35-40 жашка чыкса деле үй-бүлөсүн бага албай, ата-энесинин колун карагандар бар. Алар керектүүсүн сурап келгенде ата-эне «тигинин баласы (кызы) дүкөн ачыптыр, а сага биз үй салып бердик, ага карабай бизден сураганыӊ сураган, келесоо, акмак...» дегендей сөздөрдү айтып, жекирип кирет. Ошентип уруш чыгат, ал тургай бири экинчисин өлтүрүп койгондор кездешет. Андыктан андай окуялар болбошу, дегеле бала эмгекчил, тыӊ болуп өсүп, кийин үй-бүлөсүн бага алгыдай кылып кантип тарбиялоо керек? Кеӊешти психолог Айтурган Ачилова бермекчи.
БАШКЫ БАШАТЫ – БАЛАНЫ ӨЗҮН-ӨЗҮ ТЕЙЛӨӨГӨ ҮЙРӨТҮҮТамакты өзү ичип, өзү кийингенге үйрөтүӊүз
Бала тамак-ашка аралашып калгандан тартып «тамакты өзүм ичем» деп баштайт. 2-3 жашында болсо өзү кийинүүгө аракет кылып калат. «Бул чачып-төгүп жейт же бирин оӊ, бирин тетири кылып кийинет. Андан көрө өзүм кийинте, жегизе салайын» деп шашпаӊыз. Тамакты өзү жеп, кийимди өзү кийсин. А сиз кашыкты туура кармоону, туура кийинүүнү көрсөтүп, убак-убагы менен багыт берип туруӊуз. Бала катасын улам оӊдоп жатып бир нерсени үйрөнөрүн эске алып, чыдамдуу болуӊуз. Бала максатына жеткичекти аракет кылууга көнсүн. Оюнчуктарын жыйнаганга да 2-3 жашында киришсин. Төшөгүн өзү жыйнап-иреттесин
3-5 жашында төшөгүн өзү жыйнап-иреттөөгө, кийимдерин, идишин ордуна коюуга үйрөтүӊүз, талап кылыӊыз. Өз оюн тартынбай айта алуусуна көндүрүп жүрүп отуруӊуз. Эч качан аны тыйбаӊыз. Болбосо тартынчаак болуп өсө баштайт. Бир нерсе сураса тажабай жооп берип, анын акыл-эс кампасы менен чөйрө таануусун кеӊейтип туруӊуз. Жардамчыӊызга айлантыӊыз
6 жашында мектепке рюкзагын өзү көтөрүп барып, келсин. Алы жете турган үй-чарба иштерине жардамчы болсун. Мисалы, жашылчалардын сыртын тазалап, сырттагы гүлдөрдү сугарып. Ал иши үчүн «менин мыкты жардамчымсыӊ. Сен болбосоӊ өзүм качан бүтүрөт элем?» деп кубаттап коюӊуз. Мындай сөздөн бала дагы бир нерселерди үйрөнүүгө шыктанат. Бөлмөсүн өзү тазалап, тамак жеген идишин өзү жууп коюшун эскертиӊиз. Балаӊыз буларды үйрөнсө, убактыӊыз үнөмдөлөт, нервиӊиз да коробойт. Бала да өзүнө тыӊ жана ишенимдүү, жоопкерчиликтүү болуп чоӊоёт. Кыскасы, баланын колунан келе турган ишти сиз жасабай, өзүнө тапшырыӊыз. «Балам уктап же ойноп алсын» деп баарын өзү кылып жүргөн ата-эненин баласы кийин 20-40ка чыкканда деле «мен үчүн бирөө жасап же акча берсе» деп турарын бөркүӊүздөй көрүӊүз.Катасын кайра кайталабашын көзөмөлдөӊүз
Балаӊыздын дайыма достору болсун жана алар менен чогуу ойногонго, чогуу сабак даярдаганга шарт түзүӊүз. Бала коллектив, чөйрө деген эмне экендигин билип, андан өз ордун таба билүүгө, адамдар менен мамиле түзгөнгө жетише баштасын. Кетирген катасы үчүн урушпаӊыз, андан көрө канткенде туура болорун айтып, кийин ал катасын кайталабашын көзөмөлдөӊүз.МЕКТЕПТИ БҮТКӨНГӨ ЧЕЙИН...
Бир нерсе жасап үйрөнүүсүнө каршы чыкпаӊыз
Бала кийин жашоодон өз ордун таап, бир кесиптин ээси болуп чыгуусу үчүн анын жөндөмдүүлүгү эмнеде экендигин байкап, аны өстүрүп жүрүп отуруӊуз. Керектүү ийримдерге бериӊиз. Эч качан аны башка балдарга салыштырып, «тигиге караганда сен жамансыӊ» деп басмырлап, мокотпоӊуз. Бир нерсе жасап үйрөнөйүн десе, каршы чыкпаӊыз. Бала улам жаӊы нерседен өзүн сынап көрүп, бышып, алдыга жыларын эске тутуӊуз. «Мен сага ишенем, сенин колуӊдан келет» деген сөз менен анын өзүнө болгон ишеничин бекемдеӊиз.Кылган ишине жооп бергидей болсун
Балаӊыз кандайдыр бир маселеге кабылса, анын ордуна сиз чечип бере салбаӊыз. Маселени чечүү жолун өзү ойлоп таап, кылган иши үчүн өзү жооп берүүсүн айтыӊыз. А сиз ал маселенин келип чыгуу себеби эмнеде жаткандыгын, кайсы жерден ката кетиргендигин түшүндүрүӊүз. Оор жагдайда гана чечишүүгө жардам бериӊиз.Акча таап жетише баштаса эӊ жакшы
5-6-класста экенинде ата-эне үй-бүлө бюджетин бөлүштүрүүгө катыштыра баштоосу керек. Анда ата-эне 1 айда канча акча тапканын, анын канчасы азык-түлүккө, коммуналдык төлөмгө, кийим-кечеге кетерин айтат. Мүмкүн, акча баарына жетпей тартыш болуп каларын эскертет. Ушундан улам бала тамак-ашты сарамжал, окуу куралдарын абайлап колдонуу керектигин түшүнөт. Каникул учурунда бир нерселерди сатып же талаада иштей коюп акча таап жетише баштаса абдан жакшы. Бирок оор жумушта иштеп, иштен эрте көӊүл калуусуна жеткирбөө керек. Тиешелүү иштерди үйрөнүшү зарыл
Уул баланы ата, кызды эне тиешелүү иштерге үйрөтүп барышы негизги талап. Мисалы, кыз тамак бышырып, үй-жайды кармоону, конок күтүүнү үйрөнүүгө жетишсе, уул бала сарайдын ураган жерин бүтөөнү, гараждын ичин ыӊгайлуу жайгаштыруу сыяктууларды өздөштүрүүсү кажет. Бизнес сырларын өздөштүрүүсүнө салым кошуӊуз
Бирөөлөрдүн сөзүнө кирбей өзү туура деген гана кадамдарды жасоо керектигин, алдыга максат коюп, ага жетүүгө умтулуу зарылдыгын билгидей болсун.
Жогорку класска барганда бизнес сырларына кызыктырыӊыз. Ал жааттагы китептерди сатып берип, фильмдерди көргөзүп, оюн угуӊуз жана өзүӊүздүн ойлоруӊуз менен бөлүшүӊүз.
«Супердин» сурак бурчу
АТА-ЭНЕ БАЛАНЫ КАНЧА ЖАШКА ЧЕЙИН БАГУУГА МИЛДЕТТҮҮ?Айша Сатаева, 56 жашта:
– Баланы үйлүү-жайлуу болгуча багуу ата-эненин милдети. Бирок бала үйүндөгүлөрдүн моюнуна отурбай, мектепти бүткөн соӊ иштеп да, ЖОЖдо окуп да кетсе эӊ жакшы. Бала эрктүү, мээнеткеч болуп чоӊоюшу кажет. Нургазы Жанузаков, 39 жашта:
– Эгер бала майып болсо, ата-эне аны өмүр бою багат. Кокус ичкич, баӊги болсо да аны карап-көзөмөлдөп, дарылатууга муктаж. Эгер уулу же кызы тыӊ, тиричиликке бышык болсо, анда паспорт алгандан кийин «өзүӊдү бак» деш керек.Жамалкан Кенжебаева, 64 жашта:
– Бала жогорку билим алып, иштей баштагыча камкордукка алууну туура деп ойлойм. Андан ары өз жашоосун өзү алып кетүүсү зарыл. Мисалы, үйү жоктор деле үй-бүлөсү менен батирде жашап жүрүп эптеп акча чогултуп үй салып, өздөрүн багып жатышпайбы.Рысбек Турсуналиев, 43 жашта:
– Баланы бутуна туруп, жетишерлик акча тапканга чейин багуу керек. Анткени азыр жумушсуздук көп, баары кымбат. Үйлөнүп, өзүнчө жашагандары менен материалдык кыйынчылыкка кез келип, ажырашып кетип жатышат.Бактыгүл Мамытова, 50 жашта:
– Эси жок баланы ата-эне өмүр бою багат. Бала эстүү болсо балдар үйүндө тарбияланып, чоӊоюп деле кийин бир айылды бакканга жарайт. Башкысы бала жашоого умтулуп, эрктүү болушу зарыл.Кубанычбек Кожобай уулу, 20 жашта:
– Менимче, баланы мектепти бүткөнчө камсыздаган туура. Студент кезде окуу менен кошо жеӊилирээк жумуш таап өзүн бага баштаса болот. Айрыкча уул бала машина алуу, үй салуу дегенге өз алдынча аракет кылса жакшы. Гүлзат Дооронбекова, 28 жашта:
– Ата-эне баласын өмүр бою деле бага берет. Бирок бала 18 жашка чыккандан кийин өзүн бага баштоосу кажет. Бул үчүн аны ата-энеси кичинесинен эмгекчил, чыдамкай кылып тарбиялап өстүрүүсү зарыл.
Канымжан Усупбекова
Адилет Бектуров
kenesh@super.kg