Рамзан Кадыров – түркүн пикир жараткан саясатчы. Ал инстаграмды активдүү колдонот, кинолорго тартылат, Владимир Путинди мактай берүүдөн тажабайт жана рэпер Тимати менен дос. Анан да Чечен Республикасынын башчысы. Айрымдар аны «диктатор» десе, кээ бирлер «тынчтык алып келген лидер» дешет. Деги Рамзан Кадыров ким?
«МЕНДЕ БАЛАЛЫК БОЛГОН ЭМЕС, КОЛУМА КУРАЛ КАРМАП ЧОҢОЮП КЕТТИМ»
«Путин – мен үчүн мыйзам!» деген сөздү өзүнө девиз кылып алган Рамзан Кадыров 1976-жылы чечен элинин беной уруусунун кадыр-барктуу өкүлү, Орусияга жихад жарыялап, кийин кайра Орусиянын жардамы менен президенттик такка келген Ахмат Кадыровдун үй-бүлөсүндө туулган.
Көпчүлүк балдардай эле Рамзан да Аяз атага ишенчү, бул тууралуу ал: «Мен чын дилимден Аяз атанын бар экенине ишенчүмүн, анан эле бир күнү Аяз атадан өзүбүздүн айылдашыбыз Абуну таанып калып аябай капа болгом»,- дейт.
Ал ушул жылдын 22-январында өткөн «Күчүбүз бирдикте» деп аталган тынчтык митингинде сүйлөп жатып «менде тыңгылыктуу балалык болгон эмес. Колума курал алып эле чоңоюп кеттим» деп билдирген.
Ооба, чынында эле 1992-жылы айылдык мектепти аяктаары менен Рамзан Ахматович атасына кошулуп, биринчи орус-чечен согушунда орус аскерлери менен согушуп баштаган. «Рамзан «биринчи орусту мен 16 жашымда эле өлтүргөм» деп айтты» деген сөздөрдү таркаткандар да чыккан. Бирок бул сөзгө Рамзан Кадыров ак да, көк да деген эмес.
ПУТИНДИН КОЛДООСУНА АРЗЫГАН КАДЫРОВ
1999-жылы Ахмат Кадыров уулу Рамзан менен өзүн Чечен Республикасынын президенти деп атап келген Аслан Масхадовго баш ийбей, ваххабизмге каршы экендигин билдиришип, орус бийлиги тарапка өтүп кеткен. Согуштан чарчап калган элдин арасында Масхадовго караганда Кадыровду колдогондор арбын болуп, аз өтпөй Ахмат Кадыров убактылуу администрацияны жетектей баштайт. 2003-жылы ал президент болуп шайлангандан кийин Рамзан Кадыров президенттик коргоо кызматынын башчысы болуп дайындалган. Бул аралыкта Рамзандын өмүрүнө 5 ирет кол салынып, бирок каршылаштарынын ойлору ордунан чыккан эмес.
2004-жылдын 9-майында майрамдык шаан-шөкөткө катышып жаткан президент Кадыров күчтүү жардыруудан эсине келбей каза табат. Террорчулар стадиондогу ал отуруучу жерге бомба коюп, өз максаттарына жетишет. 10-май күнү эле Рамзан Кадыров вице-премьер болуп дайындалган. Аз өтпөй өлкөнүн өкмөтү, Мамлекеттик кеңеши президент Путинге Кадыров президенттикке ат салышуусу үчүн мыйзамды өзгөртүп берүүнү суранып башташкан. Мыйзамга ылайык, президенттикке 30 жашка чыккан гана жаран ат салыша алмак, ал кезде Рамзан 28 жашта болчу. Бирок мыйзам өзгөртүлгөн эмес.
Ахмат Кадыровдун өлүмүнөн кийин Чеченстанда кош бийлик жүрүп баштаган болчу. Башкача айтканда, маркум президенттин уулу Рамзан Кадыров менен президенттик тактыда отурган Алу Алхановдо тымызын бийлик талаш бар болчу. Экөө бири-бирине түркүн сындарды жаадырып, Рамзан «Алхановдун командасын кууп чыгыш керек» дегенге чейин барган.
2007-жылдын февраль айында Алу Алханов капысынан отставкага кетүү боюнча арыз жазып, Путин Рамзан Кадыровду Чеченстандын президентинин милдетин аткаруучу кылып дайындайт. Ушул эле жылдын 2-мартында парламент президенттик орунга Рамзан Кадыровдун талапкерлигин жактырып, аз өтпөй Кадыровдун президенттик инаугурациясы өткөн.
ЧЕЧЕН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОЖОЮНУ
Жаңы шайланган президенттин келиши менен өлкөдө көптөн күткөн тынчтык орноп, согуш учурунда талкаланган имараттарды оңдоо, куруу иштери ылдам жүрө баштаган. Бир кезде тамтыгы кеткен өлкөдө заматта көп кабаттуу үйлөр курулуп, борбор калаа Грозный цивилизациялуу шаарга айланган. Бул убакта Орусиядан эбегейсиз акча бөлүнүп турган. Чеченстандын мамлекеттик бюджетинин 90 пайызы Москва тараптан толтурулчу.
Кадыровдун карапайым эл арасында кадыр-баркы жогорулаганын танып болбойт. Президент Путиндин колдоосуна ээ болгон Кадыров Чеченстандын толук кожоюнуна айланат. Бирок ошол эле учурда анын дарегине «адам укуктарын бузуп жатат», «жөнөкөй жарандар уурдалып өлтүрүлүүдө», «айрым адамдардын өлүмүн президент өзү ишке ашырган», «журналист Анна Политковскаянын, оппозициячыл саясатчы Борис Немцовдун өлүмүнө тиешеси бар» деген сын-пикирлер жаап жүрөт. Бирок Рамзан Ахматович алардын бирин да моюнуна албай келет.
2011-жылы Кадыров Чечен Республикасынын башчысы болуп, жөнөкөй тил менен айтканда, экинчи президенттик мөөнөтүн өтөп баштаган. Ал өзүн президент атоодон атайын мыйзам менен баш тарткан. «Өлкөдө бир эле президент болуш керек» дейт ал.
АЯБАЙ МАРТ, ЧЕКСИЗ РОМАНТИК РАМЗАН
Рамзан Кадыровдун учурда 9 баласы бар. 3 уул, 6 кыз. Кадыровдун 7 баласы өз канынан жаралгандар, 2 уулун болсо балдар үйүнөн багып алган. Улуу уулунун ысымын атасынын урматына Ахмат атаган. Жубайы Медни Кадырова 17, өзү 19 жашка чыкканда үйлөнүшкөн. Чеченстандын биринчи айымы хиджаб кийип, шарият жолунда жүргөн адам. «Рамзандын дагы 3 аял алууга мүмкүнчүлүгү бар. Дагы үйлөнөм десе макулмун» деп ЖМКларга берген маегинде айтып келет. Кадыровду жубайы «аябай март, чеги жок романтик» деп сыпаттаганы Орусиянын телеканалдарында байма-бай көрсөтүлгөн. Керек болсо бир ирет Рамзан Медни үчүн өзү барып тоо гүлдөрүн терип келген. Ал белек Медни үчүн аябай баалуу болгондуктан, азыр да көрүнүктүү жерде сакталып турат.
Рамзан Кадыровдун дагы башка аялдары бар экени айтылып келет. Бирок далилдер жок. Белгилүү алып баруучу Тина Канделаки менен жакын мамиледе деп дагы бир белгилүү айым Ксения Собчак айтып чыккан. Өзүнүн интернеттеги баракчасына Собчак: «Кыязы, Рамзан Кадыров менен Тина Канделаки Дубайда чогуу эс алышкан өңдүү» деп жазган. Бирок мында да жетиштүү далил жок.
АКТЁР ЖАНА ИНСТАГРАМ ЖЫЛДЫЗЫ
Рамзан Кадыров көпчүлүктүн көңүл чордонунда болгонду жакшы көрөт. Анын интернеттеги социалдык тармактарда активдүү колдонуучу болгону буга далил. Чеченстандын башчысынын инстаграмдагы баракчасына миңдеген адамдар жазылышкан. Өлкө башчысы ал жактан жай турмушу тууралуу да, мамлекеттик маселелер тууралуу да сөз козгоп турат. Баса, Кадыров белгилүү рэпер Тимати менен да ынак мамиледе. Интернетте Тимати экөөнүн рингде беттешкен видеосу да бар. Бул эле эмес, ал кыска метраждуу «Сыйкырдуу тарак» («Волшебный гребень») тасмасында жана курч сюжеттүү «Ким түшүнбөсө, ал түшүнөт» («Кто не понял, тот поймёт») фильминде башкы ролдорду жаратууга жетишти.
2016-жылдын 23-февралында оппозициячыл саясатчы Илья Яшин Рамзан Кадыровдун былыктарын ачыктаган докладын жарыялады. Бирок Кадыров Яшиндин докладын андан бир күн мурун интернеттеги баракчасына жарыялап туруп, «баягы эле интернеттеги ушактар» деген оюн билдирип койгон болчу. Яшиндин докладын кайдан алганы белгисиз. Кадыров муну өзү да айтпай койду. Анын интернет баракчасынан түрдүү багыттагы сүрөт, видеону көрсө болот. Бир ирет ал оппозициячыл саясатчы Михаил Касьяновдун бутага алынып турган видеосун жарыялап жиберген. Бирок инстаграмдын администрациясы ал видеону өчүрүп койгон. Муну оппозиция өкүлү коркутуу катары баалап, милицияга да кайрылган эле.
#РАМЗАНКЕТПЕ ДЕП ЖАТЫШАТ
Быйылкы жылдын 5-апрель күнү Кадыровдун мамлекет башчылык кылуу мөөнөтү аяктайт. Рамзан Ахматович кызматын тапшырып берүүгө даяр экенин айтууда. «Ысымымды менин элиме каршы колдонбош үчүн жетекчилик менин ордума башка адам тапса туура болот деген ойдомун» деген оюн айтты. «Мен президент Путиндин аскеримин. Ал кандай буйрук чыгарса, ошону аткарам. Кетиш керек болсо кетем, муктаждык болсо өлгөнгө деле даярмын» дейт ал. Буга катар ал коомчулуктан аны колдоп митинг уюштурбашын өтүндү. Ага карабай интернетте #рамзанкетпе (#рамзаннеуходи) хештеги менен флешмоб уюштурулуп, бир катар жарандар анын бийликте болуусун өтүнүшүүдө. Учурда Кадыров отставкага кетеби, кетпейби деген суроо дүйнөлүк маалымат булактарында негизги жаңылыктардан экени талашсыз. Саясат таануучулардын айрымдары «Кадыровду отставкага кетиргенге Орусия даяр эмес» десе, кээ бири «ал чындап эле кетиши мүмкүн, бирок анын ордун дагы бир кадыровчу басат» дешүүдө.
Ал эми Кадыров отставкага кеткен учурда үй-бүлөсү, балдары менен көбүрөөк убакыт өткөрүүнү пландап жатат. Анан да «мамлекетке кызмат кылууну улантабыз» дейт.
Мирлан Өмүралиев
koom@super.kg