ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (29-февралдан 6-мартка чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Аптанын башында кой жылдызы астында төрөлгөндөрдү жаӊы таанышуулар күтүп турат. Бул таанышуулардын жыйынтыгында сизге бекем достук буюрат. Жума күнү жаӊы долбоордун үстүндө иштей баштайсыз же жаӊы жумуш ордуна отуруу боюнча сунуш түшөт. Ишемби, жекшемби күндөрүн досторуӊуздун курчоосунда өткөрөсүз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Дүйшөмбү күнү көптөн бери ойлоп жүргөн пландарыӊызды өзгөртүүгө туура келет. Максатыӊызга жетүүнүн башка жолдорун табууга умтуласыз. Сиздин көз карашыӊызды колдогон адамдар пайда болот. Ойлоруӊузду, сезимдериӊизди айланаӊыздагыларга айта бергенди токтотпосоӊуз, жыйынтыгы жаман аяктайт.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Эгиздер дүйшөмбүнү жаӊы нерселерди үйрөнүүдөн башташат. Ушул убакыт аралыгында алган билимиӊиз жашоодо аябай керектүү болуп чыга келерин унутпаӊыз. Бул аптада окууга умтулсаӊыз жыйынтыгы жакшы чыгат. Эс алуу күндөрү кесиптештериӊиз же досторуӊуз менен алыскы жолго чыгасыз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Бул апта сыноолорго бай болот. Дос-курдаштарыӊыздын арасынан сиздин пикириӊизди колдобой, таарынгандары учурайт. Жан дүйнөӊүз апта бою жамандыкты күткөндөй абалда болуп, жыйынтыгында депрессияга кабылышыӊыз мүмкүн. Ошондуктан көп нерсени жүрөгүӊүзгө жакын кабыл албоого аракет кылыӊыз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Бул жылдыз белгисинин астында төрөлгөндөр дүйшөмбүдөн тарта жумушта да, жеке жашоодо да активдүүлүгүн көрсөтүшөт. Сүйүктүүӊүз менен мамилеӊизди түздөп, жумушуӊуздагы көйгөйлөрдүн баарын иреттеп алуу үчүн эӊ ылайыктуу апта. Жалгыз бой арстан айымдарга турмушка чыгуу сунушу түшүшү күтүлөт.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Ашыкча салмактын айынан көйгөйлөргө кабылып жүргөндөр бул апта андан арылууга умтулуулары керек. Себеби ден соолугуӊуздун начарлашы күтүлүүдө. Жумуш жаатында кыйынчылыктарга учурайсыз. Бирок көнүп калгандай эле чыдамкайлыгыӊыздын жардамы менен баарын жеӊип чыгасыз. Аптанын аягын сөзсүз эс алууга арнашыӊыз керек.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Жалгыз бой таразалардын үй-бүлө куруусуна түрткү болгон апта. Себеби бул аптада сүйүктүүӊүз менен өмүр сүрүүгө даяр экениӊизди түшүнөсүз. Турмуш куруу жөнүндө сунуш киргизүүнү пландап жүрсөӊүз, анда ал оюӊузду ушул аптада ишке ашырыӊыз. Аптанын аягында алыстан жагымдуу кабар угасыз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Үй-бүлөӊүзгө байланыштуу болгон жагымдуу кабар менен башталган апта акырына чейин позитивдүү маанайда өтөт. Ойдо жок жерден тиричилик техникасын же эмерек алышыӊыз мүмкүн. Эс алуу күндөрү үйүӊүздөгү шарттарды жакшыртуу менен убара болосуз. Кээ бирөөлөр оӊдоп-түзөө иштерин башташат.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Тилиӊизди тыйбасаӊыз, апта ичинде айланаӊыздагылардан кагуу жеп каласыз. Энергияӊызды жумушка сарптоого даяр болуӊуз. Аптада бардык жагдай сиздин кылык-жоругуӊуздан көз каранды. Ийгилик кушун кармап же тескерисинче көп нерседен куру калууӊуз да өз колуӊузда.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Материалдык абалыӊызга карап иш кылбасаӊыз ачка каласыз. Аптада капчыгыӊызды бекем кармап, сарамжалдуу болгонуӊуз ашыкча болбойт. Достордун шаан-шөкөттөргө чакыруусунан баш тартууга туура келет. Эс алуу күндөрү туугандарыӊыз жардам сурап кайрылышат.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Башкалардын жашоосуна кызыгып, алардын ишине аралашканыӊыздын запкысын тартасыз. Андан көрө тааныштарыӊыздан бир нерсе сураарда чын эле сизге керек маалыматты сурап жатасызбы жакшылап ойлонуӊуз. Шаршемби, бейшемби күндөрү жеке жашооӊузга тиешелүү маанилүү жаӊылыктарды угасыз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Эски тааныштарыӊызга жолугасыз. Жашооӊузда мурун болуп өткөн айрым окуяларды эстетип, ошол күндөргө дагы бир жолу баруу каалоосун ойготот. Азыркы турмушуӊузду мурункуга салыштырып, оӊдоонун аракетин көрөсүз. Бул сиздин күнүмдүк турмушта ката кетирбөөӊүзгө түрткү болот. Кошумча киреше табуу үчүн булактар чыгат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 695, 26-февраль-3-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан