Кинорежиссёр Мирлан Абдыкалыковдун «Сүтак» көркөм тасмасы Орусиянын «Ника» кино сыйлыгына көрсөтүлдү. Аталган фильм «КМШ жана Балтия өлкөлөрүнүн мыкты тасмасы» наамында ат салышмакчы. Бул жагымдуу кабар тууралуу режиссёр: «Сүтак» – менин алгачкы толук метраждуу көркөм тасмам. Азырынча бул эмгегим жолдуу болуп, фестивалдардан куру кайта элекпиз. «Никага» көрсөтүлгөнүн жакында гана билдиришти. «Сүтак» тасмасы сыйлыкты алып калса деп тилек кылып жатам»,- дейт.