Эсиңизде болсо керек, мындан 4 жыл мурун ырчы Темир Назаров менен продюсери Канат Култаев чырдашып иштешпей калган болчу. Ачууга алдырган Темир массалык маалымат каражаттары аркылуу продюсерине карата ар кандай сөздөрдү айткан. Убакыт өтүп ага-инилер жарашып, бирге иштешүүнү чечишти.
– Темир, 4 жылдан соң продюсериңе кайрылып келүүңө эмне себеп болду?
– 4 жыл ичинде көп өзгөрүүлөр болду. 4 жашка болсо да чоңойдум. Баары билгендей үйлөндүм, ата болдум дегендей. Анан, албетте, токтолуп, акыл калчап иш кылып калат экенбиз да. Мен Канат байке менен урушуп кеткенден кийин көптөгөн продюсерлер чогуу иштешүүнү сунушташты. Бирок алар менен иштешким келген жок. Карап көрсөм, Кыргызстанда Канат байкеден өткөн продюсер жок экен. Ошол үчүн кайра кайрылып келип, 2 жылга келишим түзүп, 1-февралдан баштап иштеше баштадык.
– Демек, продюсериңдин баркын билүүгө 4 жыл кетиптир да?
– Ошентти десем болот. Өз алдымча ыр жаздырып, клип тарттырып иштеп деле көрдүм. Көп кыйынчылыктар жаралды. Анын үстүнө үй-бүлөлүү болгондон кийин чыгармачылык менен иштөө аябай эле кыйын экен. Бир үйдүн кожоюну болгон соң алардын кийиминен баштап ден соолугуна чейин кам көрүшүң керек. Антип отурсаң чыгармачылык токтоп калчудай. Андыктан эски дос эстен кетпейт, жаңы дос баркка жетпейт деп Канат байкеге бардым, ойлонуп көрүп "макул, жардамымды берем" деп кабыл алганына ыраазымын.
– Продюсер экөөңдүн чырың эмнеден улам чыкты эле?
– Эми анын баарын майдалап айтып отуруунун кажети жок. Анткени бул жөнүндө гезит бетине жазыла берип элди да тажатты болуш керек. Мен көрө албастардын сөзүнө алдандым. Билбейм, такыр артка кылчайып, ошол кезди эстегим келбейт. Андан көрө алдыдагы жакшы пландар жөнүндө сүйлөшөлүк.
– Ошентсе да көйнөктүн кири кетет, көңүлдүн кири кетпейт деп коёт го. Продюсериңдин дарегине айткан ар кандай жаман сөздөрдү сен да, Канат да унута албаса керек...
– Көйнөктүн кири жуусаң эле кетет. Ал эми көңүлдүн кирин деле убакыттын өтүшү менен кетирсе болот экен. Үйдө ата-бала деле урушуп табышат эмеспи. Анын сыңарындай түшүнбөстүктөн улам ар кандай сөздөрдү айтканымды моюнума алам. Жаштыкка, ачууга алдырып катуу сүйлөп алгандырмын. Балким, бул менин ошол кезде кетирген кемчилигимдир. Жаңылбас жаак болбойт же ат баспаймын деген жерин миң басат дешет го. Кудайдын буйругу экен, продюсерим менен тил табышып калдым. Эми өткөнгө өкүнүп, өтүп кеткен күндөрдү барактагандан пайда жок. Антип артка кылчая берсек, жашагың деле келбей калат. Андан көрө алдыда кыргыз элине жакшы чыгармаларды арнасам деп турам.
– Продюсериң менен мамилең дагы келишпей калат деп чочулаган жоксуңбу?– Жок, анткени Канат байке экөөбүз бири-бирибиздин мүнөзүбүздү толук билип калдык. Экөөбүз отуруп айта албай жүргөн сөздөрүбүздү айтыштык, акылдаштык. Ишибизди ийне-жибине чейин изилдеп чыктык. Эми жалаң гана эмгектенүү калды.
– Сен Ошто, продюсериң Бишкекте, анын үстүнө үй-бүлөлүүсүң. Бойдок кездегидей популярдуулукка жетише алам деп ойлойсуңбу?
– Мурда деле мен Ошто, продюсерим Бишкекте болуп көптөгөн ийгиликтерге жетишкенбиз. Бул көп деле тоскоол болбойт деп ойлойм. Албетте, кыйынчылыксыз ийгилик жаралбайт. Мындай кыйынчылыктарды аракет күчтүү болсо, жеңип кетүүгө болот. Өзүмдүн берекелүү Ош шаарымды таштап, биротоло борборго кетип калууга жүрөгүм чыдабайт. Мен кыйратам же мурдагы Темирден да өтүп кетем деп айтуудан алысмын. Анткени баары Кудайдын буюрганындай болот. Азырынча бир бутум Ошто, бир бутум борбордо болуп иштей берем. Балким, бир кезде Бишкекке көчүп келип калармын. Аны азыр айта албаймын.
– Рахмат маегиңе!
– Канат байке, Темир менен кайрадан иштеше баштаган турбайсызбы?
– Ооба, бул маселе боюнча жарым жыл ойлондум. Эң биринчи эле өзүмдүн командам менен кеңештим. Балдар Мирбек, Алихан, Даниелдер “жакшы болот, кантсе да өзүңүздүн балаңыз эмеспи” деп колдоп беришти. Ага чейин эле көп адамдар бизди жараштырганга аракет кылышкан. Алардын иш-аракеттери жүзөгө ашып, Темир экөөбүз жарашып калдык. Чындыгында, Темир деген ысымдын таанылышы өзүмдүн эмгегим болчу да. Анын үстүнө Мирбек менен келишимим 1-апрелде бүтөт. Ал Америкага кетерине байланыштуу келишимибиз 1-2 жума эртерээк аяктайт окшойт. Андан кийин Мирбек келишимди улантабы же улантпайбы аны убакыт көрсөтөт. Бирок иштешем десе мен иштешүүгө дайым даярмын. Негизи, Мирбек өзүнчө иштеп кеткенге даяр болуп калды.
– "Өзүм тарбиялаган бала жаманатты кылып кетип, кайра келет" деп күттүңүз беле?
– Жашоодо баары болот турбайбы. Темир деле анча-мынча көрө албастардын сөзүнө кирип кетти окшойт. Анын үстүнө өзүнүн да бир башкача мүнөзү бар. Ачууга алдырып көп нерсе кылып койду. Оозуна келгенди айтып, мени болушунча каралады го. Мен анын деңгээлине түшкүм келген жок. Унчукпай сабырдуулук менен жеңдим. Бирок Темирди чыгарганда көптөгөн жакшы пландарыбыз бар болчу. Анан баштаган ишибиз орто жолдо үзүлүп калбадыбы, эми ошону улантабыз. Темирдин имиджин, ырларынын стилин өзгөртөбүз. Кантсе да эл арасында Темир деген аты бар, ошол атты жандандыруу керек. Ар бир адам өзүнүн кылган ишине жооп бериши зарыл. Негизи, мен жардамга муктаж адамга жардам берүүдөн рахат алам. Ал эми Темирди кайрылып келет деп күткөн эмесмин.
– Темир менен иштешпей калганда "шоу-бизнес ыплас, продюсерликти таштайм" деген элеңиз?
– Шоу-бизнестеги ар кандай ушактар, көрө албастар, интригалар адамды чарчатып жиберет. Ошол маалда продюсерликти бир ай гана таштагам. Чыгармачыл адамдар “не нормальный” болушат эмеспи. Кайра эле продюсерлик деген кайрымсыз жумушумду улантып алгам. Мен шоу-бизнес тууралуу бирөө менен көпкө сүйлөшкөндөн корком. Баары менен сый болуп эле өз ишиңди так аткара билишиң керек.
– “Стар Дэнсти” кошкондо беш чыгармачыл долбоор болот. Алардын баарын тарбиялоого кантип жетишесиз? Жеке жашооңузду таптакыр эле унутуп калгандайсыз?
– Мен 5 жылдан бери продюсерлик менен алектенип келе жатып бир топ эле тажрыйба топтодум. Баарына эле жетишем. Ырчылардын ырыскысы өз деңгээлине, жасап жаткан аракетине жараша болот. Мен балдарыма атадай эле болуп калдым. Ал эми жеке жашоом артта калып жатканы чындык. Балким, кудай буюрса, күзүндө үйлөнөм.
– Жигиттерди гана эмес, ырчы кыздарды да тарбиялайын деген оюңуз жокпу?
– Андай оюм бар болчу. Бирок Бегимай Карабаеваны ала качып кеткендерин уккандан кийин ал оюмдан кайтып калдым.
– “Продюсерлер ырчылардын көп акчасын жешет” дешет го...
– Максатым акча табуу эмес, чыга албай жаткан таланттарга жардам берүү. Эки жылдын ичинде бир ырчыны элге таанытып, бирок акчаңды актабаса да бул жетишкендик. Анткени ал шоу-бизнесте аз да болсо өз атын жасады. Продюсердин иши акча коротуп ырчыны чыгаруу. Ал эми кээ бир “баланча акча алып келсең, мен сени жылдыз кылам” дегендерди продюсер эмес, администратор деп эсептейм.
– Ишиңизге ийгилик!
Темир кыжынып, кесиптешине арызданып жатат.
– Канат 4 жылдан бери менин жиниме тийип жүрөт...
– Эмне кылып жиниңе тийип жатат? Байкашымча, ал сага сүйлөмөк тургай, назар да салган жок го?
– Дал ошол мени этибарга албай жүргөнүнө жиним келип жатпайбы...
Жаштыкка, ачууга алдырып катуу сүйлөп алгандырмын.
Чыгармачыл адамдар “не нормальный” болушат эмеспи...
Замира Рахманбердиева
star@super.kg