Учурда шоу чөйрөсү дагы бир бактылуу түгөйлөр менен толукталганы турат. Ким дебейсизби? Жакында эле телеалпаруучу, диктор Мирзат Муканов менен «Супер сулуу-2013» сынагында «Сымбаттуу сулуу» наамын багындырган Айзуура Иманалиева кыз-жигит экенин ачыкка чыгарышты. Мирзат телеалпаруучу, ал эми Айзуура Гүлбү Ороскул кызы менен Элмирбек Иманалиевдин кызы. Мамилелери тууралуу Мирзат: «Айзуура экөөбүз бир жылдан бери кыз-жигитпиз. Буюрса, эмдиги жылы үйлөнөбүз деген жакшы пландар бар. Айзуура бардык тарабынан төп келишкен акылдуу, ажарлуу кыз. Кылган мамилеси, мүнөзү көңүлүмө туура келди. Көп мактабай турайын, болбосо үйлөнгүчө эле башыма чыгып албасын»,- деп тамаша аралаш жообун узатты. Эмне демекчибиз, эмки жылы эки жаштын үйлөнүү тоюна күбө бололу.