ЭМНЕНИ ЭКСЕҢИЗ САТА АЛАСЫЗ?

Төө буурчактын килограммын 100 сомдун айланасында сатып жүргөн таластыктар өткөн жылы 30-35 сомдон, картошкасын 10-15 сомдон өткөрүп жүргөн көлдүктөр 5 сомдон сатып, көпчүлүгү чыгымын да актай албай калышты. Евразиялык экономикалык союзга кирдик, эми бул биримдикке мүчө болгон өлкөлөргө өндүргөн азык-түлүгүбүздү кантип экспорттой алабыз? Жазында эмне сепсек күздө өтүмдүү болот деген суроолорго жооп издедик.

«БУУДАЙДЫ АЗАЙТЫП, КАНТ КЫЗЫЛЧАСЫН КӨБӨЙТҮҮ ЗАРЫЛ»
Айыл жеринде дыйканчылык, мал чарбачылыгынан башка жумуш жок. Быйыл айдоо жерине эмне эксек күйбөйбүз деген суроого Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Азык-түлүк коопсуздугу жана агрардык маркетинг саясаты башкармалыгынын башчысы ЖУМАБЕК АСЫЛБЕКОВ төмөнкүчө жооп берди:
– Былтыр буудай 300 миң гектар жерге айдалса, быйыл аны 9 миң гектарга азайтуу пландалды. Кыргызстан ЕАЭС курамында болгондуктан, ага кирген өлкөлөр Казакстан менен Орусиянын дан азыктары биздикине салыштырмалуу сапаттуу. Аларга сата албайбыз, тескерисинче, бизге келет. Анын ордуна кайсы аймак болбосун малга тоют болуучу беде, эспарцетти өстүрүү туура. Анткени жылдан жылга малдын саны көбөйүүдө.
Таласта өзүңөр билгендей төө буурчак көп өстүрүлөт. Былтыр 56 миң гектарга төө буурчак эгилген. Элдин көбү жыл сайын үрөн алмаштырбай бир сортун себе бергендиктен сапаты да начарлап, чет элдик алармандар да жок, баасы төмөн болду. Ошондон улам быйыл төө буурчак айдоочу жерди дагы 10 миң гектарга кыскартып, анын ордуна кант кызылчасын айдоо зарылдыгы бар. Себеби дүйнөлүк божомол боюнча быйыл кант кызылчасынын аянты азайып, баасы жогорулайт. Айрым өлкөлөрдө климаттык өзгөрүүлөрдөн улам кант кызылчасы айдалбайт. Былтыр 5 миң гектарга өстүрүлүп, 24 миң тонна кумшекер алынган, быйыл аны 2 эсе көбөйтсөк, күзүндө баасы дагы көтөрүлөт деп жатабыз.
Ош, Жалал-Абад облустарында дан өсүмдүгүнүн ордуна пахта өстүрүүгө болот. Былтыр пахта 14 миң гектардан өндүрүлсө, быйыл аны 17-18 миң гектар кылып көбөйтөлү деп жатабыз. Анткени 34 сомдон
42 сомго көтөрүлдү.
Баткендиктердин өрүгү жакшы сатылат, андан сырткары буудай, арпа, картошка, жүгөрү менен өздөрүн өздөрү камсыз кылып келишет.
Ысык-Көл облусунун тургундары негизинен картошка айдашат. Андан сырткары өрүк менен алма бул аймактын бренди. Картошка быйыл айыл жеринде 5 сомдон сатылды, сыртка экспорттолгон жок. Казакстан, Орусияда 7-8 сомдон экен, андыктан бул жактан 5 сомдон алып ал жакка жибериштин кажети жок болду. Быйыл деле баа көтөрүлүшү күмөн. Картошканы азайтып, ордуна беде айдашса жакшы болмок. Ошондой эле алма, өрүк жакшы экспорттолот.
Чүй аймагынын дыйкандары жыл сайын эле помидор, бадыраң, калемпир сыяктуу жашылчаларды жакшы экспорттошот.
Нарын баарыбыз билгендей тоолуу аймак, ал жерде көбүнчө малга тоют болуучу беде, эспарцет, арпа өстүрүлөт.

"Биздин сунуш ушундай, эми муну эл угабы, укпайбы, билбейбиз",- дейт Жумабек мырза.

«ӨКМӨТ ДЫЙКАН ӨНДҮРГӨН ТОВАРДЫ САТУУГА ЖАРДАМ БЕРЕ АЛБАЙ ЖАТАТ»
Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин божомолуна карама-каршы пикирин Кыргыз дыйканчылык илим изилдөө институтунун башкы директору ЖАМИН АКИМАЛИЕВ төмөндөгүчө билдирет:
– Кыргызстандын кайсы аймагына кайсы өсүмдүктү өстүрүү керектиги Союз маалында эле изилденип чыккан. Мен илимий жагына токтолсом, республикабыздын бардык жерлерине көп жылдык тоют өсүмдүктөрүн: беде жана эспарцетти өстүрүү керек. Биринчиден, бул өсүмдүктөр малды сапаттуу тоют менен камсыз кылат, экинчиден, жерди семиртет. Көп жылдык чөптөрдү үч жыл тим койсо 1 гектар жерге 300 килограммдан азот топтойт.
Сары-Өзөн Чүй – кант кызылчасынын мекени. Кумшекер менен өзүбүздү өзүбүз 16 пайыз гана камсыз кылабыз, калганын Беларустан ташыйбыз. Менин күйгөнүм, Кайыңдыдагы кант заводу монополист болуп алды. Кызылчанын килограммын араң 3 сомдон алышат, жок дегенде 5 сом болсо, дыйкандар кызылчаны көп айдап, орчундуу киреше табышпайт беле жана биз чет мамлекеттерден кумшекерди сатып албай калат элек.
Айыл чарба жана мелиорация министрлиги буудайдын аянтын азайтабыз деп жатышат. Бул акылга сыйбаган иш. Эгер буудай сеппей койсо, айылдагылар өздөрүн нан менен кантип камсыз кылышат, бул тирүүнүн тозогу болбойбу. Быйыл кургакчылык болот деген жоромолдор бар, азыр эле талаадан келдим, топуракта ным жокко эсе. Буудайды Казакстандан алабыз деп отурсак, кокус аларда да кургакчылык болсо, биздин абийирибиз айрандай төгүлөт да. Ошондуктан буудайды бийик тоолуу жерлерден тышкары бардык аймактарда айдоо зарыл.
Нарында арпа өзгөчө жакшы өсөт. Илгери кыргыздар арпанын жармасы менен эле жан багышчу. Экинчиден жем, малга жем бермейинче ал семирбейт.
Ысык-Көлдүн картошкасындай картошка эч жерде жок. Аны азайтуу максатка ылайык келбейт.
Анан да пиязды көп айдашыбыз керек. 1980-жылдары Москва менен Ленинградды пияз менен Кыргызстан эле камсыздап турган. Ошону колго алсак, пайда табабыз.
Ош жана Жалал-Абад облустарында пахта менен тамекиге көңүл буруш керек.
Баткендин дарыга тете өрүгүн Тажикстан менен Өзбекстанга текейден арзан сатып жибербей, түздөн-түз Орусияга жөнөтүү зарыл. Мындан дыйкандар аябай чоң киреше табышы мүмкүн.

Талас облусунда төө буурчакты эле жыл сайын себе бербестен, кант кызылчасын, буудай, арпаны жана тоют өсүмдүктөрүн өстүрүү максатка ылайык.
Дыйкандар өндүргөн жер-жемиштерди сактоого, ташууга жана аны ылайыктуу баада сатууга өкмөт көмөк көрсөтө албай жатат. Дыйкан «бир аз кымбаттаса сатайын» деп отуруп, азык-түлүгүнүн 35-40 пайызын чиритип жиберүүдө. "Евразиялык экономикалык союзга кирдик, эми бардыгын экспорттой алабыз" деп эле кыйкырып жатышат. Киргенибизге жети айдай болуп калса да, жети килограмм бир нерсе саттыкпы? Айыл чарба министрлиги жалган маалымат менен эле отурат. Статистика менен алектенүүчү атайын мамлекеттик комитет бар да?..
Бизде өндүрүү эмес, сатуу чоң көйгөй. Министрликти жоюп эле, анын ордуна айыл чарба азыктарын даярдоо жана сатуу комитетин түзөлү деп какшап келе жатам. Мамлекеттин бюджетинен бул министрликке жылына 3 миллиард сом бөлүнөт, ушунча акча которулгандан кийин алар башын жерге сайып иштөөлөрү керек да. Бул акча алардын айлыгына, командировкаларына, транспортуна, премияларына жана башка чыгымдарына жумшалат, андан эл эч кандай пайда көргөн жок.

