Белек алуу чындыгында жагымдуу. Билдирбегени менен мырзалар деле белек алгысы келип күтүп калышат экен. Анда ырчылар жолдошуна эмне белек беришти, айрымдарынан сурап көрөлү.
Роза Шакирова: «ӨЗҮНҮН АКЧАСЫНА БЕЛЕК САТЫП БЕРДИМ»
– Учурда тойлор аз болуп жаткандыгына байланыштуу 23-февралда белек алганга акчам бир аз тартыш болуп калды. Анан ойлонуп бирөөдөн сурабай эле «акча берип турчу, керек болуп жатат» деп өзүнөн сурап алып кол саат сатып бердим. Майрам күнү таӊ атпай туруп манты түйүп, дасторкон жайып, алган кол саатымды колуна тактым. Ал эми уулумду болсо катып жүргөн акчама оюн-зоок борборуна алып барып ойнотуп келдим.Анжелика: «АТАБЫЗДЫН ТӨШӨГҮНӨ ТАМАК АЛЫП БАРДЫК»
– Биздин үй-бүлөдө жалгыз мырза бар, ал атабыз. Бул жылы белек камдоого эки кызым жардамдашты. Үчөөбүз эрте туруп өзгөчө бутерброддорду жасап, атабыздын төшөгүнө алып бардык. Кубанган жолдошум «эми 8-Мартта үчөөӊдүн төшөгүӊө тамак алып барат экенмин да» десе, улуу кызым «жок, төртөөбүзгө, Айлинкага да алып барасыз» деп баарыбызды күлдүрдү. Тамактан сырткары өзгөчө болсун деп жолдошумдун аты жазылган футболдук форма белек кылдык.
Айнура Салахидинова: «ЖОЛДОШУМА ХАЛАТ БЕЛЕК КЫЛДЫМ»– Досторубуздун арасынан 7 үй-бүлө шерине ойнойбуз. Ошол 7 айым мырзаларыбызды өзгөчө кылып куттуктаганга аракет кылдык. Жолдошторубуз мончого көп барышат, кайсы убакта чалба мончодомун дешет. Мындан улам келиндер кеӊешип артына жолдошторубуздун аты, бооруна өзүбүздүн атыбыздын баш тамгасы саймаланып түшүрүлгөн апапак халат белек кылдык. Белектерибизди чайканага дасторкон жайып майрам уюштуруп анан тартууладык. Аларга халат аябай жагыптыр, «акылдуусуӊар, адашып кетпесин деп бооруна атыӊардын баш тамгасын жазып коюпсуӊар» деп тамашалашты.