Мезгил үнү
1-февралдан тарта Кыргызстандагы бардык уюлдук операторлор ар бир чалуунун баасын 60 тыйынга кымбаттатышты. Энергетика жана жылуулукка болгон тарифтердин көтөрүлүшү менен бир топко кыйнала түшкөн карапайым калк 60 тыйынды укканда кимге арызданарын билбей, башы маң болуп өкмөттөн, ЖКдан жана президенттен жооп күтүп турган чагы.
КАБАРДЫ КООМЧУЛУККА КИМ ТАРАТТЫ?
Карапайым калкка түшүнүксүз болуп жаткан бул окуяны расмий түрдө жарыяланганга чейин эле “Социал-демократтар” фракциясы элге кабарлаган. Алар: “Кымбаттоо эми уюлдук байланышка жетти. Бийлик менен монополист уюлдук компаниялар жең ичинен сүйлөшүп алышкан. Элди каратып туруп тоноону башташты”,- деп билдирген. Ал эми уюлдук байланыш компаниялары ар бир чалуунун баасынын 60 тыйынга кымбатташын электр жарыгына жана жылуулукка болгон тарифтердин жогорулашына байланыштырышууда.
АГЕНТТИКТЕР ЖООПКЕРЧИЛИКТЕН КАЧЫП...
Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик агенттиги азырынча бул кымбаттатуу боюнча эч нерсе айта албасын билдиришкен. “4-декабрга чейин уюлдук компаниялардын көзөмөлү Байланыш агенттигинде болгон. Эми гана бизге өттү, азыр бардык архивдик документтер, иш кагаздар бизге берилип жатат. Баарын тактап, андан кийин коомчулукка билдиребиз”,- дейт агенттиктин директорунун орун басары Н.Үсөналиева.
Ал эми Мамлекеттик байланыш агенттигинин директору К.Кыдыралиев “уюлдук операторлор көрсөткөн кызматы үчүн 0,09 центтен ашык баа койбошу керек эле” деген оюн айтты.
«АК ЖОЛ» 3 КҮНДӨН КИЙИН КЫЙМЫЛГА КЕЛДИ
3-февралда ЖКнын “Ак жол” фракциясы чалуулардын 60 тыйынга кымбатташы тууралуу жыйын куруп, маалыматтарды укту. Бүткүл дүйнөдө уюлдук байланыштын баасы арзандап жатса, Кыргызстанда тескерисинче кымбаттап жатканына ачууланган эл өкүлдөрү да болбой койгон жок. “Биз талкуулаганга чейин эмне үчүн өкмөт эч кандай чечим кабыл алган эмес? Өкмөт эмнеге эч нерсе билбейт? Анда бүгүндөн баштап 60 тыйындык кымбаттатууну токтотсун!”,- деп өкмөткө талап койду депутат Ибрагим Жунусов. Ал ошондой эле Монополияга каршы саясат агенттиги маселени териштирип, себебин аныктаганга чейин аталган кымбаттатууну токтотуп, 1-февралдан кийинки 60 тыйындык кошумчаны абоненттерге кайтарууну сунуштады. Ошол эле жыйында депутаттарга маалымат берген Монополияга каршы саясат агенттигинин башчысы Н.Турганбаев буларды айтты:
– Биз бардык уюлдук байланыш компаниялардын жетекчилерине кат жөнөттүк. Алар жеке ишкана катары бул кадамга барышты. Учурда бул кымбаттоо боюнча анализ жүргүзүп жатабыз. Анын натыйжасын ЖКга да, өкмөткө да билдиребиз. Эгер уюлдук компаниялардын мыйзам бузгандыгы аныкталса, аларга карата тиешелүү чаралар колдонулат. Бизге бир аз убакыт бериңиздер, бул окуяны эң кыска убакыт ичинде тактайбыз.
УЮЛДУК КОМПАНИЯЛАР ЭМНЕ ДЕЙТ?
Бул кымбаттатуу боюнча “Megacom” компаниясынын башкы директору Андрей Силич төмөнкүлөрдү айтты:
– Кийинки жылдары Кыргызстандын тоолуу аймактарында уюлдук тармактарды курууга көп каражат сарптадык. Азыр жалпысынан 710 базалык станцияларыбыз бар. Аларды ремонттон өткөрүп кармап туруу да чоң каражатты талап кылат. Буга чейин тарифтерибиз арзан болгондуктан, пайдабыз да азайып кетти. Ошондуктан бизнести өнүктүрүү үчүн ушундай кадамга бардык.
АКЧА ТАБУУНУН ЭҢ ИШЕНИМДҮҮ ЖОЛУ
Уюлдук байланыш – эң көп киреше алып келген тармактардын бири.
2009-жылдын жыйынтыгына караганда, өлкөдөгү акча айлануусу боюнча эң алдыңкы 10 компаниянын арасына “Sky Mobile” (“Beeline”) “Megacom” кирген. Ал эми мамлекетке төккөн салыктардын көлөмү боюнча “Beeline” компаниясы “Кум-Төрдөн” кийинки экинчи орунга чыгып, казынага 942 миллион 200 миң сом төккөн.
Мына ошондой замандаш, уюлдук компаниялар өткөн жылы эң көп киреше тапкан ишканалардын катарында. Бирок кымбаттатуунун себебин кирешебиз азайды деп түшүндүрүшүүдө. Буларга карата өкмөттүн кадамы кандай болот, күтө туралы.
КЫЗЫКТУУ ФАКТ
Айбек Кочкоров
koom@super.kg
«Супердин» сурак бурчу
УЮЛДУК БАЙЛАНЫШТЫН КЫМБАТТАШЫНА КАНТИП
НААРАЗЫЧЫЛЫК ЖЕ КАРШЫЛЫК КӨРСӨТӨ АЛАСЫЗ?
Алибек,
57 жашта, мугалим:
– 21-кылымда ар бир экинчи адам чөнтөк телефон көтөрүп, цивилизацияга умтулуп жатканыбыз жакшы. Бирок ортодо кызыл кулактар чыгып, уюлдук байланышты кымбаттатып жибериши туура эмес. Ансыз да жакырчылыкка батып жаткан элде нааразычылык акцияга чыгуудан башка арга жок.
Венера,
43 жашта, сатуучу:
– Башкасы кымбаттап бүтүп, эми уюлдук байланыш кызматтары калды эле. Менимче, баарыбыз убактылуу бирдик салбай, бири-бирибизге байланышка чыкпай койсок эле алардын кирешеси азая түшмөк. Кардарларын жоготуу коркунучуна кабылышса, уюлдук операторлор да ойлонуп көрүшөр беле?
Мелис,
24 жашта, студент:
– Капчыгы калыңдарга го өтө деле билинбейт. Ал эми бизге окшогон студенттерге бир топ эле кыйын болуп калды. Эми маяк менен эле жашап калат окшойбуз. Активист студенттер “нааразычылык акциясына чыгабыз!” деп чуулдап да жатышат. Менимче, телефон чалууга 60 тыйын кошкуча ар бир тарифти 5-10 тыйынга кымбаттатып койсо болмок.
Бермет,
48 жашта, ашпозчу:
– Алгач билинген эмес, эми кадимкидей оор болуп бара жатат. Анткени бир үйдө эле алты киши уюлдук байланыштын кызматын колдонобуз. Ар бирибиз кеминде бир күндө 10 жолу байланышка чыкканда эле канча акча короп жатпайбы. Муну мен элди көз боёмочулук менен алдап, кошумча киреше табуунун айласы дээр элем.
Түгөлбай,
54 жашта, мугалим:
– Албетте, карапайым элге зыяндан башка пайдасы жок. Биздин бийликтегилер чет өлкөлөрдөн башка уюлдук байланыш компаниялары менен келишим түзүп, бизге алып келишсе сонун болмок. Байланыш кызматын колдонгон 4 миллионго жакын кардар жаңы уюлдук байланышка дароо эле өтмөк.
Айнаш,
67 жашта, пенсионер:
– Кантип нааразычылык көрсөтмөк элек? Тартышканга жараша бир жыйынтык чыкса да бир жөн. Электр энергиясынан тарта баары кымбаттап жатса, алар “биз эмне, карап тура беребизби?” дешти да. Көнүп калган адатыбызча сүйлөшө беребиз го...
Мирлан,
30 жашта, айдоочу:
– Кечээ эле телевидениеден “5-февраль күнү нааразычылык акциясын уюштурабыз” деген кабарды уктум. Кыскасы, мен дагы чөнтөк телефонумду өчүрөм. Менимче, баары ушундай кадамга барып бойкот жарыяласа, 60 тыйын кошумчаны алып салышар беле деп ойлойм.
Шарипа Бекташова