2015-жылдын 9-октябрындагы инстаграмдын расмий сайтынын иликтөөсүндө актриса жана модель Ким Кардашьян 45 миллион окурманы менен алдыга чыккан. Кыргызстанда күлкү жараткан кыска видео тасмалары менен таанымал Элдана Сатыбалдиева аттуу колдонуучунун окурманы 500 миңди чапчыган. Ал эми кыргыз шоу чөйрөсүндө атактуулардын арасында бул тармакта 134 миң окурманы менен ырчы Анжелика, 108 миң менен Аяна Касымова, 98 миңден ашуун окурманы менен Мирбек Атабеков, 94 миңдей колдонуучусу бар Мирбек Атабековдун жубайы Мээрим Төлепберген турат. Инстаграмга сүрөт, видео гана жүктөбөстөн, жарнама жайгаштырып акча тапкандар да бар.
Айымжан Айылчиева: “ИНСТАГРАМДЫ АКЧА ТАБУУ ҮЧҮН КОЛДОНБОЙМ”
Катталганына 1 жылдан ашты
Окурмандары – 95 000
Нурлан Насип: “БАРАКЧАҢДЫ 800 ДОЛЛАРГА САТПАЙСЫҢБЫ ДЕШКЕН”
– Инстаграмды чыгармачылыгым үчүн гана пайдаланам. Бул жеке баракчам болгондуктан тааныштарымдын, чыгармачылыктагы досторумдун концерттеринин жарыяларын бөлүшүп турам. Концерт, интервьюларымдан видео-селфи кылып күйөрмандарым менен бөлүшүп турганым болбосо, инстаграм үчүн атайын сүрөт, видеого деле түшпөйм. Окурмандарымдын саны
50 миң учурунда “800 долларга сатпайсыңбы?” деп сунуштагандар болгон.
Катталганына 1 жыл болду
Окурмандары – 91 000ден ашуун
Айкөл Аликжанова, актриса, модель: “ТОВАР ЖАКСА БАРАКЧАМА ЖАЙГАШТЫРАМ”
– Баракчама күнүнө 200дөн 500гө чейин адам кошулуп турат. “Сатпайсыңбы?” дегендерге каршы болом. Анткени баракчама башымдан өткөн окуяларды жазам. Ал жерде менин эмоциям, бактылуу учурларым жазылат. Мындай нерсени сатпаш керек. Жарнамаларын жайгаштырып берчи дегендердин кызматы же товары жакса, баракчама жайгаштырууга макул болом.
2014-жылы жазында катталган
Окурмандары – 90 000
Омар: “КАНЧА ОКУРМАНЫМ БАР ЭКЕНИН ЖАКЫНДА БИЛДИМ”
– Баракчама сүрөт, видеолорду жүктөп, кесиптештеримдин концерттерин жарыялап турам. Мындан сырткары жардамга муктаж болгон адамдардын кайрылууларын жарыялап берем. Канча адам кошулуп жатат, канча адам жазылды маани бербейм. Үч-төрт ай мурун тааныштарым “баракчаңа жазылган адамдардын саны 50 миң болуптур” дешти. Аны кайсы жеринен караарын да билбейт экем. “Сат же жарнама жайгаштырып бер” деп кайрылгандар болот. Баракчаны бизнес кылыш үчүн ачпагандыктан кызыкпайм. 2014-жылы жазында катталган
Окурмандары – 90 000
Эрнист Сыдыков, клипмейкер: “БАРАКЧАМДЫ 700 ДОЛЛАРГА САТКАМ”
– Мен азыр экинчи баракчамды колдонуп жатам. Биринчисин 36 миңден ашуун окурманы менен 700 долларга сатып жибергем. Азыр деле күнүнө 100дөн ашуун адам кошулуп жатат. Айрымдар атайын программалар аркылуу кишилеринин санын көбөйтүшөт экен. Антип көбөйтөйүн деп жан үрөбөйм. Жөн гана жумуштарымды баракчама илип, клиптерге сынактар болсо жарыялап турам.
Катталганына 1 жыл болду
Окурмандары – 13 000
МЫНДАН СЫРТКАРЫ...
Асел Кадырбекова – 85 300
Сайкал Садыбакасова – 82 200
Гүлжигит Калыков – 79 200
Чолпонай – 64 300
Арсен – 59 000
Назгүл Токтакунова – 58 000
Малика – 57 000
Неля – 51 000
Дайыр Исмадияров – 45 600
Бегиш – 41 500
Эмил Эсеналиев – 36 300
Самат Эркинбек уулу – 36 000
Каныкей – 33 600
Атай Өмүрзаков – 34 000
Нурзат Токтосунова – 32 000
Учурда дүйнөгө белгилүү атактуулардын айрымдарынын баракчасындагы катталгандардын саны бир мамлекеттин калкынын санынан көп.
Ким Кардашьян – 60 миллиондон ашуун
Бейонсе – 60 миллиондон ашуун
Жастин Бибер – 60 миллион
Криштиану Роналду – 50 миллион
Лионель Месси – 38 миллион
Ирина Шейк – 5 миллион
Леонардо Ди Каприо – 4 миллиондон ашуун
Тимати – 4 миллион
Бурак Өзчивит – 3 миллион
Мерьем Узерли – 1 миллиондон ашуун
Баян Есентаева – 1 миллиондон ашуун
Ли Мин Хо – 1 миллиондон ашуун
Кайрат Нуртас – 958 000
Султан Төрөбеков
star@super.kg