
Орусиялык "Россия-24" жана "Россия" телеканалдары Кыргызстанды
"Ислам мамлекети" уюмунун мүчөлөрүн даярдоочу жай" деп атап, эфирден кыргыздардын террордук уюмга азгырылып жатышы тууралуу сюжет көрсөтүштү. Анда кыргыз мамлекети Орусияга аталган уюмдун өкүлдөрүнүн киришине жол ачуучу негизги каналга айланганы айтылат.
"Кыргызстандын жүздөгөн жарандары учурда Сирияда согушуп жатышат, кийин алар эмгек мигранты катары тоскоолдуксуз, визасыз Орусияга кириши мүмкүн. Жакында эле Санкт-Петербургда бир нече жардыруу уюштурууну пландап кармалгандар Кыргызстандын жарандары болуп чыкты. Бул факт жогорудагыдай коркунуч бар экенинин далили",- дейт "Россия" телеканалынын диктору. Сюжетте "Ислам мамлекети" тобуна адамдарды тартууга шектелип кармалган
Улукбек Убайдуллаев аттуу жарандын маеги, азгыруучулардын тузагына илинген жарандар тууралуу маалымат берилди. Буга катар эле 2015-жылдын июль айындагы террорчу деп аталган адамдар менен атышуу тартылган УКМКнын оперативдүү тасмасы да көрсөтүлдү. Телеканалдын баяндамачысы кыргыздар жакырчылык жана диний сабатсыздыктан улам Сирияга азгырылып жатканын айтат.
"Кыргызстандыктар Сириядагы жарандары эртеби-кечпи мекенине кайтып келишинен чочулашат. Бул алар мигрант катары кыйынчылыксыз коңшу өлкөлөргө, анын ичинде Орусияга да кириши мүмкүн дегенди билдирет",- дейт баяндамачы.
Орусиялык "Россия-24" телеканалынын бул сюжетинен кийин өлкөбүздөгү социалдык тармактарда бир катар сындар айтылды. Аз өтпөй Кыргыз Республикасы тууралуу сюжеттин аталышы өзгөрдү. Башында "Кыргызстан ИГИЛ үчүн кадр даярдоочу жайга айланды" деген аталышта берилген иликтөө 1 күндөн кийин "ИГИЛдин террорчуларын кантип азгырышат: Атайын репортаж" деп өзгөртүлдү.
Орусиялык мамлекеттик телеканалдын
“кыргыз мигранттар визасыз кирип коркунуч жаратышат” деген билдирүүсү кадимки катардагы жарыя эмес. Коопсуздук чараларын күчөтүү максатында деген шылтоо менен Орусия Кыргызстан үчүн визалык режим киргизип койбойбу деп чочулагандар көбөйүүдө.