
Москва шаарында 29-февраль күнү үрөй учурган окуя болуп өттү. Өзбекстандан Орусияга келип бала багуучу болуп жүргөн
Гүлчехра Бобокулова аттуу аял 3,5 жаштагы
Анастасия аттуу оорукчан кыздын башын кесип алып көчөгө чыккан. Кесилген башты колуна алып булгалап,
“Аллаху Акбар” деп кыйкырып ары-бери басканын видеого тартып алгандар тасманы интернетке таратып жиберишти. Бобокулова өзүн террорист атап, кимдир бирөө жакындаса өзүн жардырып жиберерин айткан. Көп өтпөй полиция кызматкерлери Гүлчехра Бобокулованы кармап, камакка алды. Маалым болгондой, ал орус улутундагы
Мещеряковдордун үй-бүлөсүндө 3 жылдан бери бала багуучу болуп иштеп келген. Аны үй-бүлөдө баары жакшы көрүшчү. Кырсык болгон күнү Мещеряковдор улуу баласын алып, кичүүсүн бала багуучу менен калтырып чыгып кетишкен. Алар кетери менен Бобокулова кызды өлтүрүп, анын башын кызыл баштыкка салат да, үйгө өрт коюп чыгып кеткен. Кийин "Октябрьское поле" метростанциясына барып, жогоруда айтылган иштерди жасаган.
Бобокулова "жашы жете электи өлтүрүү", "мүлктү өрттөө" жана "террордук акт тууралуу жалган маалымат берүү" беренелери боюнча айыпталып жатат. Өзбекстанда Бобокулова жашаган аймактын өкүлдөрү ал психикалык жактан оорулуу болгонун, ар жылы жаз айында ооруканага жатып, шизофрения дарты боюнча дарыланып келгенин билдиришти.
Бала багуучунун окуясынан кийин Орусияда жалпы мигранттар үчүн кооптуу абал түзүлгөнү түшүнүктүү. Бул улутчул такырбаштарды да козутары бышык. Орусияда жашап жаткан кыргызстандык мигранттар учурда социалдык тармактар аркылуу бул окуядан кийин бири-бирин сак болууга чакырышууда. Аталган өлкөдө жашаган
Жылдыз Осмонова интернеттеги баракчасы аркылуу азыр жумуш берүүчүлөр психикалык жактан соо экендиги жөнүндө маалым кат сурап жатышканын билдирди. Ошондой эле Москвада полиция “Мигрант” деген аталышта рейд баштаганы белгилүү болду. Ал эми
Адилет Чилдебаев аттуу мекендешибиздин демилгеси менен жумушунан кеч чыккан кыз-келиндерди үйлөрүнө чейин узатып барчу ыктыярчы жигиттер тобу пайда болгону маалымдалууда.
Орусиялык бийликчил телеканалдар аталган окуя тууралуу маалымат беришкен жок. РБК басылмасы
“телеканалдарга жогору жактан бул окуяны чагылдырбоо сунушу түшкөн” деп жазды. Орусия президентинин маалымат катчысы
Дмитрий Песков:
“Телеканалдарга андай тапшырма берилген эмес. Акылынан азгандарды алар өздөрү эле туура түшүнүү менен көрсөтпөй жатышат. Биз мындай кадамды колдойбуз. Жана баарын бул окуяны курчутпоого чакырам”,- деди.