28-февраль. Лос-Анжелес. «Долби» кинотеатрына агылган жылдыздар фотографтарга сүрөткө түшүп берип, кийип келген көйнөгү менен кийимге табити мыкты экенин стилисттерге далилдөөгө аракет кылып жатышты. Бирок бул жолку «Оскар» демейдегиден өзгөчө болду десек жарашат. Анткени жыл бою Леонардо Ди Каприонун тегерегиндеги жылуу да, ачуу да кептер интернетте, басылмаларда кызуу талкууланып, баары быйылкы «Оскарды» күтүп жатышкан. Буга кошумча кара терилүү актёрлордун «Оскарга» бойкот жарыялаганы да аталган аземге кызыгууну арттырды.
ЧЫҢАЛУУ МЕНЕН БАШТАЛГАН АЗЕМ
Жылдын эң маанилүү окуясы «Оскар» сыйлыгына талапкерлер ачыкталгандан тарта чыңалуу менен башталган. 14-январда киносыйлыкка талапкерлердин тизмеси жарыяланары менен кара терилүү актёрлор нааразы болгонун жазганбыз. Бойкот жарыялаган режиссёр Спайк Ли менен актёр Уилл Смиттин жубайы Жада Пинкетт-Смит айткандай эле сыйлыкты тапшыруу кечесине келишкен жок. Бирок кара терилүү өнөрпоздор канча ызы-чуу салып, аземди үзгүлтүккө учуратууну каалабасын теги африкалык Крис Рок алпаруучу болду.
«ОСКАРДЫ» КУЧАКТАП ЖЫГЫЛГАНДАР
Леонардо Ди Каприо «Оскар» алабы, албайбы деген жоромолдор жылдын башкы интригасына айланган эле. Акыры 18 жашынан бери «Оскар» сыйлыгына көрсөтүлүп, бирок багы ачылбай жүргөн Леонардону киноакадемиктер талашсыз «Мыкты актёр» деп табышты. Сыйлыкты алып жатканда Леонун кубанычы үчүн залда отургандар туруп кол чаап, «Титаниктеги» өнөктөшү Кейт Уинслет көзүнө жаш алса, актёр өзүн бир калыпта олуттуу, салмактуу кармап, «Аман калган» («Выживший») тасмасы тууралуу кеп салды. Режиссёр Алехандро Гонсалес Иньярриту Леонун далысынан таптап, «сен аман калдың» деп тамашалаганы учурда кызуу талкууда.
Муну менен катар Иньярриту «Мыкты режиссёр» деп табылып, эки жолу катары менен «Оскар» алып жатат. Ушул эле тасманын оператору Эммануэль Любецки «Мыкты оператор» наамын алып, катары менен үчүнчү «Оскарды» илип кеткени баарын таң калтырды. Ал эми «Мыкты тасма» наамын «Көңүл чордонунда» («В центре внимания») фильми, «Мыкты актриса» наамын «Бөлмө» («Комната») фильминде жараткан ролу үчүн Бри Ларсон, «Экинчи пландагы мыкты актёр» наамын «Тыңчылар көпүрөсү» («Шпионский мост») тасмасындагы ролу үчүн Марк Райлэнс, «Экинчи пландагы мыкты актриса» наамын «Даниялык кыз» («Девушка из Дании») тасмасындагы ролу үчүн Алисия Викандер алышты.
КЫЗЫКТУУ
АЙТТЫ ДА КОЙДУ
Дэвид Бекхэм: КЭЭДЕ УЛУУ АДАМ БОЛУШ ҮЧҮН КҮТКӨНГӨ ТУУРА КЕЛЕТ. КУТТУКТАЙМ, ЛЕО!
ЖЫЛМАЙЫП КОЮҢУЗ!
«Лео күттү, сен да күтөсүң!» Интернет айдыңында жогорудагыдай тамаша пайда болду.
Кийинки «Оскарды» күтүү кезеги Жонни Депптеби?
Лунара Бекиева
star@super.kg