ДЫЙКАН ЖАШЫЛЧА-ЖЕМИШИН ЧЕТ ӨЛКӨЛӨРГӨ КАНТИП ЭКСПОРТТОЙ АЛАТ?
1. Дыйкан өзү жашаган аймактагы ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына кайсы жашылча-жемишин сата тургандыгын көрсөткөн билдирме жазат.
2. Ошол билдирменин негизинде инспектор Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин алдындагы өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораторияга жер-жемишти оорусу, зыянкеч курт-кумурска жокпу текшерүү үчүн жөнөтөт. Жер-жемиш 3 күндүн ичинде текшерилет, эгер таза чыкса фитосанитардык сертификат берилет. Бул кызмат бекер жүргүзүлөт.
3. Кайсы мамлекетке алып барбасын, ал жерден дагы жергиликтүү текшерүүдөн өткөрүлөт. Эгер зыяндуу организм табылса сатууга тыюу салынып, жок кылынат.
Мындай учурда жашылча-жемиш эмнеге Кыргызстандан таза чыкты деген суроого лаборатория жооп берүүгө милдеттүү. Бул суроо менен лабораториянын бөлүм башчысына кайрылганыбызда: «Биз таза деп тапкан партиядан чет жерде зыяндуу организм табылган факт боло элек. Андай учур лабораторияга жиберилбей эле, инспекторлор өздөрү текшеришкенде гана болушу мүмкүн»,- дейт.

ӨСҮМДҮКТҮ КАНТИП ҮШҮКТӨН САКТАСА БОЛОТ?
Быйыл жаз эрте келди, өлкөбүздүн айрым аймактарында бадам, өрүк гүлдөдү. Эгер кокустан аба ырайы өзгөрүп, кайрадан суук болсо, гүлдөп калган мөмө берүүчү бакты үшүктөн кантип сактап калсак болот?

Түтөтүү. Аба ырайы суук болуп келе жатканда суук бүткүчө бак-дарактардын арасын түтөтүү зарыл, бул ыкма үшүктөн жакшы сактайт. Түтөтүүгө жыгачтын таарындысы, эски жалбырактар, тезек жарайт.

Сугаруу. Жазында суунун температурасы минус болбойт, ошондуктан сугаруу керек. Сугарылган бак-дарактар сууктан сактана алышат.

Жабуу. Жабууда клеёнкалар колдонулат, бирок бул ыкманы бак-дарактарга колдонуу мүмкүн эмес.

Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Urmat-1989
2016-03-07 17:22:22
картошка 5 сом болуп алмалар отпой ит эле болдук колдо
беде деле отподу
кыскасы кри3ис
+2
akubeku
2016-03-07 21:09:20
эээ достор элди эптеп алдап салдап саан малдай саап жатат. силер капа болбогула урматуу админис
элге кризис келип турат мал базарда малдар сатылбай турат
картош пияздар арзаан
каяктагы экспортко чыгарса болот деп элди алдап жатат
+1
akubeku
2016-03-07 21:14:58
эл кантип россияга казахстанга экспорттойт госсударство жардам берип турса жакшы болот эле
+1
dubai
2016-03-08 01:12:46
akubeku,кеп экспорттогондо эмес,эгер ошончо эле спрос болуп атса контрабанда жолу менен кундоп-тундоп откозуп турушмак,азыр тишина,эчкимге эчтекенин кереги жок,оздорунукун откозуп,жеп буто албай атышат.
0
kubanychmaha
2016-03-10 07:49:55
dubai, Tuura aitasyn
0
bantik
2016-03-10 09:13:24
А дейбиз, бу дейбиз, мамлекеттен бир тыйын пайда жок. Эл оз кунун озу коруп, эмне эегм десе ошону эгип ачка калбоонун камында... А мамлекет ашыкча ондуруп сатып акча кылып балдарын окутуп алышсын сыртка чыгаралы, баланча жерден алып кетишсин, тукунчо тонна, мынча сомдон деген сыяктуу план менен иштоону, максат кылууну ойлогонго убактысы, чама-чарпы жок отурат.
0
bantik
2016-03-10 09:13:52
Аман эле болушсун. Биз го оз кара жаныбызды бага беребиз. Арпа нан жесек да...
0
future_kg
2016-03-11 19:17:43
Ушуктон сактаганы азыр антифриз чыгыптыр, чачып койсо , ушук урбайт имиш , ошону иликтеп берсенер инфо
0
daniel87
2016-03-11 19:51:27
Кудайым сактасын ушуктон жанактар болбой калганго былтыр быйыл болуп берсин
0
№ 696, 4-март-10-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан