Балдар менен чоңдордо көп кездешкен оорулардын бири гепатит. Анын жугуу жана дарылоо жолдору тууралуу врач-инфекционист Бурул Жаркынбаева айтып берет.
ГЕПАТИТ ДЕГЕН КАНДАЙ ООРУ?
Гепатит – бул боорду сезгендирүү менен анын клеткаларын талкалап, боордун иштөө жөндөмдүүлүгүн бузуучу жугуштуу оору. Дартты вирус козгойт. Гепатиттин A, E, B, C, D, G деген түрлөрү бар. Ооруну жугузуучу башкы булак болуп гепатит менен ооруган адам эсептелет. B, D, C, G түрлөрү жыныстык катнаш, энеден түйүлдүккө өтүү жана кан аркылуу (шприцтен, гепатит менен ооруган адамдын жакшы жуулбай кан калып калган сакал алгычы менен тиш щёткасынан, стоматологияда, тату салонунда кан менен булганган аспаптан) жугат. A, E түрлөрүнүн жугуу жолдору окшошуп кетет. Кыргызстанда A түрүнөн жабыркагандар көп.
СТАТИСТИКА
Бишкектеги Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында 2015-жылы 1435 адам, 2016-жылдын январь айы ичинде 107 адам гепатиттин түрлөрү менен жатып дарыланган.
A ТҮРҮ САСЫК ТУМООДОЙ БАШТАЛАТ
Аталган дарт мурун Боткин оорусу, сарык деп аталчу. Гепатиттин калган түрлөрүнүн ичинен эң жеңил түрү болуп саналат.
БЕЛГИЛЕРИ
ЖУГУУ ЖОЛДОРУ
ЭМДӨӨ
Гепатиттин бул түрүнө каршы массалык түрдө эмдөө жүргүзүлбөйт. Себеби каражат жетишпейт. Гепатиттин B түрүнө каршы гана эмдөө жүргүзүлөт.
3 ТҮРДҮҮ ӨТҮШҮ МҮМКҮН:
АЛДЫН АЛУУ
Сууну, тамакты кайнатып ичүү.
Көчөдөн келгенде жана тамак ичер алдында колду жуу.
Жашылча-жемиштерди жууп колдонуу.
Көчөдөн (колдон) тамак-аш сатып албоо.
Бирөөлөрдүн кусундусуна жолобоо.
Жеке гигиенаны сактап, буюмдарыңызды башкаларга бербей өзүңүз гана колдонуп, таза кармаңыз.
БИТ ООРУДАН АЙЫКТЫРБАЙТ!
Дененин саргайышы эмнеден болот? Боор кандагы ууларды тазалап чыгарып турат. Боор вирустун айынан жакшы иштей албай калганда кандагы билирубиндин (өт пигменти) канча бир бөлүгү денеде топтолот. Мунун айынан дене саргаят.
Кээ бирөөлөр элдик медицинаны колдонуп бит жеп, балыктын майын ичип жүрө беришет. Бул туура эмес. Бит ашказанга барганда эле андагы туз кычкылы жана башка ферменттердин айынан өлөт. Башкача айтканда, эл ойлогондой анын түз боорго өтчү жолу да, оору козгогучтарды жеп жок кылуучу мүмкүнчүлүгү да жок. Демек, элдик медицинаны колдонгон адам убакыттан уттуруп, оорусун тереңдетүү менен чөйрөсүндөгүлөргө дартын жуктура берет.
ДАРЫГЕРДИН КӨРСӨТМӨЛӨРҮН ТОЛУК АТКАРСА АЙЫГЫП КЕТЕТ
Дарыгерлер жеңил түрүндө керектүү дары-дармектерди жазып берип, үй шартында дарыланууну, 6 айга чейин мүнөздөп тамак ичүүнү сунушташат. Дарттын орто жана оор түрүндө бейтаптар ооруканага жатып дарыланышат. Диета сунушталып, витаминдер берилип, боордогу вирустун уусун чыгаруу үчүн тамчылатма дары куюлат.
Оорунун курч мезгилинде адам баспай, чуркабай, тынч абалда жатышы зарыл. Ууларды боордон чыгаруу максатында компот, жашылчалардын жаңы сыгылган ширесин, минералдык сууну көп ичүү керек. Оорулууга өзүнчө идиш-аяк, сүлгү, төшөнчү бөлүп берип, бөлмөнү ным чүпүрөк менен сүртүп туруу сунушталат. Бейтап айыккыча дарыгердин көзөмөлүндө болот. Көрсөтмөлөрдү толук аткаргандар таза айыгып кетишет. Убагында дарыланбаса оору өнөкөткө айланып, кийин циррозго, ракка өсүп кетиши мүмкүн.
Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg