган. Чекисттер Жибекти да бул сапарга Динара узатышы мүмкүн деп эсептешет.
Чекисттердин айтымында, Бен, Агумба дегендер Околи Паулинус Набуке аттуу бир эле адам болушу мүмкүн. Кыргызстандын Малайзиядагы консулу Куштарбек Шамшидовдун билдиришинче, Жибек Сакеева дале Индонезиянын абагында, өкүм өзгөргөн эмес. Элчиликтин кызматкерлери Сакееванын ишин дайыма көзөмөлдөп турушат.
2012-жылдын 7-апрелинде бул топтун кээ бир мүчөлөрүнүн үстүнөн сот иши аяктап, Нурсултан Курбаналиев 12, Артур Иминахунов 15 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми Динара Солтобаеванын иши сотко жетпей кыскарып эркиндикке чыкса, африкалык жигитке эл аралык издөө жарыяланып, ал кармала элек. Бул иш Баӊгизаттарды көзөмөлдөө мамлекеттик кызматына өткөрүлүп, алар иликтеп жатышкан чагы.
Околи Паулинус Набукеби же чыныгы аты-жөнү башкабы ким билсин, ал африкалык алдамчы мүмкүн дагы канча деген адамдарды сыздатып жүргөндүр. Андай шылуундарга алдангандардын бири Светлана Кулбаева өмүрү менен кош айтышып, артында 4 баласын жетим калтырып кетти. Ошондуктан ар бирибиз өзүбүзгө сак болсок...
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg