Аялзаты адам баласынын алсыз бүтүндүгү катары калыптанып, бала төрөп, жашоону улап келет. Бирок азыр алар негизги милдеттери менен катар эркектер менен тең тайлаша заман жүгүн көтөрүп келишет. Бул ирет сиздер менен эч кимге жүгүн артпай, өз арабаларын сүйрөп жүргөн аялдар жөнүндө сөз кылабыз.
«МАКСАТ БАР, БИРОК АГА ЖЕТЧҮ ЖОЛ ЖОК»
Жаңылай Айтемирова 3 кызын өзү жалгыз чоңойтуп жаткан учуру. Айтымында, жолдошу «улам эле кыз төрөй бересиң» деп башка аялга кетип калган.
– Мен Баткен облусунан 1996-жылы Бишкекке келгем. Ата-энем, бир туугандарым менен келип, ушул жакта тиричилик кылып калдык. 2009-жылы турмушка чыккам. Эки жыл мурун жолдошум экөөбүз эки айрылыш жолго түштүк. «Кечке эле кыз төрөй бересиңби? Мен башканы таптым, ошого кетем» деп келиптир. Кийим-кечесин түйүп берип, чыгарып ийдим. Ортобузда 3 кыз бар. Улуусу 7ге чыкса, кичүүсү эки жарым жашта. Кичүү кызым 5 айлык кезинде төркүнүмө келдим. Ошондон бери 1 бөлмөлүү үйдө апам, атам, иним аялы менен, агам аялы, балдары менен, мен 3 кызым менен баш калкалап келебиз.
Чынын айтсам, алдыга койгон максаттар чоң болгону менен, ага жетиш үчүн бир да жол жок. Эртең менен туруп улуу кызымды окууга жөнөтүп, андан соң арабамды сүйрөп «Ош базарга» келем. Дүңүнөн саткан соодагерлерден курут, семичке, күлбото сатып алам дагы базардын айланасында орун которуп, суук болсо күнгө, ысыкта көлөкөгө жылып соода кылам. Жакшы дегенде күнүнө 500 сомго чейин, соода жок болгондо 200 сомдой пайда табам. Тапканыма үйдө тосуп алчу кыздарыма нан, печенье, сүт, анда-санда акчам жакшы болгон күндөрү колбаса алып барам. Максатым – үстүмдө үйүм болсо, 3 кызым менен өзүнчө жашасам... Бирок ушундай соода менен мага жакын арада үй буюрбаса керек.
«КЫЗДАРЫМДЫН ДЕН СООЛУГУН КУДАЙГА ТАПШЫРГАМ»
– Жөлөк пул? Жок, бир да кызыма эч жерден жөлөк пул албайм. Себеби бирөөсүнүн да туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок. Төрөлгөндүгү тууралуу маалым кат менен улуу кызымды мектепке киргизгем. Азыр ооруканага алып барганга дагы документтери жок болгондуктан, ден соолуктарына деле кайдигермин, башка эмне кылам? Кудайга тапшырам, Жараткан өзү сактасын. Анткени кичүү кызым кээде талмасы кармап, көгөрүп жатып калат. Биринчи жолу ушундай болгондо ооруканага алып барсам, башынын ичине жарабы же билбейм, бир нерсе өсүп кетиптир дешти. Дарылатайын дегенде эки көзүм төрт, кантейин эми, өлбөстүн күнүн көрүп, эптеп жан багып жатсак?!
Дагы жакшы, баш калкалатып жаткан агама, бир туугандарыма рахмат. Азыркы заманда 3 балаң менен эмес, жалгыз башыңды батырыш кыйын да. Бала болгондон кийин агамдын балдары менен менин кыздарым бир нерсе талашып урушат, чырдашат экен дегендей. Кыздарым ыйлап калса жеңемден ыйбаа кылып болуша албайм. Ичим ачышып кала берем. «Түтүнү бөлөктүн түйшүгү бөлөк» демекчи, менин абалым кимди тынчсыздандырмак эле? Агам айтып калат «өзүмдүн үйүмдү бүтүрүп алган соң сага да жер алып, үй салабыз» деп.
Муңайып отуруп калган Жаңылайдын жашын сурадым. «28демин» дейт. Жаш туруп ушундай түйшүк тарткан келинге боорум ачып, дагы келип турарымды айтып коштоштум. Кыжы-кыйма, бут коёрго жер жок көпчүлүктү аралап кетип баратып артымды бурулуп дагы карадым. Ал ушундай турмуш үчүн төрөлгөнсүп, жогорудагы тагдырдын бирин дагы башынан өткөрбөгөндөй, кардарларын жылмайып кабыл алып, соодалашып жатты...
«ЭКИ БАЛАМДЫ ЖАЛГЫЗ ӨСТҮРДҮМ»
Кезектеги каарманым дагы «ийгиликтерге жетүү үчүн оңой жолду баскан жокмун» дейт. Жамила Тойчубекова 60 жашта. Алыскы Жумгал районунун Эпкин айылында «Чынар» айыл чарба жана үрөнчүлүк кооперативин жетектейт. Пайгамбар жашына таяп калса да комбайн айдап буудай, арпа чабарын айтат.
– 1 кыз, 1 уулду жалгыз өстүрдүм. Жолдошум экөөбүз жаш кезде эле ажырашып кеткенбиз. Белди бекем бууп, балдарды багыш керек деген чечимге келип, жер иштетүүнү туура көрдүм. Чарба түзөйүн десем, «иштеткен жериңдин аянты 50 гектардай болушу шарт» дешти. Айыл өкмөттөн ижарага жер сурап барсам «аялдын колунан эмне иш келмек эле?» деп болбой койду. Ал учурда колумда бир да техника жок болчу да. Ошентип тырышып жүрүп 1996-жылы кооператив түздүм. 2000-жылы 1 миллион сом насыя алып, биринчи тракторду сатып алдык. Удаасынан дан эгип, түшүм аз берип калган жерге малга тоют айдап семиртип жатып насыядан кутулуп бүттүм. Эл мындайды күтпөсө керек. Кийин «сени күрөөгө койгон үйүңөн айрылып, талаада калат го дечүбүз» деген кишилер четтен чыкты го, тобо.
2007-жылы тобокелге салып 2 миллион сом насыя алып, ага комбайн сатып алдым. Ишим оңунан чыгып, экинчи насыямдан да кутулуп алдым. Бара-бара кооператив айыл чарбасына керектүү бардык техника менен камсыз болду. Эркектер менен аралашып жүрүп комбайн айдоону, кийин трактор башкарып, пресс-подборщик иштеткенди үйрөндүм. Чарбадагы балдар түшкү тамакка кетип же бошобой калышканда убакыттан уттурбайлы деп колго тийген техниканы айдап, буудай, арпа, чөп чаап талаага кетип калам.
«КЫРГЫЗДА 3 ООРУ БАР: АРАКЕЧТИК, ЖАЛКООЛУК, КӨРӨ АЛБАСТЫК»
– Мына ушул 3 оору бизди артка тартып жатат. 2014-жылы кооперативдин алкагында иштетип келе жаткан 50 гектар жерди айыл өкмөтү мыйзамсыз тартып алып койду. Жумгалда жер деген иштетилбей ээн жатат. Мен иштетип жаткан жерди эл иштетиши керек экен. Элге башка жер калбай калыптырбы? Керилген талааны жакшынакай иштетип жаткан адамдан алып койгондоруна түшүнө албай, азыр ошол жерлерди кайра алууга аракет жасап жүрөм.
2011-жылы чет өлкөлүк уюмдар каржылап, мени Египетке гүл өстүрүү боюнча семинарга жөнөтүштү. 15 күндүн ичинде алардын эмгекчилдигине таң берип келдим. Жеринин баары кум, таштак. Ал эми өстүргөн жемиштери апельсин баш болуп мен көрбөгөн өсүмдүктөргө чейин бар экен. Ошондо кыргыздын жерин элестетип бир чети сыймыктансам, бир чети элге нааразы болдум. Алардыкына салыштырмалуу биздин жердин топурагы талкан, суусу мүрөк турбайбы. Баркын билбейт экенбиз, темселеп чилче тарап, жерибизди чанып көрүнгөн жерде балдарыбыз тентип жүрөт. «Эр эмгегин жер жебейт» деген кепти такыр эле унутта калтыргандайбыз.
Жамила апа азыркы экономика, элдин учурдагы аң-сезими, дегеле заман-турмуш тууралуу ой толгоолорун айтып, бир топ жакшы ой-максаттарга таасирлентти. Ар кимибизде Жамила апаныкындай дымак, демилге, күч жана тобокелчилик болгондо тез эле өнүккөн өлкөнү курмак окшойбуз. Жоктон бар кылып турмушун түздөп, балдарын эч нерседен кем кылбай багып, заман жүгүн артынып алып иштеп жүргөн ушундай аялдарга таазим!
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg