21-февраль күнү быйыл «Евровидение» сынагында Украинанын намысын Ошто төрөлгөн Жамала (Сусана Жамалидинова) коргой тургандыгы белгилүү болду. Сынактын тандоо турунда калыстар тобу Жамалага 2-орунду ыйгарышканы менен, көрүүчүлөрдүн берген добушунун саны аны 1-орунга алып чыкты. Ырчы сынакта аткара турган ырын былтыр жаздырган. Аталган ыр 1944-жылы депортацияланган крымдык татарлар тууралуу.